Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА жана санариптештирүү: Академиянын өкүлдөрү Кошумча билим берүүнүн 1-форумуна катышты
Нургуль ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты
2024-жылдын 14-ноябрынан 16-ноябрына чейин Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) өкүлдөрү “Санариптештирүүнүн чакырыктары жана жаңы университеттик чечимдер” аттуу Кошумча билим берүүнүн (КББ) 1-форумуна катышып келишти. Бул форумду Москва шаарындагы “Жогорку экономиканын мектебинин” (ЖЭМ) Улуттук изилдөө университети уюштурган.
Форумда бойго жеткен адамдарга кошумча билим берүүнүн актуалдуу маселелери каралды. Катышуучулар КББны санариптештирүүнүн ар кандай өңүттөрүн талкуулап чыгышты: КББ үчүн актуалдуу материалдар жана билим берүү жаатындагы чечимдер, ЖОЖдордун жана EdTech-компаниялардын кейстери, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары, өнүгүүнүн заманбап багыттары жана КББны уюштурууга карата мамилелер, бизнес-билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү жана креативдүү индустрияда, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө, медицинада, айыл чарбасында үзгүлтүксүз билим берүүнү өнүктүрүү ж.б. Форумдун иш-чаралары ар түрдүү форматтарда өттү: панелдик талкуулар, TED, тегерек столдор, баяндамалардын секциялары, кейс-сессиялар, мастер-класстар, дүйнөлүк кафе, ачык микрофон.
EdTech-компанияларынан, ЖОЖдордон жана корпоративдик университеттерден КББ үчүн санариптик чечимдердин көргөзмөсү форумдун маанилүү бөлүгү болуп калды. Көргөзмөнүн катышуучулары – EdTech-индустриясындагы алдыңкы компаниялар жана эксперттер КББ жана үзгүлтүксүз билим берүү чөйрөсү үчүн санариптик өнүмдөрдү жана сервистерди тартуулашты. Алар: окуу процессин башкаруунун жана окуу контентин иштеп чыгуунун заманбап системалары, интерактивдүү сервистер, нейротармактар, CRM жана BI-системалар, маркетплейстер ж.б.
Форумдун жүрүшүндө ЖЭМнын эксперттери ЖЭМ УИИ КББнын санариптик экосистемасы жана чоңдорго кошумча билим берүү үчүн ар кандай инновациялык билим берүү чечимдери менен тааныштырышты. Форумдун катышуучулары суроо-талапка ээ болгон EdTech-долбоорлору менен таанышууга, ошондой эле ишкер байланыштарды түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышты.
Форумдун тематикалык тректери:
- КББда мамлекеттик саясат жана жаңы чечимдер;
- КББнын санариптик трансформациясы;
- КББнын сапаты;
- КББда продукт ыкмасы жана маркетинг;
- үзгүлтүксүз билим берүүдө жасалма интеллект жана дайындарды талдоо;
-
заманбап бизнес-билим берүү: рынок муктаждыктары жана бизнес мектептердин ролу;
-
саламаттыкты сактоо үчүн КББ: салттар жана инновациялар;
-
КББ санариптик билим берүү-индустриалдык чөйрө катары;
-
агротех үчүн КББ;
-
КББ программаларынын дизайны жана аларды уюштуруу.
Форумдун жыйынтыктоочу күнүндө катышуучулар үчүн “ЖЭМ УИИдагы салттар жана инновациялар” экскурсиясы уюштурулуп, анын алкагында алар “Покровский” кампусу, Дурасовдун үйү жана китепканасы менен таанышып, “КББ: санариптештирүү жана жаңы билим берүү чечимдери” аттуу квалификацияны жогорулатуу программасынын профилдери боюнча Устаканаларга барышты.
Окшош материалы:
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Ат-Башы районунун туристтик дараметин өнүктүрүү: СЭӨПнын алкагында жергиликтүү бизнести колдоо
-
№2 (172) / 2026-03-09 Райондук СЭӨП иш-аракетте: Жети-Өгүз районунда ак илбирсти коргоо жана экотуризмди өнүктүрүү боюнча фестиваль өттү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Ичүүчү суу жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан жүйөлүү тарифтерди эсептөө боюнча тренинг өткөрүлдү
-
№1 (171) / 2026-02-06 Стратегиядан өнүктүрүүгө: Кыргызстандын шаарлары СЭӨПны жаңылап жатышат
-
№1 (171) / 2026-02-06 Бишкекте “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун 2025-жыл үчүн жыйынтыгы боюнча конференция өттү
















