Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

3-4 (161-162) 5 Май 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук диалог: "Жаңы шайлоо циклинин башталышы: 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоо"

2025-03-03 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Коомдук диалог:

Бегимай КУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча координатору

2025-жылдын 6-февралында – Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары боюнча коомдук диалог өттү. Иш-чараны Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмеси менен биргеликте “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн программасынын алкагында уюштурду.

Коомдук диалогго БШКнын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун уюмдары, эл аралык уюмдар, көз карандысыз эксперттер, блогерлер жана ЖМКлар катышты.

Коомдук диалогду ачып жатып, БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА жергиликтүү шайлоо жаңы шайлоо циклин ачканын, ал 2026-жылы парламенттик шайлоо менен, андан кийин президенттик шайлоо менен уланарын белгиледи.

Жергиликтүү шайлоолордо комиссиялардын мамлекеттик органдар менен эриш-аркак иштешүүсүнүн бир катар жаңы технологиялары, программалары, жабдуулары жана формалары сыналды. Жергиликтүү шайлоодо колдонулган бул новациялардын оң жана терс жактарын талкуулоо сунушталды.

Катышуучуларга кийинки шайлоолордун жаңы циклинде колдонуу үчүн бардык деңгээлдеги шайлоолордун айрым маанилүү маселелерин жана жалпы шарттарын кантип өркүндөтсө болорун чогуу ойлонуп көрүп, талкуулоо сунушталды.

Төрайым шайлоо процесси шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык уюмдардын, эксперттердин жалпы күч-аракети менен, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн, ЖМКлардын жана блогерлердин колдоосу менен камсыз кылынарын белгиледи. Бул жолку шайлоодо кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсүнүн күч-аракеттери бириктирилгени менен айырмаланды, төрайым мындай байланыш үчүн ыраазычылыгын билдирип, мындан ары да биргелешкен күч-аракеттер менен шайлоо процессинин маанилүү маселелерин чечүүгө болот деп үмүт артты.

Административдик-аймактык реформа Кыргызстандын аймактык түзүлүшүн өзгөртүп, жеринде – аймактарда башкаруу системасын оптималдаштырды. Шайлоо аркылуу жергиликтүү кеңештердин өкүлчүлүктүү органдарынын системасы толугу менен оптималдаштырылды. Жарандар жергиликтүү өнүгүүнү ишенип берген жергиликтүү кеңештердин алдында жакынкы 5 жылда айылдардагы жана шаарлардагы жарандардын жашоосун жакшыртуу, аларды өнүктүрүү боюнча чоң милдеттер турат.

БШКнын төрайымы Өнүктүрүү саясат институтуна шайлоону даярдоонун жүрүшүндө натыйжалуу өнөктөштүк үчүн ыраазычылыгын билдирип, институттун жергиликтүү кеңештердин депутаттарына методикалык жардамы жана окутуусу боюнча мындан аркы ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Оливье БАНГЕРТЕР аудиторияга Швейцариянын жалпысынан Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна жана шайлоо процессине көрсөтүп жаткан колдоосу тууралуу маалымат берди. Мындай колдоо жамааттарды өнүктүрүүнүн ар кандай тараптарын жана алардын өкүлдөрүн окутуудан баштап материалдык гранттарды берүүгө чейин берилип жатат. Ошол эле учурда Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу уникалдуу мүнөзгө ээ, себеби ал көп жылдан бери үзгүлтүксүз негизде жана жергиликтүү уюмдардын жана адамдардын “колу” менен берилип келатат.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин эволюциясына чоң маани берди, алар ар бир шайлоо цикли менен күчтөнүп, кесипкөй болуп баратат: “2000-жылдардын башында жергиликтүү кеңештер кандай өткөнү эсимде. Жергиликтүү өкүлчүлүктүү органдардын ишинин сапаты кандай өсүп жатканын байкабай коюуга болбойт. Алар социалдык-экономикалык өнүгүү, кызмат көрсөтүүлөрдү туруктуу уюштуруу, ар бир жергиликтүү жамаатта адамдын өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү жаатында барган сайын татаал чечимдерди кабыл алышууда. Органдар катары кеңештердин жамааттык жоопкерчилиги да, ошондой эле депутаттардын, анын ичинде жамааттар үчүн маанилүү демилгелерди көтөрүп, коррупцияга каршы күрөшкөн, көйгөйлөрдү чечип, жамааттарды өнүктүрүү үчүн кошумча ресурстарды тарткан аял депутаттардын да жеке жоопкерчилиги жогорулап жатат. Депутаттар дагы эле колдоого жана окутууга муктаж болсо да, муниципалдык депутаттар корпусу чыныгы өкүлчүлүктүү бийликке айланды – ал жоопкерчиликтүү жана демилгелүү болуп калды”.

БШКнын төрайымынын орун басары Т.ШАЙНАЗАРОВ бул жолку шайлоодо колдонулган ар кандай органдар менен эриш-аркак иштешүү форматтарынын өзгөчөлүктөрүн белгилеп, алар процессти жакшыртууга кандайча таасир эткенин белгиледи. Тактап айтканда, ал тартип коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү белгиледи – мында бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароодо компетенция так бөлүштүрүүгө багытталган.

БШКнын мүчөсү, шайлоочуларды маалымдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси У.ЖЫЛКЫБАЕВ жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин маанилүү багытында мамлекеттик жана мамлекеттик эмес сектордогу өнөктөштөр менен биргелешип иш алып баруу жөнүндө маалымат берди. Ал Маданият министрлиги, УТРК (аймактардагы өкүлдөр) менен өнөктөштүктү кошо алганда, мамлекеттин маалыматтык иште көргөн чараларына толук сереп жасап чыкты. Бул ишке регионалдык телекомпаниялар да тартылган, алар күн сайын маалымат берип турушкан, ошондой эле дебаттарды обого чыгарышкан.

Э. ИСКАКОВ блогерлер коомчулугунун шайлоодогу маалымат өнөктүгүнө кошкон салымы тууралуу маалымат берди.

Диалогдун жүрүшүндө маалымат өнөктүгүнө жигердүү катышкан ЖМКлардын жана блогерлер коомчулугунун салымы жогору бааланды.

Шайлоо учурунда социалдык тармактарга көз карандысыз мониторинг жүргүзүүнүн биринчи тажрыйбасын Э. ТОКТОГУЛОВА сунуштады. Катышуучулар бул ишти улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул кийинки шайлоодо өнүктүрүү зарыл болгон маанилүү жана жакшы тажрыйба болуп калганын белгилешти.

КР Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу диалогдун катышуучуларын жаңы жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ишмердиги жана алардын муктаждыктары менен тааныштырды. Союздун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ депутаттар ассоциация тарабынан колдоосуз калбайт деп ишендирип, жергиликтүү эл өкүлдөрүнүн макамын өркүндөтүү боюнча мамлекет менен биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирди.

Парламенттик шайлоо боюнча сунуштарга токтолсок, бул маселелерди ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында өзүнчө талкуулоо зарылдыгы айтылды. Талкуулардын жыйынтыгы боюнча келечектеги шайлоо өнөктүктөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунуштамалар жана сунуштар даярдалды.

Иш-чара 2024-жылдын 17-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө жигердүү көмөк көрсөткөндүгү үчүн шайлоо процессинин катышуучуларына Ардак грамоталарды жана ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн: жыл сайын февралдын биринчи бейшембисинде бардык өлкөлөрдө Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү белгиленип келет. Бул күн 2005-жылы Венгрияда шайлоо органдарынын кесиптик майрамы катары түзүлгөн.

Бүткүл дүйнөлүк шайлоо күнү эркин жана адилеттүү шайлоонун маанилүүлүгүн эскертип турат, ар бир жарандын добушу маанилүү болуп, өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир эте алары жөнүндө жарандардын аң-сезимин бекемдейт.

Кыргыз Республикасында шайлоо реформасы жигердүү ишке ашырылууда. Шайлоонун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу, шайлоо процессинин атаандаштыгын жакшыртуу, шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле жарандардын өз эркин эч кысымсыз, адилеттүү билдирүүсү үчүн укуктук жана практикалык шарттарды түзүү реформанын учурдагы этабынын негизги жетишкендиктеринин катарына кирет.

 

 

Окшош материалы: