Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин 1200гө жакын депутаты депутаттык иш тууралуу билим алышты
Замир ЫМАНКАЛЫЕВ, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу
2024-жылы Кыргыз Республикасынын бардык облустарында административдик-аймактык реформа жүргүзүлдү. Мындай административдик же аймактык өзгөрүүлөр сөзсүз түрдө жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмүндө тиешелүү өзгөрүүлөргө алып келет. Ошондуктан Кыргызстандын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү жана аткаруучу органдарында олуттуу өзгөрүүлөр болду.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналган жергиликтүү кеңештерди бириктиргенден кийин депутаттардын саны “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген талаптарга шайкеш келбей калганы аныкталган. Аталган мыйзамдын 42-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган, андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы №256 Жарлыгынын негизинде алар таркатылып, жаңы шайлоо өткөрүлгөн.
33 шаардык жана 231 айылдык кеңешке шайлоонун натыйжасында жергиликтүү калктын колдоосуна ээ болгон 6384 депутат шайланды. Алардын ичинен 2538и – аялдар, алардын үлүшү жергиликтүү депутаттардын жалпы санынан 40% түзөт.
Мыйзамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттарына маанилүү милдеттерди жүктөйт. Мисалы, жергиликтүү кеңеш аймактын социалдык-экономикалык өнүктүрүү, калкты социалдык коргоо программаларын бекитет, алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду угат, жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, алар боюнча жеңилдиктерди аныктайт, муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин белгилейт, айыл өкмөтүнүн отчетун угат ж.б. Бул иш билимди талап кылат, бирок бардык эле депутаттар мындай билимге ээ эмес.
Билимдердеги боштуктарды ыкчам толуктоо максатында 2024-жылдын 9-декабрынан 20-декабрына чейин жергиликтүү кеңештердин жакында эле шайланган депутаттары үчүн окуулар өткөрүлдү. Бул окууну Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ), Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (ЖӨБ Союзу), КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик (МКЖӨБМА), Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) биргелешип уюштурушту. Окуу процессине республиканын бардык 40 району камтылды, 231 айылдык кеңештин жана 33 шаардык кеңештин 1165 депутаты, анын ичинде 472 аял катышты. Окууга жергиликтүү кеңештердин төрагалары, туруктуу комиссиялардын төрагалары жана жергиликтүү кеңештердин жооптуу катчылары чакырылды. “Эмне үчүн бардык эле депутаттар окууга катыша албай калды?” деген суроо болушу мүмкүн. Мунун себеби – бюджеттин чектелүү болушу, мындан ары ӨСИ жана ЖӨБ Союзу бардык каалоочу депутаттар үчүн, балким, БАЖБА аркылуу окутууну уюштурууга күч-аракетин жумшайт.
Окутуунун максаты – жергиликтүү кеңештердин ишин натыйжалуу уюштуруу, негизги ченем жаратуучу, көзөмөлдөөчү жана өкүлчүлүктүү функцияларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жана билим деңгээлин жогорулатуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери, жергиликтүү кеңештердин компетенциясы жана регламенти, жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу, жергиликтүү кеңештин ишин пландаштыруу, ченем жаратуу процесси жана техникасы, жергиликтүү бюджетти түзүү, шайлоочулар менен байланыш түзүү, отчеттуулук чөйрөсүндө алардын дараметин жогорулатуу.
Депутаттар төмөнкү темалар боюнча окуудан өтүштү:
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери;
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасы, ыйгарым укуктары, түзүмү, компетенциялары;
-
жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери;
-
жергиликтүү кеңештин бюджеттик процесске катышуусу жана ролу;
-
жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу, иштин башка түрлөрү менен айкалыштыруу, көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү функциясы;
-
депутаттын ыйгарым укуктарынын пайда болушу, алардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу;
-
депутаттын этикасы;
-
жергиликтүү кеңештин регламенти (жол-жоболук маселелер);
-
ченем жаратуу техникасы;
-
жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу;
-
2025-жылга жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын Иш планын даярдоо.
Окуу программасында акыркы жылдары кабыл алынган айрым ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор эске алынды. Жергиликтүү кеңештердин өкүлдөрүнө ошондой эле МКЖӨБМА бекиткен төмөнкүдөй методикалык консультациялык колдонмолор (документтер) берилди:
- айылдык кеңештин Типтүү регламенти;
- шаардык кеңештин Типтүү регламенти;
- айылдык кеңештин Типтүү иш планы;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын Типтүү иш планы;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын типтүү Этика кодекси;
- ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун Типтүү регламенти.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жалпы чогулушу
-
№2 (160) / 2025-03-03 Коомдук диалог: "Жаңы шайлоо циклинин башталышы: 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоо"
-
№1 (159) / 2025-01-30 БАЖБА, ЖӨБ Союзу жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттик муниципалдык ишканалардын сатып алуулары боюнча адистери үчүн окууну уюштурууда
-
№1 (159) / 2025-01-30 ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди