Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Мыкты муниципалдык тажрыйбалардын форуму
2025-жылдын 10-февралында Бишкек шаарында жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча өзгөчө ийгиликтүү демилгелерди жайылтууга багытталган Мыкты муниципалдык практикалардын форуму өттү.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу (мындан ары – ЖӨБ Союзу) уюштурду. ЖӨБ Союзу бул форумду Швейцария Өкмөтү каржылап, Кыргыз Республикасындагы ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынан жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган консорциуму ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында өткөрдү.
Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат башкармалыгынын эксперти Азамат ШАМЕЕВдин жана “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жетекчиси Асель МАМБЕТОВАнын саламдашуу сөздөрү менен башталды. Андан соң катышуучулар пилоттук муниципалитеттерде киргизилген мыкты муниципалдык тажрыйбалар жөнүндө видео презентация менен тааныша алышты.
2023-жылы пилоттук айыл өкмөттөрү үчүн окутуу семинарлары долбоордун негизги жетишкендиктеринин бири болуп калды. Бул семинарларда муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча иш-аракеттер Планы (КЖАП) иштелип чыккан. КЖАПтын негизинде аларды ишке ашыруу үчүн долбоор Чүй жана Талас облустарынын тандалып алынган пилоттук айыл өкмөттөрүнө гранттык колдоо көрсөттү. КЖАПта ар бир муниципалитет жеринде көрсөтүлүүчү кызматтарды оптималдаштыруу үчүн ар бир кадамы кеңири баяндалган.
Алсак, Чүй облусунда гранттык колдоонун алкагында 20 айыл өкмөтү тандалып алынып, алар жалпы жонунан 6 642 108 сом алышты. Талас облусунда 25 айыл өкмөтүнө 7 092 594 сом суммасында гранттык колдоо көрсөтүлдү.
Чүй жана Талас облустарында төмөнкү кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырылды:
- мектепке чейинки билим берүү – 11 долбоор;
- дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү – 3 долбоор;
- балдарды жана жаштарды тарбиялоо боюнча ийримдерди уюштуруу – 7 долбоор;
- жалпынын колдонуусундагы аймактарды жарыктандыруу – 8 долбоор;
- таштанды чогултуу жана чыгаруу – 5 долбоор;
- суу менен жабдуу – 3 долбоор;
- башка социалдык маанилүү кызмат көрсөтүүлөр – 5 долбоор.
2024-жылы ААРнын жыйынтыгы боюнча муниципалдык ишканаларды колдоого өзгөчө көңүл бурулду. ЖӨБ Союзунун эксперттери төрт пилоттук муниципалдык ишканага ар тараптуу жардам көрсөтүштү, бул болсо алардын натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөштү. Форумда алардын ишиндеги негизги чакырыктар жана ыктымалдуу чечимдер талкууланды.
Форумдун алкагында муниципалитеттердин өкүлдөрү презентациялары менен чыгып сүйлөштү, алар долбоордун алкагында ишке ашырылган ийгиликтүү кейстер жана мыкты практикалар менен бөлүшүштү.
Талас районунун Беш-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Шамиль МУРАТ массалык спортту өнүктүрүү боюнча демилгелер тууралуу айтып берди. Бул демилгелер элет жергесинде спорт менен машыгуу үчүн заманбап шарттарды түзүп берди.
Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Бактыбек АБДЫРАСУЛОВ тиричилик калдыктарын чогултуунун жана чыгаруунун жаңы системасы тууралуу айтып берип, таштандыларды чыгаруунун уюштурулган процесси калктуу конуштун санитардык абалын кыйла жакшыртканын белгиледи.
Ошондой эле долбоорлор аткарылган калктуу конуштардын жашоочулары да оң өзгөрүүлөрдү белгилешүүдө. Талас районунун Кызыл-Адыр айылынын тургуну Аспира ЭГЕМБЕРДИЕВА өз ою менен мындайча бөлүштү: “Мурда таштанды көрүнгөн жерде жатчу. Биз аны өзүбүз терип, өрттөп салчубуз, мунун айынан райондо дайыма жагымсыз жыт болчу. Азыр таштанды челектери орнотулду, биз таштандыны ошолорго таштайбыз. Эң башкысы – бактарды толуп калганча эле таштандыларды муниципалдык ишкананын кызматкерлери өз убагында чыгарып кетишет”.
Форумга мамлекеттик органдардын, муниципалитеттердин өкүлдөрү, эксперттер жана өнөктөштөр катышты. Катышуучулар тажрыйба алмашып, ийгиликтүү кейстер менен таанышып, мындан аркы өнүгүүнүн келечегин талкуулашты. Кыйла натыйжалуу практикалар өлкөнүн башка региондоруна киргизилмекчи, бул болсо муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына оң таасирин тийгизери талашсыз.
Окшош материалы:
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 БАЖБА Чүй жана Бакай-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн тренингдерди өткөрдү
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Беш жергиликтүү демилге EGED программасынан гранттык колдоо алышат
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Административдик-аймактык реформа аракетте: Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында жашоо кантип өзгөрүүдө
-
№3-4 (161-162) / 2025-05-05 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жалпы чогулушу
-
№2 (160) / 2025-03-03 Жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин 1200гө жакын депутаты депутаттык иш тууралуу билим алышты
-
№2 (160) / 2025-03-03 Коомдук диалог: "Жаңы шайлоо циклинин башталышы: 2024-жылдагы жергиликтүү шайлоо"
-
№1 (159) / 2025-01-30 БАЖБА, ЖӨБ Союзу жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамагенттик муниципалдык ишканалардын сатып алуулары боюнча адистери үчүн окууну уюштурууда
-
№1 (159) / 2025-01-30 ӨСИ Ысык-Көл облусунун сайтын түзүү демилгесин колдоп берди