Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ачык Бишкек

2024-08-27 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Ачык Бишкек

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 22-майында Бишкекте “Ачык Бишкек” жумушчу комитетинин (мындан ары – Комитет) OGP Local платформасынын алдындагы милдеттенмелерин аткаруусу боюнча ачык отурум өттү1. Иш-чара “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институтунун колдоосу менен өткөрүлдү.

Бул Комитеттин Шаарды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги жоюлгандан кийинки биринчи отуруму болду. Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 21-ноябрындагы №251 “Бишкек шаарынын мэриясын кайра уюштуруу жөнүндө” токтомунун кабыл алынышына байланыштуу, жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын натыйжасында Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттиги жоюлган. Бишкек шаарынын биринчи вице-мэринин тапшырмасы менен OGP Local боюнча ишти улантуу чечими кабыл алынды. Мэрия процессти башкарууну Бишкек шаарынын мэриясынын Борбордук аппаратынын Шаарды өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубанычбек КУДАБАЕВге тапшырган: “Ачык Бишкектин” жумушчу комитети конкурска түшкөн шаардык демилгелерди ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын аткарууну уланта бермекчи, бирок демилгелер бардык тараптар менен макулдашылышы керектигин белгилей кетейин, ал эми мэрия бул демилгелер шаардыктар үчүн чындап актуалдуу болгонун, аларга муктаждык бар экенин эске алуу менен кабыл алышы керек. Өткөн жылы биз түшкөн демилгелерди талкуулоо үчүн бир нече жолу жолукканбыз, бирок тандоо процессин жыйынтыктаган эмеспиз. Ошондо биз баарыбыз бул демилгелер сөзсүз эле масштабдуу болбошу керек, бирок алар коомго пайдалуу болуп, кыска убакыттын ичинде ишке ашырылганы маанилүү экенине макул болгонбуз”.

“ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ “Ачык Бишкек” жумушчу Комитетинин бүгүнкү күнгө чейин жасаган иштери тууралуу кыскача айтып берип, акыркы отурумдун жыйынтыгын жарыялады.

ӨСИнин консультанты Бакыт САТЫБЕКОВ отурумдун катышуучуларына 2024-2025-жылдарга Иш-аракеттер планынын долбоору менен тааныштырып, 2023-жылдын декабрь айынын этегинде тандалып алынган демилгелердин чоо-жайына токтолду2. Тактап айтканда, ал “Ачык Бишкек” Планын ишке ашырууда демилгелерге (милдеттенмелерге) жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү колдоо көрсөтөөрүн айтып, мөөнөттөрдү жана жооптуу тараптарды аныктоону сунуштады:  

  • “Жарандык катышуу фонду” КФ: Шаардыктардын даттанууларын жана кайрылууларын пайдаланып, калааны өнүктүрүүнү пландоодо тургундардын керектөөлөрүн эсепке алуу аркылуу “Шаарды өнүктүрүүнү кыска/орто мөөнөттүү пландоодо шаардыктардын катышуусун жогорулатуу” демилгеси,
  • “Социум” коомунда адамды социалдык өнүктүрүү жана адаптациялоо боюнча коомдук фонд жана «“Арча” демилгеси» КФ: демилге: муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүдө шаардыктардын жардамы менен коррупцияны токтотуу үчүн шаардык жер ресурстарын башкаруунун ачыктыгын күчөтүү аркылуу “Жер участокторун башкаруу жана жерди пайдалануу маселелеринде коррупцияга каршы туруу үчүн, ошондой эле пландаштырылган шаар куруу долбоорлорун талкуулоо үчүн диалог платформасын түзүү”.

Процесстин жооптуу тараптарын жана катышуучуларын аныктоо бөлүгүндө “Ачык Бишкек” комитетинин, “Аялдардын демократиялык тармагы” коомдук фондунун мүчөсү Кулжан БАЙБЕТОВА шаардыктардын мыйзамдуу өкүлдөрү катары шаардык кеңештин депутаттарын процесске тартуу зарылдыгына көңүл бурду.

Кеңешменин коногу – “Аракет” долбоорунун3 жетекчиси Александр МИХАЙЛОВ Болгариянын борбору Софиядагы иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, процессти ашыкча татаалдаштыруудан качуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Сунуштарды талкуулап жаткан маалда мобилдик тиркемелерди колдонуу маселеси көтөрүлдү. Бул тиркемелер шаар тургундарына калаанын көчөлөрүндөгү таштанды таштоочу жайларга каршы күрөшүүгө, ошондой эле коомдук жайлардагы эреже бузууларды жоюуга жардам берүүдө. Кубанычбек КУДАБАЕВ Бишкек шаарынын мэриясынын “Санариптик технологиялар борбору” МИ иштеп чыккан “Менин шаарым”  тиркемеси бар экенин эске салып, бул тиркемени да милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшүндө ишке киргизүүнү сунуштады. 

Кеңешменин катышуучулары профилдик адистердин, анын ичинде “Менин шаарым” мобилдик тиркемесин иштеп чыгуучулардын катышуусу менен маселелерди чечүү үчүн техникалык жолугушуу өткөрүү чечимин кабыл алышты. 

“Жерди башкаруу жана жерди пайдалануу маселелеринде, ошондой эле пландалып жаткан шаар куруу долбоорлорунда коррупцияга каршы туруу үчүн диалог аянтчаларын түзүү” деп аталган экинчи демилге кызуу талкууланды. Кубанычбек КУДАБАЕВдин баамында, жер маселелери жана жерди пайдалануу боюнча адистерден жана эксперттерден турган жер маселелери боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Муниципалдык жерге жана жерди пайдаланууга байланыштуу бардык маселелер ушул комиссиянын отурумдарында талкууланып, чечилип келатат. Бирок отурумдун катышуучулары жана демилгечилери бул платформа/аянтча идеяларды, сунуштарды талкуулоо үчүн колдонуларын, ал эми акыркы чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кабыл алаарын айтышты.

“Бүгүн биз учурда жасалып жаткан иш-аракеттерди жана биргелешкен кадамдарыбызды карап чыктык. Тактап айтканда, түшүп жаткан шаардык демилгелерди кайрадан карап чыгып, алардын актуалдуулугун, ишке ашыруунун болжолдуу мөөнөттөрүн жана жооптуу тараптарды талкууладык. OGP Local боюнча биздин өнөктөштөрүбүз – Бишкек мэриясы ишти улантып жатканы кубандырат. Ошондой эле бул демилгеге Ош шаарынын мэриясы да кошулганын маалымдайм. 21-майда Ош шаарында таанышуу максатында жолугушуу өттү. Ошто жана Бишкекте шаарларды жана алардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган жана жарандар үчүн кандайдыр бир маанилүү демилгелер ишке ашырылат, бул мамлекеттик органдардын жарандык коом менен өз ара байланышын бекемдейт деп ишенем. Бул платформада биз жаңы идеяларды, заманбап аспаптарды жана жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүнүн механизмдерин жарандар менен биргеликте талкуулап, муниципалитеттерди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашып турабыз, бул платформанын негизги баалуулугу дал ушунда”, – деди Өнөктөштүк программасынын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА.

 

___________

1 OGP Local – бул эл аралык платформа, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте жергиликтүү жамааттын маселелерин чечүүдө ачыктыктын, айкындуулуктун жана жарандардын катышуусунун идеяларын, аспаптарын жана механизмдерин киргизип, тажрыйба алмашып турушат. Бишкек шаарынын мэриясы 2023-жылдан бери OGP Local платформасынын мүчөсү болуп саналат жана ӨСИ менен биргеликте өзүнө алган милдеттенмени аткарууда. Толук маалымат алуу үчүн: https://www.opengovpartnership.org/ogp-local/

2 Демилгелер жөнүндө толугураак маалымат: http://municipalitet.kg/ru/article/full/3424.html 

3 “АРАКЕТ – Кыргызстандын жаңы конуштарындагы жашоону жакшыртуу үчүн” долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин (SDC), Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен “GFA Consulting Group GmbH” компаниясы ишке ашырууда. Толук маалымат алуу үчүн: https://rce.kg/project/proekt-araket-za-uluchshenie-zhizni-v-novostrojkah-kyrgyzstana/  

Окшош материалы: