Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эксперименталдык изилдөөлөр реформалардын натыйжалуулугун текшерүүдө: Кыргызстандын эл аралык аренадагы тажрыйбасы

2024-12-02 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Эксперименталдык изилдөөлөр реформалардын натыйжалуулугун текшерүүдө: Кыргызстандын эл аралык аренадагы тажрыйбасы

Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

ӨСИнин башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА Evidence in Governance and Politics (EGAP) тармагынын катышуучуларынын кезектеги жолугушуусуна катышты. EGAP – бул изилдөөлөрдүн, баалоонун жана окутуунун глобалдык тармагы, ал башкаруунун жана отчеттуулуктун ар кандай чөйрөлөрүндө иш жүзүндөгү дайындардын негизинде билимди топтоого, инновацияларга жана саясатты иштеп чыгууга көмөктөшүп келет. EGAP иш-чарасы Парижде, Sciences Po’до өттү1.

Жолугушуунун алкагында “Метакета” (Metaketa) демилгесинин бешинчи айлампасынын баштапкы жыйынтыктары талкууланды. “Метакета” – бул биргелешкен изилдөө модели, ал академиялык изилдөөчүлөр жана саясатчы-практиктер жалпы олуттуу кызыкчылыктарга ээ болгон темалар боюнча талаа эксперименттеринен билим топтоого багытталган. EGAP темалар боюнча топтолгон ар кайсы өлкөлөрдөгү изилдөөлөрдү каржылайт жана координациялайт. Бул иштер комплекстүү талдоо жана басылмалар менен катар инновациялык изилдөөлөрдү өркүндөтүү жана дем берүү үчүн жасалууда.

2021-2024-жылдар аралыгында Кыргызстан “Метакета” демилгесинин бешинчи айлампасына катышкан – бул масштабдуу талаа эксперименти болгон. “Метакета” тренингдер аялдардын башкаруунун жергиликтүү деңгээлинде чечимдерди кабыл алуу процессине катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кандай таасир этерине далилдерди алуу максатын көздөгөн. “Метакета” демилгесинин бул айлампасы 2018-жылдын күзүндө башталып, 2024-жылы аяктайт. Изилдөөгө 5 өлкө катышты. Алар: Кыргызстан, Малави, Нигерия, Пакистан жана Вьетнам. Изилдөө жалпы методология боюнча жүргүзүлүп, анын аткарылышын EGAP’тын мүчөлөрү – Берклидеги Калифорния университетинин, Йель университетинин ж.б. окумуштуулары көзөмөлдөштү. Кыргызстан менен иштеген изилдөөчүлөр тобунун курамына Эл аралык коопсуздук жана өнүктүрүү борборунун улук илимий кызматкери Дамир ЭСЕНАЛИЕВ; Гумбольдт университетинин доценти Ансельм ХАГЕР, Бээжин университетинин илимий кызматкери Лукас ХЕНСЕЛЬ жана “Эвиденс” илимий-изилдөө борборунун жетекчиси Элнура КАЗАКБАЕВА кирди. Өнүктүрүү саясат институту изилдөөгө талаа аткаруучусу катары катышып, аймактарда аялдар үчүн иш-чараларды уюштурду. Надежда ДОБРЕЦОВА Кыргызстандагы изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча пикири менен бөлүшүп, өлкө эмне үчүн таасирдүү жыйынтыктарды көрсөтө албаганын мындайча түшүндүрдү: “Кыргызстандагы аялдар топторунун тарыхы бай. Жалпысынан аялдардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу деңгээли жогору. Ошондуктан эксперимент аялдардын катышуу деңгээли төмөн болгон өлкөлөргө салыштырмалуу чоң өзгөрүүлөрдү көрсөтө алган эмес”.

“Метакета” демилгесинин бешинчи айлампасынын орто аралыктагы жыйынтыктарынан тышкары, жолугушууда башка эксперименталдык изилдөөлөр талкууланды, мисалы, “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин Ооганстандагы балдарды аралыктан окутуунун таасири; Бразилиядагы полициянын жөө патрулдарынын көчөлөрдөгү талап-тоноочулуктун деңгээлине тийгизген таасири; Каталониядагы санариптик көндүмдөрдү үйрөтүү боюнча талаа эксперименти; Индиянын айылдарында кожолуктар үчүн стимулдар жана аялдардын саясий катышуусу; подкасттардын жардамы менен иммигранттарга каршы маанайды жана жүрүм-турумду азайтуу; мугалимдер үчүн кросс-этникалык тапшырмалардын күчүн ачуу: Израилдин билим берүү системасынан алынган идеялар; жаңжал шарттарында камкорчулардын психикалык саламаттыгы жана балдардын өнүгүүсү: Колумбиядан алынган масштабдуу эксперименталдык дайындар жана башкалар.

EGAP’тын бардык изилдөөлөрүнүн өзгөчөлүгү талаа эксперименттерине негизделген терең жана кеңири далилдүү база болуп саналат. База чечим кабыл алуучу адамдарга бул изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын реформаларда пайдаланууга мүмкүндүк берет, ошол себептен алар реформалардын киргизилип жаткан усулдары кандай өзгөрүүлөргө алып келээрин алдын ала биле алышат.

 Надежда ДОБРЕЦОВА жарандык коомдун өкүлдөрү көп учурда эл аралык тажрыйбага таянып, бийлик органдарына жана саясатчыларга чечимдерди сунуштаарын баса белгиледи. Бирок бул чечимдер иш жүзүндө кандай кесепеттерге алып келет деген суроого аларда дайыма эле ишенимдүү, кепилденген жооп боло бербейт: “Эксперименталдык изилдөөлөрдүн көндүмдөрү, тийгизген таасирин тастыктоо үчүн далилдерди жана дайындарды алуу – бул реформаларды колдоо учурунда практиктердин ишинде көз кездешкен боштук. Бул маанисинен алып караганда, EGAP эксперименталдык далилдүү мамиленин үлгүсүн көрсөтүп, кандай көндүмдөрдү күчөтүш керектигин, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкарууга аялдардын катышуусун кеңейтүү чөйрөсүндө таасирдин натыйжалуулугун жогорулатуу керектиги жөнүндө түшүнүк берди. Биз ошондой эле “Билим күндөрүн” өткөрүп, EGAP’тын Борбордук Азияда кеңейтүү форматын колдоно алабыз деп үмтөтөм. “Билим күндөрү” – бул реформалардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн эксперименталдык изилдөөлөрдү колдонгон практиктердин жана саясатчылардын санын кеңейтүү үчүн эксперименталдык изилдөөлөрдү жүргүзүү көндүмдөрүн терең өздөштүргөн интенсивдүү беш күндүк сессиялар”.

 

__________ 

1 Sciences Po – Франциянын саясий изилдөө институту – Франциянын саясий жана дипломатиялык элитасынын “кадрлар устаканасы” деп аталган жана республиканын дээрлик бардык президенттери аяктаган жогорку окуу жайы.

Окшош материалы: