Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Таштандыларды башкаруу – мамлекеттик маанидеги жана улуттук коопсуздукка тиешелүү маселе: катуу тиричилик калдыктарын (кооптуу эмес калдыктарды) башкаруу тууралуу өзүнчө эл аралык жөнгө салуу актылары

2023-11-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Асель МАМБЕТОВА, ЖДКЖ долбоорунун жетекчиси1

Эмне үчүн Кыргызстан катуу тиричилик калдыктарын башкаруунун эл аралык тажрыйбасын үйрөнүшү керек?

Кыргызстандагы калдыктарды башкаруу чөйрөсүндө түзүлгөн кырдаал чукул чараларды көрүүнү талап кылууда. 2018-жылы жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында 406 таштанды төгүүчү жай (уруксат берилгени – 107) болгон, алар болжол менен 616,306 гектар аянтты ээлейт. Бул таштанды аянты жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. Мисал үчүн: учурда Бишкектин таштанды полигонунун жалпы аянты 60 гектарды түзөт, бирок башында бул максатта 27 гектар бөлүнгөн эле. 10 жылдын ичинде таштанды полигону эки эсе көбөйүп, 30 гектарды түздү. Морфологиялык курамына ылайык, шаарларда таштандылардын негизги пайызы желимге (21%) жана тамак-аш калдыктарына (20%) туура келет, ал эми элет жергесинде коммуналдык таштандынын 49 пайызын органикалык калдыктар түзөт.

Ысык-Көл аймагында калдыктарды утилдештирүүнүн үстөмдүк кылуучу ыкмасы болуп аларды полигондорго көмүү саналат, бул жерге жалпы көлөмдүн 85% келип түшөт.

Көптөгөн ири шаарлардын таштанды полигондорунун эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрү 15-20 жылга эсептелген (1970-ж.), бирок бул мөөнөт 30 жылдан ашык убакытка созулуп кетти. Акыркы инвентаризацияга ылайык, көптөгөн таштанды полигондору техникалык, санитардык жана экологиялык коопсуздук ченемдерин сактабастан түзүлгөн жана иштеп жатат.

2001-жылдын 13-ноябрында кабыл алынган “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы моралдык жактан эскирди жана “калдыктарды кайра иштетүү”, “коммуналдык калдыктар”, “утилизациялык чогултуу” деген көптөгөн негизги түшүнүктөрдү да камтыбайт. Полигондор жөнүндө өзүнчө мыйзам жок, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы №559 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби иштейт. Бул тартип юридикалык жана жеке жактардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы иштерди уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат, ошондой эле калдыктарды жайгаштырууга жана калдыктар жайгаштырылуучу объекттерге карата коюлуучу экологиялык талаптарды белгилейт, калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин долбоорлорун иштеп чыгуунун жана аларды жайгаштыруунун чектерин белгилөөнүн тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натый- жалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгы чыккан. Бул Жарлык менен КР Министрлер Кабинетине 2022-жылдын 31-декабрына чейин 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш- аракеттер планын бекитүү тапшырылган. Бирок макала жазылып жатканда (2023-жылдын октябры) бул план чыга элек болчу. План, мындан тышкары, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүнүн натыйжалуу жана заманбап системасын түзүүнү; катуу тиричилик калдыктарын көмүү үчүн заманбап полигондорду түзүүнү; катуу тиричилик калдык- тарын жайгаштыруу (таштоо) боюнча учурдагы жайларды жабуу жана рекультивациялоо боюнча чараларды көрүүнү, энергиянын альтернативдүү булактары түрүндөгү тиричилик калдыктарынын объекттерин пайдаланууну камтууга тийиш болчу. Ал эми шаарлардын мэрлерине, айылдык аймактардын башчыларына 2022-жылдын 31-декабрына чейин шаарлардын, айылдардын жана поселоктордун аймактарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелерин иштеп чыгуу жана тиешелүү жергиликтүү кеңештердин бекитүүсүнө киргизүү сунушталган.

2023-жылдын 15-августунда кабыл алынган “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамы күчүнө кирип, ал жалпы өлкөнүн аймагында калдыктарды чыгаруучулардын кеңейтилген жоопкерчилиги жөнүндө жаңы концепцияны киргизди. Жаңы мыйзамды ишке ашыруу Министрлер Кабинетинен жаңы токтомдорду иштеп чыгууну талап кылат, мисалы, коммуналдык калдыктардын тизмесине киргизилген керектөө калдыктары жана өндүрүш калдыктары; коммуналдык калдыктардын пайда болуу нормаларын эсептөө жана коммуналдык калдыктарды жайгаштыруу үчүн акыны камтыган таштандыны чогултуу жана ташып чыгаруу тарифтерин эсептөө, ошондой эле калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана чыгаруу эрежелери жөнүндө жергиликтүү укуктук актылар ж.б. керек болот. Бир нече жыл мурун Жаратылыш ресурстары министрлиги таштандыларды башкаруу программасын иштеп чыккан, бирок ал Өкмөттүн Аппаратында макулдашуу этабында калган. Мындан тышкары, эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары калдыктар менен иштөө жаатында аймактык программаларды иштеп чыгышы керек. Мындай аймактык программалардын зарылдыгы биздин өлкөдө таштанды төгүүчү жайлардын өтө көп санына, алардын эл аралык стандарттарга шайкеш келбегенине, жер ресурстарын сарамжалсыз пайдаланууга, дайыма айыл чарба жерлерин трансформациялоого муктаждыкка, экологиялык коопсуздук жаатындагы терс кесепеттерге байланыштуу бышып жетилди. Мындай аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселенин тереңдигин, эксперттик колдоону жана финансылык каражаттарды түшүнүүнү талап кылат, бирок бул процесс канчалык тезирээк башталса, жыйынтык ошончолук жакшы жана тезирээк көрүнөт. Бирок маселенин тереңдиги, ар тараптуулугу жана татаалдыгы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен таанышып чыгып, баамдоону талап кылат.

Европа Биримдигинде калдыктар менен иштөө чөйрөсүнүн мыйзамдар менен жөнгө салынышы

Бул чөйрө Евробиримдиктин калдыктар жөнүндө алкактык мыйзамдары, ЕБнын калдыктарды иштетүү операциялары жана калдыктардын айрым түрлөрү боюнча мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2008-жылдын 19-ноябрындагы 2008/98/ ЕБ “Калдыктар жана айрым Директиваларды алмаштыруу жөнүндө” Директивасы (2018/851 Директивага (ЕБ) өзгөртүүлөр менен” (мындан ары – Калдыктар боюнча Директива) калдыктарды башкаруу чөйрөсүндө айлана-чөйрөнү жана адамдардын ден соолугун коргоо боюнча чараларды белгилейт. Бул Калдыктар боюнча Директивага ылайык таштандыларды башкаруу иерархиясы төмөнкүдөй.

Негизги басым калдыктардын пайда болушун алдын алууга багытталат. Буга байланыштуу, ЕБге мүчө мамлекеттер төмөнкүдөй чараларды көрүүгө тийиш:

  • өндүрүштүн жана керектөөнүн туруктуу моделдерин колдошу керек;
  • ресурстарды үнөмдөөчү, көп жылдар бою пайдаланылган, оңдоого, кайра колдонууга жана модернизациялоого жарактуу өнүмдөрдү иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана колдонууга дем бериши керек;
  • бул материалдардын таштандыга айланышына жол бербөө үчүн маанилүү чийки заттарды камтыган өнүмдөрдү максаттуу колдонушу керек;
  • продукциянын сапатына жана коопсуздугуна зыян келтирбестен оңдоого жана кайра колдонууга жол ачкан запастык бөлүктөрдүн, нускамалардын, техникалык маалыматтын же башка каражаттардын болушун кубатташы керек;
  • БУУнун Туруктуу өнүгүү максатына жетүүгө салым катары тамак-аш калдыктарын азайтуу. Бул максат боюнча 2030-жылга чейин калктын киши башына чекене жана керектөө деңгээлинде глобалдык тамак-аш калдыктарын 50 пайызга кыскартуу, өндүрүш жана жеткирүү чынжырларында азык-түлүк калдыктарын азайтуу каралган;
  • материалдарда жана продуктуларда коркунучтуу заттардын болушун азайтууга көмөктөшүү;
  • деңизде таштандылардын пайда болушун токтотуу (Кыргызстан үчүн – көлдө таштандыны азайтуу).

Буга чейин калдыктардын пайда болушу экономикалык ишмердиктин жана өсүштүн сөзсүз болчу жана түйшүк жараткан кошумча продуктусу катары каралып келген. Заманбап технологиялардын жана кылдат башкаруунун аркасында бул циклдик байланышты бузуу мүмкүн болуп калды. Ошондуктан циркулярдык экономиканын алкагында калдыктарды кайра колдонуу абстракттуу түшүнүккө эмес, нормага айланды. Өндүрүүчүнүн кеңейтилген жоопкерчилиги жана принцип киргизилип жатат – ким булгаса, ошол төлөйт, мындан улам таштандыны ким пайда кылса, калдыктарды башкарууга кеткен чыгымдарды да ошол төлөшү керек. Бул үчүн продукцияны өндүрүүчүлөр продукциянын жашоо циклинин этабында калдыктарды башкаруу үчүн финансылык же финансылык-уюштуруучулук жоопкерчиликти алышын камсыз кылуу үчүн мүчө мамлекеттер кабыл алган чаралардын жыйындысы керек. Калдыктарды пайда кылган өндүрүүчүлөр же кармоочулар аны өздөрү иштетиши керек же бул ишти расмий таанылган операторго тапшырууга тийиш. Эки учурда тең уруксат алуу талап кылынат жана бул мезгил-мезгили менен текшерилип турат.

Директивада муниципалдык калдыктарды кайра иштетүү боюнча максаттар белгиленген: 2025-жылга чейин муниципалдык калдыктардын кеминде 55% кайра иштетилиши керек. Бул максат 2030-жылга чейин 60 пайызга, ал эми 2035-жылга чейин 65 пайызга чейин өсөт. Мүчө мамлекеттер төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • 2020-жылга чейин кожолуктардан чыккан таштандыларды (кагаз, металл, пластик жана айнек сыяктуу) кайра колдонууга даярдоону жана кайра иштетүүнү салмагы боюнча кеминде 50 пайызга чейин көбөйтүүгө;
  • 2025-жылдын 1-январына чейин кожолуктардан чыккан текстиль жана кооптуу калдыктарды бөлүп-бөлүп чогултууга;
  • 2023-жылдын 31-декабрына чейин биологиялык калдыктарды бөлүп-бөлүп чогултууну же кайра иштетүүнү камсыз кылууга (мисалы, компост жолу менен).

Директивада таштанды иерархиясын колдонуу үчүн стимулдардын мисалдары келтирилген, мисалы, калдыктарды көмүү же өрттөө үчүн акы, ошондой эле ташталганына жараша төлөө схемалары. Анын ичинде энергияны өндүрүү үчүн пайдалануу.

Акыр-аягында полигонго өрттөө үчүн минималдуу калдык келип түшүшү керек жана көмүү үчүн абсолюттук минимум болууга тийиш, болгондо да калдыктар көмүлгөн жерлер да пайда алып келе ала тургандай болушу керек. Таштанды полигону көп артыкчылыктуу эмес вариант катары каралууда жана талап кылынган минимумга чейин чектелүүгө тийиш.

2018-жылы Евробиримдикте пайда болгон бардык тиричилик калдыктарынын 24 пайызы полигондорго көмүлгөн. Бул адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу кесепеттерин тийгизиши мүмкүн. Фильтраттын пайда болушу жер астындагы сууларды булгап, метанды пайда кылышы мүмкүн, ал эми метан күчтүү парник газы экени белгилүү. Мындан тышкары, таштандыга кайра иштетүүгө жарамдуу калдыктар түшкөн учурларды албаганда, материалдар зарыл болбогондуктан Европанын экономикасынан чыгып калууда.

1999-жылдын 26-апрелиндеги Калдыктарды көмүү полигондору боюнча 1999/31/EБ Директивасы (мындан ары – Полигондор боюнча директива)

Директиванын максаты – полигондордун жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларга, топуракка, абага же адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасирин алдын алуу же мүмкүн болушунча азайтуу. Бул максатка катаал техникалык талаптарды киргизүү менен жетүүгө болот.

Полигондор 3 категорияга бөлүнөт:

  • кооптуу калдыктар ыргытылчу полигондор;
  • кооптуу эмес калдыктар ыргытылган полигондор; жана
  • инерттик таштанды төгүлүүчү жайлар (чирибей жана күйбөй турган таштандылар, мисалы, шагыл, кум жана таш).

Евробиримдикке кирген өлкөлөр полигондорго жөнөтүлгөн биологиялык жол менен чириген таштандылардын санын акырындык менен азайтуу боюнча улуттук стратегияларды ишке ашырышы керек. Полигондордо пайдаланылган шиналарды же суюк, тез тутануучу, жарылуучу же дат басуучу калдыктарды, ошондой эле ооруканалардан, медициналык жана ветеринардык мекемелерден калдыктарды кабыл алууга жол берилбейт. Полигонго тазалоодон өткөрүлгөн таштандыларды гана чыгарууга болот. Муниципалдык таштандылар кооптуу эмес таштанды полигондоруна жөнөтүлсө болот. Улуттук бийликтер таштандыларды жок кылуу үчүн операторлор алган баа объекттин ачылышына жана жабылышына байланыштуу кеткен бардык чыгымдарды жабышын камсыз кылууга тийиш.

Полигондордун операторлору уруксат алуу үчүн өтүнмө жиберип, төмөнкү маалыматтарды бериши керек:

  • өтүнмө ээсинин жана айрым учурларда оператордун тек жайы;
  • көмүлө турган калдыктардын тибинин сүрөттөлүшү жана саны;
  • объекттин кубаттуулугу жана сүрөттөлүшү, анын ичинде эксплуатациялоо, мониторинг жана көзөмөлдөө пландары;
  • булгануунун алдын алуунун жана азайтуунун жолдору; көмүү жана андан кийинки кам көрүү жол-жоболору жөнүндө толук маалымат.

2014-жылы долбоорлордун айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жол-жобосунун сапатын жогорулатуу максатында түзөтүүлөр кабыл алынган. Бул Евробиримдиктин мыйзамдарынын жана саясатынын башка тармактары менен ырааттуулугун жана үндөшүүсүн камсыз кылуу үчүн керек болчу. ЕБнын айланма экономикага өтүшүн колдоо үчүн төмөнкүдөй түзөтүүлөр киргизилген:

  • 2030-жылдан баштап материалдарды же энергияны кайра иштетүүгө же башка жол менен калыбына келтирүүгө жарактуу бардык калдыктарды көмүүгө чектөөлөр;
  • полигонго чыгарылуучу муниципалдык калдыктардын үлүшүн 2035-жылга карата 10 пайызга чейин чектөө;
  • муниципалдык калдыктар боюнча максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүнү эсептөөнүн эрежелерин жана ЕБ өлкөлөрүнөн сапатты көзөмөлдөөнүн жана полигонго чыгарылган муниципалдык калдыктарга көз салып туруунун натыйжалуу системасын киргизүүнү талап кылат;
  • Европа комиссиясы Европанын айлана- чөйрөнү коргоо агенттиги менен биргеликте 3 жылда максаттарга жетүүдөгү кемчиликтерди аныктап, көрүлө турган иш- аракеттерди сунуштоо үчүн эрте мөөнөттө алдын алуучу отчетторду түзүшү керек;
  • кеминде 8 жылдан кийин полигондун аймагын талаптагыдай абалга келтирүү планын даярдоо боюнча ЕБ өлкөлөрү үчүн милдеттенмелер;
  • ЕБ өлкөлөрүнө таштанды иерархиясын колдонууга түрткү берүү үчүн экономикалык аспаптарды жана башка чараларды колдонууга уруксат берүү.

АКШда таштандыларды башкаруу чөйрөсүнүн мыйзамдар менен жөнгө салынышы

1976-жылы кабыл алынган Ресурстарды сактоо жана калыбына келтирүү жөнүндө Мыйзам (СВР) АКШда катуу калдыктарды жана кооптуу таштандыларды жок кылууну жөнгө салуучу негизги федералдык мыйзам болуп саналат. Мыйзам АКШнын Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине (АООС) кооптуу калдыктарды “бешиктен мүрзөгө чейин” көзөмөлдөө укугун берген. Буга кооптуу калдыктарды түзүү, ташуу, иштетүү, сактоо жана жок кылуу кирет. Бул максатка жетүү үчүн Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги (АООС) катуу жана кооптуу таштандыларды коопсуз башкарууну жана тазалоону камсыз кылган эрежелерди, колдонмолорду жана саясатты, ошондой эле анын булактарын азайтууну жана пайдалуу кайра колдонууну кубаттаган программаларды иштеп чыгат. СВР жөнүндө Мыйзам ошондой эле коопсуз таштандыларды башкаруу үчүн негиз түзүп берди.

Кооптуу эмес катуу калдыктар. Мыйзамдын бул бөлүмүндө ачык полигондорго тыюу салынган. Ал ошондой эле полигондор жана башка таштанды жайлары үчүн критерийлерди белгилейт. Бөлүмгө таштандылар (мисалы, тамак-аш контейнерлери, кофе калдыктары), иштетилбеген тиричилик техникалары, өрттөлгөн унаа дөңгөлөктөрүнүн калдыктары, металл сыныктары, курулуш материалдары, өнөр жай жана муниципалдык тазалоочу жайлардан, ичүүчү сууну тазалоочу жайлардан калдыктар кирет. Ошондой эле кооптуу эмес катуу калдыктарга C бөлүмүнүн эрежелерине жооп бербеген кээ бир кооптуу калдыктар кирет, мисалы, кожолуктардан жана салык салуудан шарттуу бошотулган чакан өндүрүүчүлөрдөн чыккан кооптуу калдыктар.

Жогоруда аталган мыйзамга байланыштуу Федералдык эрежелер кодекси (ФЭК) дагы бар. Кодекс бардык федералдык агенттиктер бекитип, колдонгон федералдык эрежелердин жыйындысы, анын ичинде төмөнкүлөр бар:

  • АООС программаларын жөнгө салган бардык эрежелер;
  • сактоо үчүн жер астындагы резервуарларга коюлуучу талаптарды кошо алганда, катуу калдыктар менен иштөө эрежелери;
  • мамлекет уруксат берген программалардын шайкештигин аныктоого коюлган талаптар;
  • катуу калдыктарды термикалык кайра иштетүү боюнча сунуштамалар;
  • отун же ингредиенттер катары колдонулган катуу калдыктардын сүрөттөлүшү;
  • катуу тиричилик, коммерциялык жана институционалдык калдыктарды сактоо жана чогултуу боюнча сунуштамалар;
  • материалдарды калыбына келтирүү үчүн булактарды бөлүү боюнча колдонмо;
  • калыбына келтирилген материалдарды камтыган азыктарды сатып алуу боюнча комплекстүү колдонмо;
  • жарандардын доолору жөнүндө алдын ала кабарлама;
  • калдыктарды иштетүү боюнча аймактарды жана агенттиктерди аныктоо;
  • катуу калдыктарды башкаруу боюнча мамлекеттик пландарды даярдоо жана ишке ашыруу боюнча сунуштамалар;
  • катуу калдыктарды көмүү объекттерин жана ыкмаларын классификациялоонун критерийлери;
  • катуу тиричилик калдыктар полигондору үчүн критерийлер.

Кодекс ошондой эле катуу калдыктарды башкаруу боюнча штаттардын пландарын даярдоону жана ишке ашырууну жөнгө салат; катуу жана коркунучтуу калдыктарды экологиялык жактан коопсуз башкаруу жана жок кылуу, ресурстарды үнөмдөө жана баалуу ресурстарды максималдуу пайдалануу максаттарына жетүү ыкмаларын камтыйт. Штаттардын пландарын бекитүүгө минималдуу талаптарды камтыйт. Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • мамлекеттик, жергиликтүү жана регионалдык бийлик органдарынын штаттын планын ишке ашыруу боюнча милдеттенмелери,
  • штаттардын планын даярдоо жана ишке ашыруу үчүн жооптуу органдар ортосунда федералдык каражаттарды бөлүштүрүү жана
  • регионалдык пландаштырууну жана штаттын планын ишке ашырууну координациялоо үчүн каражаттар.

         План штаттын аймагында ачык* полигондорду түзүүгө тыюу салышы керек жана талаптарды камтышы керек, ага ылайык бардык катуу калдыктар (анын ичинде кооптуу калдыктарды кошпогондо, башка мамлекеттерден чыккан катуу калдыктар) ресурстарды калыбына келтирүү үчүн колдонулушу керек же санитардык** полигондордо (4004(a) бөлүмдөгү маанисинде) жок кылынууга же башка экологиялык жактан коопсуз ыкма менен жок кылынууга тийиш.

Штаттын пландары штаттын аймагындагы бардык ачык полигондорду жабууну же модернизациялоону караштырышы керек.

*Ачык полигон деп катуу калдыктар айлана- чөйрөнү коргоону камсыз кылбаган, өрттөнүшү мүмкүн, табигый чөйрөнүн таасиринде болгон, жугуштуу ооруларды таратуучулар ташый алган жерде болгон таштанды жайлары аталат.

**Заманбап санитардык полигондор долбоорлоо, эксплуатациялоо жана жабуу боюнча катуу талаптарга жооп бериши керек. Кадимки заманбап КТК полигону таштандылардын жана фильтраттын жерге же жер астындагы сууга агып кетпеши үчүн катмары чоподон жана коргоочу пластиктен жасалат. Андан кийин капталган блок көмүү камераларына бөлүнөт. Калдыктарды кабыл алуу үчүн бир гана камерасы ачык болот. Жумуш күнү аяктагандан кийин таштандылар тыгыздалып, грунт менен басылып чыгат, мындай ыкма жытты, зыянкечтерди чыгарбай, шамал учуруп кетпеши үчүн колдонулат. Полигондун түбүндөгү дренаж тармагы чирип жаткан калдыктар аркылуу агып чыккан фильтратты чогултат. Фильтрат тазалоо үчүн фильтратты жок кылуучу жайга жөнөтүлөт. Метан газдары, көмүр кычкыл газы жана башка калдыктар чиригенде пайда болгон газдар абанын сапатына тийгизген таасирин азайтуу үчүн көзөмөлдөнөт жана чогултулат.

 

Окшош материалы: