Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КЭУларды кирешелер эмес, ... чыгашалар туруктуу кылууда. “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү чек араларын кеңейтүүдө: Өзбекстандын КЭӨЭУлары үчүн тренинг

2024-09-19 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
КЭУларды кирешелер эмес, ... чыгашалар туруктуу кылууда. “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү чек араларын кеңейтүүдө: Өзбекстандын КЭӨЭУлары үчүн тренинг

2024-жылдын август айында “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн жетекчилери – Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА, ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчисинин орун басары Улара НАРУСБАЕВА Өзбекстан Республикасынын коммерциялык эмес секторундагы кесиптештери менен коммерциялык эмес уюмдардын финансылык туруктуулугун бекемдөө тажрыйбасы жана жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусуна көмөктөшүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү. Иш сапары USAIDдин “Жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун (USAID LGA долбоору) чакыруусу боюнча өттү.

Тренингге Өзбекстан Республикасынын Жизак жана Навои облустарынын коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдарынын (КЭӨЭУ) лидерлери катышты, алар USAID LGA долбоорунун ишинин пилоттук облустары болуп саналат. КЭӨЭУлардын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү жарандардын аярлуу социалдык топтору, анын ичинде майыптыгы бар адамдар, балдар жана жаштар, аялдар менен иштешет; кээ бирлери – адам укуктарын сүрөө жана маалыматка жетүү чөйрөсүндө иштеген өкмөттүк эмес уюмдар. Катышуучулар бири-биринен коммерциялык эмес сектордогу иш тажрыйбасы менен да айырмаланып турушту; алсак, айрымдарында он жылдан ашык тажрыйба болсо, олуттуу бөлүгү бир жыл же андан көбүрөөк тажрыйбага ээ болушкан.

Өзбекстандын эки регионундагы КЭӨЭУлардын лидерлеринин дараметин жогорулатып, институционалдык жана финансылык туруктуулук өңдүү эки негизги багыт боюнча жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү, ошондой эле жарандардын чечим кабыл алуу процессине катышуу принциптери жана механизмдерин берүү тренингдин максаты болду. Эки багытта тең Өнүктүрүү саясат институтунун жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын атынан “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн мүчөлөрү ири тажрыйбага ээ, белгилүү бир жетишкендиктери бар, олуттуу сабак алышкан, булардын баарын коңшу өлкөдөгү кесиптештери менен бөлүшүүгө кубанычта болушту. 

Эки негизги теманын ортосунда көзгө көрүнөрлүк айырмачылык бар болгонуна карабастан, тренингдин өзү динамикалуу жана бир бүтүн окуя болуп калды. Мында USAID LGA долбоору чакырган башкы тренер Лола АБДУСАЛЯМОВАнын салымы зор. Тренер катышуучуларды бир заматта тааныштырып, эркин, бирок жумушчу маанайды түзө алды, мында ар бир адам өзүн эркин, ишенимдүү сезип, билим алмашууга катышты.

Тренингдин биринчи күнүндө Надежда ДОБРЕЦОВА катышуучуларды коммерциялык эмес уюмдун ишкана, түзүм катары уюштуруучулук өңүттөрү менен тааныштырды. Ал каржылоонун тышкы булактарынан толук көз каранды болуу менен, “долбоордук”, үзүл-кесил форматта иштебестен, тынымсыз ишин жүргүзүүгө тийиш.

КЭУлардын/КЭӨЭУлардын финансылык туруктуулугу алар жетиштүү материалдык жана финансылык ресурстарга ээ болсо, өз вазыйпасын узак убакытка үзгүлтүксүз аткарууга (өлкөнүн керектөөлөрүнө жараша) жөндөмдүү экендигин билдирет. Узактыгы бир нече айга созулган кыска мөөнөттүү гранттар менен иштеген шартта КЭУлардын/КЭӨЭУлардын жетекчилерине уюмдун өнүгүшүн болжолдоо, ишти орто мөөнөттүү келечекке да пландаштыруу өтө кыйын. Мындай кырдаалда бардык иш пландары, өнүктүрүү стратегиялары, бюджеттер иштин жана башкаруунун реалдуу аспаптары эмес, каалоолор, кыялдар болуп саналат. Эл аралык уюмдардын кыска мөөнөттүү гранттары уюмдарга “аман калууга” мүмкүнчүлүк берет, бирок өз ишин туруктуу, натыйжалуу жана узак мөөнөттүү негизде уюштурууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого, КЭУлар/КЭӨЭУлар колдоп, коргошу керек болгон социалдык топтордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө мүмкүндүк бербей жатат. Натыйжада КЭУлар/КЭӨЭУлар адатта өнүгүүдөгү боштуктардын ордун толтура албай калышууда, аларды мамлекет жана бизнес принципиалдуу түрдө толтурбай жатат. Бул улуттардын гармониялуу жана туруктуу өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. 

Бирок долбоорду каржылоонун узактыгы өзүнөн-өзү эле туруктуулуктун маанилүү фактору болуп бербейт. Кыргызстандагы кырдаалдын парадоксу мында – КЭУларда өз алдынча башкарган кирешелеринин үлүшү жетиштүү, бул туруктуулук үчүн финансылык шарттарды түзүп жатат. Алсак, Кыргызстанда КЭУлардын кирешелеринин 37% максаттуу эмес мүнөзгө ээ, башкача айтканда, максаттуу багытты, бул кирешелердин тагдырын КЭУлар өз алдынча аныктайт. Бул кирешелердин кыйла чоң үлүшү, көрөгөч башкаруу болгондо ал Кыргызстандын КЭУларына резервдерди түзүүгө жана үзгүлтүксүз уставдык ишти камсыз кылууга толук мүмкүндүк бермек. Кирешелердин жалпы көлөмүнөн 7% пассивдүү кирешелер экендиги да өзгөчө таң калтырат, алар да туруктуулукка олуттуу таасирин тийгизип, жыл сайын көбөйүп турмак. Бирок КЭУлар чыгымдарды сапаттуу башкарып жатканына эч кандай далил табылган жок. Тескерисинче, КЭУларда бөлүштүрүлүүчү жана кошумча чыгымдарды башкаруу боюнча уюштуруучулук резервдер, бюджеттер жана саясаттар дээрлик жок (суб-грант берүүчүлөргө жасалган эмпирикалык байкоо). Ушундай эле жагдай Өзбекстанда да кездешүүдө, мында тренингдин катышуучулары да ушундай саясаттын мисалдарын келтире алышкан жок.

Маалыматтар кирешелердин түзүмү өзү КЭУлардын финансылык туруксуздугунун маанилүү фактору эмес, чыгашаларды начар башкаруу фактору алда канча салмактуу таасирге ээ деген тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.

Финансылык туруктуулук “уюмдун бюджети” түшүнүгүнөн башталат, мында кирешелер гана эмес, уюмдун чыгымдары да өзөктүк мааниге ээ. Сабатсыз жана алысты көрө албаган жакыр адамга көп суммадагы акча берсең, ал аны тез эле коротоору, бирок жакырчылыктан чыкпай, көп өтпөй каржылык жардам алганга чейинки абалда калаары турмушта бир нече жолу далилденген. КЭУлар/КЭӨЭУлар да ошондой: көп жылдар бою ири долбоорлорду башкарган уюмдар бул долбоорлор жыйынтыкталгандан кийин минималдуу өлчөмгө чейин кичирейип кеткенине, айрымдары такыр эле ишин токтотуп койгонуна мисалдар көп. Эмне үчүн? Себеби, финансылык башкаруу, айрыкча чыгымдарды кантип башкаруу жөнүндө билим болгон эмес (жана дагы деле жетишсиз): чыгымдар менен чыгашалардын ортосунда кандай айырма бар? долбоорлордун ортосунда чыгашаларды кантип бөлүштүрүш керек? бөлүштүрүлүүчү жана кошумча чыгымдарды кантип бөлүп алыш керек? резервдерди кантип түзсө болот? финансылык башкаруунун максаттарын, анын ичинде финансылык туруктуулукка жетүү максатын жана башка максаттарды кантип коюуга болот?

Бирок бюджетти (кирешелерди да, чыгашаларды да) натыйжалуу башкаруу КЭУлар/КЭӨЭУлардын үзгүлтүксүз иш жүргүзүшү керек болгон түзүм катары маңызын түшүнүүнү талап кылат. Ошондуктан, туруктуулук жаатында тренинг КЭӨЭУлардын суроо-талапка жооп катары келип чыккан ар кандай типтеги уюмдарга мүнөздүү болгон стандарттуу бизнес-процесстердин алкагында “жашаган” ишкана жана бизнес катары талкуулоо менен башталды. Окутуунун бул өңүтүндө КЭУларды/КЭӨЭУларды товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү саткан коммерциялык ишкана менен салыштыруу толук негиздүү болот. КЭУлардын/КЭӨЭУлардын ишинин маңызы ошондой эле – коммерциялык эмес уюмдар да айрым товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талапты канааттандырышат (БУУнун статистикалык стандарттарында коммерциялык эмес уюмдардын эл аралык классификациясында аныкталгандарды). Тренингдин катышуучулары практикалык көнүгүүнүн жүрүшүндө өздөрүн товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн “өндүрүүчүлөрү” ролунда элестете алышты, алар өз “кардарларына” ошол товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү “сатууга” тийиш болчу. Бул үчүн катышуучулар топторго бөлүнүп, өз “товарларын” аныктап алышты, ошондой эле кызыкдарлык жана төлөө жөндөмдүүлүгү деңгээлинде стейкхолдерлердин матрицасына “кардарларды” жайгаштырып чыгышты.

Тренингдин катышуучуларына коммерциялык эмес уюмдун финансылык туруктуулук факторлоруна сереп жасалды, алардын арасында жогоруда айтылгандай, чыгымдар адатта кирешеден да маанилүү ролду ойнойт. Катышуучулар практикалык, анын ичинде жол берилгис жана бөлүштүрүлүүчү чыгымдарды аныктоо боюнча көнүгүүлөрдү аткарышты.

Финансылык туруктуулуктун маанилүү өңүтү – бул ар кандай коммерциялык эмес уюмдун өндүрүшүнүн негизги каражаты болгон жана боло бере турган кызматкерлердин жумуш убактысын башкаруу. Кызматкерлердин жумуш убактысын кылдат эсепке алуу жана башкаруу уюмдун кошумча чыгымдарын туура бөлүштүрүүгө, негизги фондду натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга, кайталанма каржылоодон качууга, бардык долбоорлорду эске алуу менен уюмдун жылдык бюджетин түзүүгө мүмкүндүк берет. Жумуш убактысын башкаруунун ийгиликтүү тажрыйбасы көрсөткөндөй, бардык керектүү функциялар жана негизги бизнес процесстери боюнча толук штаттын бар болушу КЭУларга ашыкча финансылык жүк болуп калат жана анын жоюлушуна алып келиши мүмкүн. Бирок адатта КЭУлар чыгымдарды оптималдаштырууга аракет кылып жатканда айрым бир маанилүү бизнес процесстерди көңүл сыртында калтырып коюшат. Бул болсо уюштуруучулук туруксуздукка жана иштин сапаты менен жыйынтыктарынын төмөндөшүнө алып келет. Ошондуктан Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчисинин орун басары Улара НАРУСБАЕВА өткөн тренингдин өзүнчө блогу консультанттардын реестрин кошо алганда, кызматкерлерди башкаруунун прогрессивдүү жана практикада өзүн актаган аспабына арналды.

Талкууланган темалар катышуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты, алар негизги слайддарды тынбай сүрөткө тартып алып, топтук талкууларга жана жуп-жуп болуп көнүгүүлөргө катышып жатышты. Бирок сунушталган темалар аудитория үчүн жаңы болгону байкалды, ошондуктан тренер катышуучуларда финансылык башкаруунун деталдуу өңүттөрүнө эмес, КЭӨЭУлардын үзгүлтүксүз жана туруктуу ишине бирдиктүү көз карашты калыптандырууга аракет кылып, жалпы ыкмаларга басым жасады.

Жарандардын чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу өңүттөрүнө арналган тренингдин экинчи бөлүгүндө “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн өкүлдөрү Кыргызстандын жана өз уюмдарынын тажрыйбасын тартуулашты. Надежда ДОБРЕЦОВА Өнүктүрүү саясат институтунун атынан жарандардын жергиликтүү өнүктүрүүгө катышуусунун өз ара байланышта болгон механизмдеринин системасы, бул системаны колдогон ченемдик укуктук база жана колдонуу практикасы жөнүндө айтып берди. Кыргызстандагы система жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу формаларынын төрт негизги тобунан турат. Биринчиси – катышуу формаларынын саясий тобу жыйындарды, чогулуштарды, коомдук угууларды жана башка коомдук иш-чараларды камтыйт, алардын натыйжасында ЖӨБ органдары кабыл алган чечимдерде жамааттын пикири эске алынат. Экинчиси – катышуу формаларынын консультативдик тобу консультативдик кеңештерди, жумушчу топторду, чечимдердин долбоорлорун коомдук талкуулоону, жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктоону жана өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын камтыйт, анын жүрүшүндө ЖӨБ органы жергиликтүү жамаат менен биргеликте натыйжалуу чечимдерди издөөнү жүзөгө ашырат. Үчүнчүсү – катышуу формаларынын демилгечи тобу демилгелүү топторду, жергиликтүү демилгелерди колдоону, катышуунун жергиликтүү фонддорун жана жарандарга жамаатта жашоо шарттарын жакшыртуу боюнча өз демилгесин ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган башка формаларды камтыйт. Акырында, төртүнчүсү – катышуу формаларынын мониторингдик тобу ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жана баалоону, ЖӨБ органдарынын коомдук отчетторун, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторун жана коомчулукка ЖӨБ органдарынын ишин жана өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун жыйынтыктарын баалоого мүмкүндүк берген өз ара аракеттенүүнүн башка формаларын камтыйт. Бардык формалар мыйзамдарда жазылган жана Кыргызстандын жергиликтүү жамааттары кеңири колдонуп келет, бул реалдуу муниципалитеттердин мисалында көрсөтүлгөн.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринин курамындагы 40 пайызга жакын үлүштү ээлеген жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарын колдоо чараларын кошо алганда, жергиликтүү деңгээлде аялдардын укуктарын кеңейтүү практикасынын презентациясы менен тааныштырды. Гендердик квота Борбордук Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр үчүн алдыңкы тажрыйба болуп саналат. Кыргызстан квота менен өтчү экинчи шайлоо циклинин босогосунда турганын эске алганда, алынган сабактар, аял депутаттардын жетишкендиктери жана аларды колдоо чараларына жасалган сереп Өзбекстандын КЭӨЭУлар үчүн практикалык кызыкчылык жаратып жатат. Ошондой эле Асель КУРМАНАЛИЕВА ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) аркылуу стейкхолдерлердин негизги аудиторияларынын арасында жергиликтүү өнүгүү жөнүндө маалыматты даректүү жайылтуунун алдыңкы тажрыйбалары жөнүндө айтып берди. Бул Портал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк процессинде түзүлгөн. Ошондой эле КУРМАНАЛИЕВА “Муниципалитет” журналы (www.municipalitet.kg) КЭУлардын ишинде коммерциялык мамиленин кыйла ийгиликтүү практикасына айланганын белгиледи.

Равил АШРАПОВ, “Дурдона” аялдар жана балдар үчүн психологиялык борбору: “Мен кесибим боюнча психологмун жана КЭӨЭУнун жетекчиси катары ар дайым вазыйпам уюмдун “ишинин мазмунун” башкаруу деп эсептеп келгем. Мен финансыдан жана экономикадан алысмын, бул тренинг мага түшүнүктүү жана пайдалуу болоруна ишенген эмесмин. Бирок тренердин окутуу ыкмасы мени финансыны башкаруунун буга чейин мага белгисиз дүйнөсүнө оңой эле “тартып кетти”, материалдар жөнөкөй, жеткиликтүү тил менен берилип, финансылык туруктуулуктун жана ага жетүү ыкмаларынын түшүнүктүү элесин бере алды. Тренинг татаал маселелер жөнүндө, анын ичинде кошумча чыгымдарды бөлүштүрүү жөнүндө болгону менен, практикалык жана түшүнүктүү болду. Бирок кесипкөй, далилдүү жана даярдыгы жок кардарды достук маанайда окутуу ыкмасы мага материалды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берди”.

Клара БАБАКУЛОВА, “Имконият” КЭӨЭУ: “Мен буга чейин туруктуулук кирешеден көз каранды деп ойлоп келгем. Мен донорлорго жана өнөктөштөргө “бизге көбүрөөк акча берсеңер, ошондо биз туруктуу болобуз” деп айтып келчүмүн. Бирок бүгүнкү күндө “көзүм ачылды” – чынында эле, адамдын жашоосунда да, КЭӨЭУнун жашоосунда да узак жана бакубат жашоо алынган кирешенин көлөмүнө караганда чыгашаларды башкаруу жөндөмдүүлүгүнө көз каранды экен. “Байлар үнөмдөгөндү билет,  ал эми кедейлерде байлык көпкө сакталбайт” деп жөн жеринен айтылбаса керек”.

 

Окшош материалы: