Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Баткен облусунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын алты социалдык демилгеси ишке ашырылат

2024-07-05 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Баткен облусунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын алты социалдык демилгеси ишке ашырылат

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөк-төштүгү өткөргөн конкурстун алкагында ко-миссиянын мүчөлөрү социалдык маанилүү демилгелерди аныкташты. 2024-жылдын жазында Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын арасында мыкты социалдык демилгеге жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылды. Конкурс 2021-жылдын апрелинде 30% гендердик квота боюнча облустун жергиликтүү кеңештерине өткөн аял депутаттарды колдоо максатында жарыяланган. Конкурсту Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА)  КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) менен биргеликте уюштурду.

Конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун (макулдашуу боюнча), Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өкүлдөрү кирди.

Конкурстун алдында аял депутаттар жергиликтүү кеңештин  ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери маселелери боюнча окуудан өтүп, ментордук коштоого ээ болушту. 2024-жылдын февралында Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин 80ден ашуун аял депутаты жергиликтүү кеңештин ишинин укуктук жана уюштуруучулук маселелери боюнча эки күндүк окуу курсунан өтүштү. Курстар 30 пайыздык гендердик квота  боюнча кеңешке өткөн жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын максаттуу колдоону ишке ашыруу үчүн уюштурулду. Курстарды Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) КР Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (БШК) менен биргеликте уюштурду. Бул кызматташтык Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” Программасынын алкагында 2024-жылдын февралынан бери ишке ашырылып келатат. Баткен шаарында Баткен районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары үчүн; Раззаков шаарында Лейлек районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары үчүн; Кадамжай шаарында Кадамжай районунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттары үчүн жалпысынан эки күндүк 3 курс өткөрүлдү.

«“Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери” деп аталган окуу курстары жергиликтүү кеңештин аял депутаттарынын кесиптик көндүмдөрүн жана билимин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Бул курстарда депутаттар ишин натыйжалуу уюштурганды үйрөнүп, өзүнүн негизги ченем жаратуу, көзөмөлдөө жана өкүлчүлүк функцияларын аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери чөйрөсүндө дараметин жогорулатып, жергиликтүү кеңештин компетенциялары, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу, жергиликтүү кеңештин регламенти, жергиликтүү кеңештин ишин пландаштыруу, ченем жаратуу процесси жана жергиликтүү бюджетти түзүүнүн аспаптары, шайлоочулар менен байланыш түзүү жана отчеттуулук тууралуу билимин тереңдете алышты”, – деди БАЖБАнын Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун тренери, ментору Салия АКУЛОВА.

“Жергиликтүү кеңешке биринчи жолу шайланган аял депутаттардын айтымында, жыл башында өткөрүлгөн окуу курстары абдан пайдалуу болду. Себеби, жергиликтүү кеңештин уюштуруучулук жана укуктук маселелери менен катар эле алар Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы менен да таанышып чыгышты. Тренингдерден кийин алар үчүн вебинарларды өткөрүү каралып, 2024-жылдын сентябрына чейин социалдык жактан маанилүү жамааттык долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашыруу процессинде ментордук коштоо камсыз кылынган. Эң натыйжалуу демилгелер Программадан конкурс аркылуу 130 000 сомго чейинки гранттык каражаттарды алышты”, –  деди Өнөктөштүк Программасынын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА.

Конкурска Баткен облусунун жергиликтүү кеңештеринин аял депутаттарынын топторунан критерийлерге жана талаптарга жооп берген 14 демилге түшкөн. Комиссиянын чечимине ылайык, конкурста 1-таблицада берилген өтүнмөлөр жеңип чыкты.

1-таблица. Квота боюнча кеңешке өткөн Баткен облусунун аял депутаттары арасында мыкты социалдык демилгеге жарыяланган конкурста жеңүүчү болгон демилгелердин тизмеси

“Түшкөн демилгелер айылдык аймактарда жашаган балдардын жана жаштардын эс алуусун уюштуруу, маданиятты жана билим берүүнү өнүктүрүү, айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин техникалык жабдуусун жакшыртуу, КТБда күтүп жаткандарга шарттарды түзүү аркылуу сергек жашоо образын колдоого багытталган. Комиссиянын мүчөлөрүнөн акыйкат баа алуу үчүн демилгенин авторлору коддорго “жашырылып”, ал эми алардын упайлары жалпыланган. Колдоого ээ болгон демилгелер энелердин жана жалпысынан эле аялдардын ден соолугун жакшыртууга жана колдоого багытталган. Мисалы, демилгени ишке ашыруунун алкагында Лейлек районунун Катран айылдык аймагында жергиликтүү фитнес-клуб үчүн спорттук шаймандарды сатып алуу пландалып жатат. Алсак: чуркоо үчүн машыктыргыч, велотренажер, гантелдер, гимнастикалык килемчелер, 3 функцияны аткарган турниктер, эспандерлер, обручтар – бул шаймандардын баары сергек жашоого умтулуп, машыгууну каалагандар үчүн өтө керек. Аял депутаттардын демилгелүү тобу өздөрү 15 миң сом каражат чогултуп чыкса, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Бул демилгени ишке ашыруунун жалпы баасы 165 миң сомду түзүп, анын ичинен конкурстук фонддон 130 миң сом суратылган. Демилгенин авторлору аны ишке ашырып, колдонууга берилгенден кийин да туруктуу улана беришине кам көрүштү – коммуналдык чыгымдарга жана шаймандарга кам көрүүгө кетчү чыгашаларды жабуу булактары аныкталды”, – деди гранттар боюнча консультант Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Байгелердин арасында таштанды контейнерлерин сатып алып, Тогуз-Булак аймагында орнотуу менен айылдагы маданияттын деңгээлин көтөрүүгө, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана балдардын сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн жакшыртууга, Кыштут муниципалитетинен проекторлорду сатып алуу аркылуу балдардын сабак өтүүсүн жана үйрөнгөндөрүн өздөштүрүүсүн жакшыртууга, Лейлек муниципалитетиндеги сабактын темасына ылайык окутуу программаларын киргизүү үчүн мектеп жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери үчүн телевизорлорду сатып алууга багытталган демилгелер да бар. 

“Практика көрсөткөндөй, мындай социалдык демилгелерди көбүнчө жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары же элеттик активист аялдар көтөрүп жатышат. Аялдар менен энелер, кыз-келиндер, балдар жана өспүрүмдөр үчүн жеринде шарт түзүүнү адатта дал ушул аял депутаттар демилгелеп чыгышат. Эркек депутаттар инфраструктурага жана масштабы чоңураак нерселерге көбүрөөк көңүл бурушат, ошол эле учурда аялдар, балдар жана улгайган адамдар муктаж болгон кадыресе шарттар жана ыңгайлуулуктар тууралуу унутуп калышат. Депутат болгондон кийин аялдар бул боштукту толтурууга аракет кылып келишет. Демилгелер менен таанышып чыгуу маалында Авиценнанын сөздөрү эсибизге түштү: “Ден соолукту сактоо режиминде эң негизгиси – бул физикалык көнүгүүлөр, андан кийин гана тамактануу жана уйку режими бар”. Бул ойду “Эс алуу борбору – ден соолуктун жана жакшы маанайдын булагы” деген демилге да тастыктап турат. Демилгени “Энелер – тынчтык тиреги” тобу көтөрүп чыккан. Бул топко кирген аялдар өсүп келе жаткан муундун ден соолугуна жана алардын бош убактысын туура өткөрүүсүнө кам көрүшкөн. Көрсө, айылда бош убакытты пайдалуу өткөрүүгө эч кандай шарттар жок экен (жада калса оюн аянтчасы да жок), ал эми айылдын жанынан агымы катуу дарыя өтөт, бул жерде жайкысын балдар сууга түшүп, убакыт өткөрүшөт. Бирок бул жерде сууга түшүү кооптуу. Ушул себептен улам алардын көбү пенсия курагындагы чоң ата, чоң энелери менен үйдө эртеден кечке телефонду тиктеп отурушат, бул болсо алардын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө. Бул көйгөйдү чечүү үчүн аял депутаттар айылдагы сейил бакта оюн аянтчасын ачуу демилгесин көтөрүштү. Бул аянтчада селкинчектер жана кумкоргондор, спорттук турниктер жана дөңсөлөр болот. Бул демилгени ишке ашыруунун жалпы суммасы 213 600 сомду түзөт, анын 83 600 сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт, ал эми демилгени туруктуу уланта берүү үчүн жоопкерчиликти да ЖӨБ органдары өз мойнуна алышты”, – деди комиссиянын мүчөсү Джамиля АРБАНАЛИЕВА.

Конкурстун Жобосуна ылайык, тандалып алынган бардык демилгелер 2024-жылдын октябрь айына чейин ишке ашырылышы керек.

Окшош материалы: