Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БШК жана Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү шайлоолордо Кыргыз Республикасынын жарандарынын гендердик квотага карата мамилеси тууралуу изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырышты
Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (КР БШК) жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо колдонулуучу милдеттүү 30 пайыздык гендердик квотага карата калктын мамилесине баа берүү максатында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылоонун жыйынтыктарын жарыялады. Сурамжылоону КР БШК Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен Өнүктүрүү саясат институту “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү менен биргеликте жүргүздү.
“Аялдардын саясий укуктарын кеңейтүү маселеси – бул жөн гана теңчилик жана адилеттүүлүк маселеси эмес. Бул – прогресске, туруктуу өнүгүүгө жана бардыгы үчүн жалпы бакубатчылыкка тиешелүү маселе. Аялдар саясий турмушка эркектер менен бирдей катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондо, биз калктын бардык катмарынын кызыкчылыктарын эске алган комплекстүү жана акылдуу чечимдерди көрөбүз. БШК жергиликтүү кеңештерде акыйкат шайлоонун маанилүүлүгүн түшүнүү менен, лидер аялдар жергиликтүү кеңештердин жаңы курамында татыктуу орунду ээлеши үчүн шарттарды түзүү менен аялдардын лидерлигин сүрөөдө өзүнүн өзгөчө ролуна ээ”, – деди КР БШКнын төрайымы Н. К. ШАЙЛДАБЕКОВА.
КР БШКнын презентациясынын жүрүшүндө изилдөөчүлөр Кыргызстандын жарандары жергиликтүү шайлоолорго катышуусу аркылуу аялдардын укуктарынын кеңейишин кандай кабыл алары жөнүндө коомчулукка маалымдашты, ошондой эле процесс кошумча көңүл бурууга жана колдоого муктаж болгон аймактарда аял талапкерлерди колдоонун мыкты ыкмаларын талкуулашты.
2021-жылы өткөн шайлоо өнөктүгүндө 60тан ашык округда бир дагы аял талапкер көрсөтүлгөн эмес, бирок аял талапкерлердин 45-50% колдоо тапкан округдар да көп болгон. Административдик-аймактык реформа быйылкы шайлоого оңой шарт түзүп берди. Жаңы шайлоо өнөктүгүнүн милдети – аял депутаттардын үлүшүн азайтып албоо, БШК үчүн бул маанилүү милдет. Аялдарга саясий укуктарын толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бериш керек.
“Швейцария – бул Кыргызстан менен көп окшоштуктары бар чакан тоолуу өлкө. Эки өлкө тоолору менен гана окшош эмес, Швейцария да жергиликтүү өз алдынча башкарууну карманат, анын чордонунда жергиликтүү кеңештерге ишеним турат. Швейцария көп жылдардан бери Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн башкаруунун бардык деңгээлдеринде аялдардын кеңири өкүлчүлүгүн камсыз кылуу үчүн практикалык кадамдарды жасоо аракеттерин колдоп келатат. Гендердик квотаны эске алуу менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо – маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чара, ал БШКдан көп күч-аракетти талап кылат. Мен бул процесстин бардык катышуучуларына ийгилик жана сабырдуулук каалайм. Кыргызстанга биринчи жолу келгенимде бул өлкөдөгү көп түрдүүлүккө, ар кайсы этностук жана диний топтордун ортосундагы ынтымакка таң калдым. Бул көп түрдүүлүктү сактап калып, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун катышуусу менен бекемдөө керек, ал эми аялдар тынчтыкты жана ынтымакты алып жүрүүчүлөр катары бул процессте өзгөчө ролду ойношот. Швейцария Кыргызстанды жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө, айрыкча шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн колдоону уланта бермекчи. Кызматташтык үчүн БШКнын төрайымына жана Өнүктүрүү саясат институтуна биргелешкен күч-аракеттери үчүн ыраазычылык билдиргим келет”, – деди Швейцариянын КРдагы Элчиси Оливье БАРГЕНТЕР.
Иш-чарага мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, аял депутаттар, көз карандысыз эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.
“Өлкөнүн тарыхында биринчи жолу биз жергиликтүү шайлоолордо гендердик квотага болгон мамилени райондор боюнча, салтты жана менталитетти, үй-бүлөлүк мамилелердин моделдерин эске алуу менен талдап жатабыз. Бул контекстти эске албастан, өз жамаатын өнүктүрүүгө катышууну каалаган аялдарга натыйжалуу колдоо көрсөтүү мүмкүн болбойт. Аялдардын жигердүү позициясы Кыргызстан элинин духуна жана үрп-адаттарына карама-каршы келбейт, бирок шайлоочулар аялдар үчүн аң-сезимдүү тандоо жасашы үчүн туура сөздөрдү жана ынандыруу формаларын табуу керек. Биз райондор боюнча квотага карата мамилени баалоонун жыйынтыктары мамлекетке жана бардык кызыкдар тараптарга аймактарда жана мындай колдоо өзгөчө маанилүү болгон жаш курактык топтордо даректүү иштерди уюштурууга жардам берет деп үмүттөнөбүз”, – деди ӨСИ башкаруусунун төрайымы Н. Н. ДОБРЕЦОВА.
Окшош материалы:
-
№10 (156) / 2024-11-07 БАЖБА жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту
-
№9 (155) / 2024-09-19 КЭУларды кирешелер эмес, ... чыгашалар туруктуу кылууда. “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү чек араларын кеңейтүүдө: Өзбекстандын КЭӨЭУлары үчүн тренинг
-
№9 (155) / 2024-09-19 ЖӨБ органдары менен Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү
-
№9 (155) / 2024-09-19 Баткен, Ысык-Көл жана Талас облустарынын ЖӨБ органдары үчүн коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык семинарлар
-
№9 (155) / 2024-09-19 Жергиликтүү демилгелер: балдар жана аялдар үчүн долбоорлор жеңишке жетүүдө
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-28 “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү “Жергиликтүү жамаат үчүн жергиликтүү бюджет” конкурсун жарыялайт
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-28 КРПМБА жана ӨСИ кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№7-8 (153-154) / 2024-08-28 КР Экономика жана коммерция министрлиги 2024-2028-жылдарга КРнын Аймактарын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун талкуулады