Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун жарыялайт

2024-08-28 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк (мындан ары – Өнөктөштүк) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (КР ФМ) менен биргеликте “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун (Конкурс) жарыялайт.

“ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЖАМААТ ҮЧҮН ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТ”
КОНКУРСУ

2025-ЖЫЛГА БЮДЖЕТТИН ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУЛАР

Конкурстун максаты жана милдеттери

Конкурстун негизги максаты – жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүн эсепке алууну камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого жарандарды тартуу аркылуу жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө ЖӨБ органдарынын мыкты тажрыйбаларын аныктоо жана андан ары жайылтуу.

Конкурстун максаттары:

  • жарандардын бюджеттик процесске катышуусу жөнүндө конституциялык принципти масштабдуу сактоого көмөктөшүү (КР Конституциясынын 37-беренесинин 6-бөлүгү);
  • калктын реалдуу керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин каражаттарын пландоо, бөлүштүрүү жана натыйжалуу башкаруу көндүмдөрүн бекемдөөгө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөктөшүү;
  • шаарларга/айыл өкмөттөрүнө өз бюджетинин долбоорун мүмкүн болушунча реалдуу түзүүгө шыктандыруу жана ушундай каалоосуна колдоо көрсөтүү;
  • ЖӨБ органдарынын калк алдындагы ачык-айкындуулук жана отчеттуулук деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө реалдуу катышкан жарандардын санын көбөйтүүгө көмөктөшүү;
  • жергиликтүү бюджеттерди өнүктүрүүнү пландаштырууда жана түзүүдө ЖӨБ органдарынын гендердик аяр мамилесин калыптандырууга көмөктөшүү;
  • ЖӨБ органдарын IT технологиялары менен калкты маалымдоонун инновациялык аспаптарын пайдаланууга шыктандыруу.

Конкурстун катышуучулары

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларды 2024-жылдын май-август айларында өткөргөн Кыргыз Республикасынын ЖӨБдүн бардык аткаруу органдары конкурстун катышуучулары боло алышат.

Конкурска катышуу үчүн ЖӨБ органдары ушул Жободо белгиленген тартипте өтүнмө жиберүүгө тийиш.

Тандоо критерийлери

Өтүнмөлөр анын мазмунунун сапатына жана тиркелген материалдарга жараша бааланат.

Жеңүүчүлөр төмөнкү критерийлерге ылайык аныкталат.

Коомдук угууларга чейин жана андан кийин өткөрүлгөн маалыматтык иш-чаралардын сапаты (20%)

Алдыда болчу угуулар жөнүндө жарандарды маалымдоо механизмдеринин санына жана түрүнө көңүл бурулат. Жарандар бюджеттин долбоору жөнүндө алдын ала маалымат алып, бул финансылык маалыматты түшүнүп, угуулар учурунда өз суроолорун жана сунуштарын бере алганы маанилүү маселе болуп саналат.

Жарандар угуулардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга тийиш. Угууларда айтылган бардык пикирлерди жана сунуштарды бюджетке киргизүү мүмкүн эместиги талашсыз. Бирок калк эмне үчүн алардын пикирлери эске алынбаганы тууралуу түшундүрмө алышы керек. Кайтарым байланыштын сапаты жарандарга алардын пикирлери эмне үчүн киргизилгени же, тескерисинче, кошулбай калганы тууралуу канча жана кандайча түшүндүрмө берилгенине жараша бааланат.

Колдонулган механизмдердин санына жана түрүнө көңүл бурулат. Эң жогорку балл механизмдердин эң көп санын пайдаланган ЖӨБ органдарына ыйгарылат.

Жарандардын коомдук угууларга катышуусу жана шаардын/айылдык аймактын аймагын камтуу (20%)

Адатта муниципалитеттер угууларды шаардын борборунда/айылдык аймактардын борбордук айылдарында өткөрүшөт. Ошол эле учурда шаардын/айылдардын алыскы бөлүктөрүнүн жашоочулары адатта обочодо кала беришет. Угууларды уюштуруучулар иш-чаранын катышуучуларынын санына гана эмес, ошондой эле бюджеттик процесске шаардын/айылдык аймактардын ар кайсы бөлүктөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылууга көңүл бурушу керек. Процесске калктын бардык социалдык катмарынын катышуусун камсыз кылып, гендердик тең салмактуулукту сактоо да ЖӨБ органдарынын милдетине кирет. Мындан улам конкурстук комиссия өтүнмөлөрдү баалап жатып, угууларды өткөрүүдө тең салмактуулуктун сакталышына артыкчылык берет.

Гендердик тең салмактуулукту сактоо (коомдук угууларда эркектер менен аялдардын катышуусу үчүн бирдей шарттарды түзүү (15%)

ЖӨБ органдары аялдардын да, эркектердин да (бир жыныстагы адамдардын 30 пайыздан кем эмеси) угууларга катышуусун камсыз кылуу үчүн чараларды көрүүгө тийиш. ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жарандардын катышуусун камсыз кылуу менен, мыйзамдарда бекитилген кепилдиктер жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түздөн-түз катышуусунун формалары аркылуу катышуучулардын курамынын гендердик тең салмактуулугун сактоого тийиш. Жергиликтүү калкты тартуу, б.а. гендердик өңүттөрдү эске алуу менен угууларды уюштуруу жана өткөрүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун белгилеринин бири болуп саналат жана жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүүсү анын жыйынтыктарына жараша болот. ЖӨБ органдары угууларды даярдоодо жана өткөрүүдө төмөнкү принциптерди сактоого тийиш:

  • Чакырылып жаткан адамдардын гендердик тең салмактуулугу сакталган тизмени даярдоо;
  • Белгиленген убакытта адамдар күнүмдүк тиричилик менен алек болоорун эске алып, көпчүлүк үчүн ыңгайлуу болчу убакытты жана жерди тандап алуу;
  • Иш-чарада эркектердин да, аялдардын да сүйлөй алуусуна шарт түзүү;
  • Кеңири маалыматтык өнөктүк өткөрүлүп, эркектерге да, аялдарга да маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу.

ЖӨБ органдары аялдардын керектөөлөрү бюджетте эске алынышы үчүн чараларды көрүүгө тийиш. Жергиликтүү бюджетти түзүүдө ЖӨБ органдары гендердик тең салмактуулукка көңүл бурушу керек. Конкурстук өтүнмөлөрдү баалоодо негизги көңүл ЖӨБ органдары аялдардын, калктын аярлуу катмарынын артыкчылыктарын аныктоо максатында өткөргөн иш-чараларга бурулат. ЖӨБ органдары үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды каржылоону кошо алганда, аялдардын артыкчылыктарын чечүү үчүн бюджеттин долбоорунда финансылык ресурстарды мүмкүнчүлүккө жараша караштырганы маанилүү.

Бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүгү жана сапаты (15%)

Жамаат үчүн өзгөчө маанилүү объектилер жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча пландаштырылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматты толук ачуунун деңгээли бааланат. Атайын даярдыгы жок адамдар түшүнө алышы үчүн бюджет жөнүндө маалымат жеткиликтүү болууга тийиш. Муниципалитеттин презентациясында бюджет жөнүндө маалымат канчалык жеткиликтүү жана түшүнүктүү болсо, темадан тышкары суроолор ошончолук аз болот. Эгерде бюджеттин кайсы бир беренеси 10 пайыздан ашык көрсөткүчкө көбөйсө (же азайып жатса), анда презентацияда тиешелүү түшүндүрмө берилиши керек.

Ошондой эле конкурстун катышуучулары бюджеттин долбоору боюнча жергиликтүү жамааттын жарандык бюджетин түзүүгө тийиш. КР Финансы министрлигинин веб-сайтында жайгашкан жергиликтүү бюджеттин долбоорлору боюнча жарандык бюджетти http://gb.minfin.kg сайтында жайгашкан WEB-тиркемени колдонуу менен түзсө болот. Жарандык бюджет  киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө маалымат канчалык толук жана туура берилгендигине жараша бааланат. Жарандык бюджетти ЖӨБ органынын расмий сайтына жайгаштыруу артыкчылык болуп саналат.

2025-жылга бюджеттин долбоору боюнча Жарандык бюджет төмөнкү негизги маалыматтарды камтышы керек:

  • ушул жылга карата шаар/айылдык аймак жөнүндө жалпы маалымат;
  • ушул жылга карата шаардын/айылдык аймактын калкынын саны;
  • кийинки жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын негизги артыкчылыктары;
  • инфографика түрүндө кийинки жылдын киреше долбоорлору (2025) жана ушул жылга бекитилген кирешелер (2024);
  • инфографика түрүндө салыктык (жергиликтүү жана жалпы мамлекеттик салыктар), салыктык эмес түшүүлөр жана трансферттер сыяктуу түшүүлөрдүн негизги булактары боюнча кийинки жылга бюджеттин кирешелеринин долбоорлору;
  • инфографика түрүндө функциялар жана экономикалык беренелер боюнча кийинки жылга чыгымдардын долбоорлору (2025);
  • кийинки жылга бюджеттен тышкаркы инвестициялар.

Аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы менен жергиликтүү бюджеттин ортосундагы байланыш (10%)

Ар бир ЖӨБ органынын функциялары жана ыйгарым укуктары бар, анын ичинде жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында аймактарды өнүктүрүүгө багытталган жергиликтүү программаларды ишке ашыруу боюнча милдеттенмелери да бар. Аймактардын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программалары же жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, калкты жергиликтүү өз алдынча башкарууга тартуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш пландарын баяндаган башка документтер ушундай документтердин катарына кирет. Бул пландарды ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттардын керектөөлөрүнүн негизинде иштеп чыгышат. Өнүктүрүү пландарынын максаттары жана милдеттери жамааттардын чыныгы муктаждыктарына жооп бериши үчүн Кыргыз Республикасынын көптөгөн муниципалитеттеринде ЖӨБ органдары жамааттын муктаждыктарын аныктоо сессияларын, фокус-топторду, жыйындарды, анкеталарды ж.б. өткөрүп келишүүдө. Калктын муктаждыктары аныкталганын ырастаган документтерди (жыйындардын, ЖМБАлардын, фокус-топтордун протоколдорун жана катышуучулардын тизмелеринин көчүрмөлөрүн) берүүнү өтүнөбүз.

Жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча жарандардын пикиринин/сунуштарынын тийгизген таасиринин даражасы (20%)

Конкурстун катышуучулары бюджеттин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизе алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша бааланат, бул өзгөрүүлөр калктын пикирлеринин/сунуштарынын негизинде киргизилүүгө тийиш. ЖӨБ органдары бюджеттин долбоору жарандардын пикирлерине/сунуштарына ылайык кандайча өзгөргөнүн көрсөтүп, бюджеттик каражаттар кандайча кайра бөлүштүрүлгөнүн, көбөйгөнүн же азайганын көрсөтүп турушу керек. Эгерде бюджет калктын пикирлерине/сунуштарына ылайык өзгөртүлгөн болсо, анда өзгөртүүлөр белгиленип көрсөтүлүп, кайра каралып чыккан бюджеттин көчүрмөсү берилиши керек. Өзгөртүүлөр кайсы бир нерсеге кошумча каражат бөлүү менен көрсөтүлбөсө да болот. Бул максаттуу пайдалануу тууралуу толук маалымат болушу мүмкүн (мисалы, ушул жылы кайсы көчөнү, кийинки жылы кайсы көчөнү жарыктандыруу күтүлүп жатканы көрсөтүлсө болот) же күтүлүп жаткан үнөмдөөнүн эсебинен кайра бөлүштүрүү каралса болот. Ошондой эле бюджеттин долбоорун өзгөртүү боюнча жарандардын канча жана кандай пикирлери/сунуштары талкууланганын жана кандай кабыл алынганын көрсөтүү үчүн угуулардын протоколунун көчүрмөсүн жиберүүңүздү өтүнөбүз. Ошол эле маалда аялдардан канча жана кандай сунуштар түшкөнүн жана алардын кайсынысы бюджетте чагылдырылганын көрсөтүү керек.

Байгелер

Конкурстун байге фонду  2 000 000 (эки миллион) сомду түзөт. Байге фондунун каражаттарын Швейцария Өкмөтү каржылаган Өнөктөштүк бөлдү.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө байгелер төмөнкү тартипте бөлүштүрүлөт:

  • I орун – 300 000 сомдон ашпаган суммага бир байге;
  • II орун – 250 000 сомдон ашпаган суммага бир байге;
  • III орун – 200 000 сомдон ашпаган суммага бир байге;
  • Ар бири 75 000 сомдон ашпаган суммага кызыктыруучу байгелер.

Өнөктөштүк конкурстун байге фондун толук пайдаланбоо укугун өзүнө калтырат. 

Байге каражаттары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик өнүгүүсүн жогорулатууга байланышкан кызмат көрсөтүүлөргө арналган товарларды сатып алууга пайдаланылса болот. Мындай товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төмөнкүлөр кирет:

  • калк менен маалымат алмашууну жакшыртуу үчүн жабдуулар, анын ичинде үн күчөткүчтөр (колонкалар), микрофондор жана тиешелүү товарлар, коомчулукту маалымдоо системалары;
  • муниципалдык кызмат көрсөтүүчүлөр, анын ичинде муниципалдык ишканалар үчүн жабдуулар, суу менен камсыздоо, таштанды чогултуу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жашылдандыруу чөйрөсүндөгү муниципалдык мекемелер (мектептер, бала бакчалар, музыкалык жана спорттук мектептер) үчүн жабдуулар;
  • жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине калктын аярлуу катмарынын, анын ичинде майып адамдардын катышуусун жогорулатуу үчүн жабдуулар жана шаймандар.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн өтүнмөсү менен Өнөктөштүк байге каражаттарын пайдалануунун башка варианттарын караштыра алат. Байге каражаттарын курулуш-ремонт иштерин каржылоого, эмгек акыны төлөөгө же иш сапарларына колдонууга болбойт.

Өнөктөштүк Конкурстун жеңүүчүлөрү менен байге каражаттарын пайдалануу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Өнөктөштүк сатып алуулардын жол-жоболоруна ылайык алат. Товарлар Конкурстун жеңүүчүлөрүнө кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы менен берилет.

Милдеттүү шарт – байгени алгандан кийин бир (1) айдын ичинде алынган байгелерди пайдалануу менен жасалып жаткан иштер жөнүндө же өткөрүлгөн иш-чаралар жөнүндө отчет берилиши керек.

Конкурстук комиссия

Жеңүүчүлөрдү конкурстук комиссия аныктайт, ага төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:

  • КР Финансы министрлигинен – 1 адам;
  • ЖӨБ иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан – 1 адам;
  • КР ЖӨБ Союзунан – 1 адам;
  • БАЖБАдан – 1 адам;
  • Өнүктүрүү саясат институтунан – 1 адам;
  • Тиешелүү чөйрөдө иштеген жарандык коомдун уюмдарынан жана өнүктүрүү долбоорлорунан – 2 адам.

Комиссия берилген материалдарды карап чыгып, өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде жеңүүчүлөрдү аныктайт. Комиссиянын чечимин каржылоочу уюм жактырууга тийиш.

Долбоордук өтүнмөнү жиберүү мөөнөтү

Төмөндө көрсөтүлгөн форма боюнча өтүнмөлөрдү жана тиешелүү тиркемелерди долбоорду ишке ашырып жаткан Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесине 2024-жылдын 1-сентябрынан 20-сентябрына чейин ӨСИнин адиси Азамат МАМЫТОВго электрондук түрдө жибериш керек.

Дареги: Бишкек шаары, Шевченко көчөсү, 114-үй, III кабат. Телефон номери: (0312) 97-65-30 (31, 32).

Факс номери: 97-65-29 же электрондук дареги: AMamytov@dpi.kg

Конкурска катышуу үчүн өтүнмөнүн формасын
төмөнкү шилтеме боюнча жүктөп алууга болот:

https://dpi.kg/ky/about/tenders/full/338.html 

 

Окшош материалы: