Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал
Түрмөктү ӨСИнин мониторинг боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ даярдады
Жергиликтүү кеңештин депутаты Асель САПАРБАЕВА айыл тургундары менен жолугушууда машыгуучу борбордун жоктугу курч көйгөйлөрдүн бири экенин билди. Көптөгөн аялдар сыртта машыгууга аргасыз болушат, ал эми аба ырайы бузулганда мындай жер да болбойт. Жолбун иттер кол салат деген тобокелдиктен улам сыртта чуркоо да кооптуу болушу мүмкүн. Элеттик ооруканада жүргүзүлгөн сурамжылоо оорулардын саны көп кыймыл-аракеттин жоктугунан улам көбөйгөнүн көрсөттү. Бул көйгөйдү чечпесе, элеттиктердин ден соолугу начарлап, дени сак төрөлгөн балдардын саны азайып, өлүм көрсөткүчү көбөйөт деп күтүлүүдө. Ошол себептен улам Асель САПАРБАЕВА тургундардын ден соолугун чыңдап, калктын саламаттыгына салым кошо турган фитнес-борборду ачууну чечти.
Долбоордун таржымалы жана идеялары
Мындан бир нече жыл мурда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылындагы мектептин кабинетинде мугалимдер Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен биргеликте йога жана физикалык көнүгүү боюнча үч айлык окуудан өтүшкөн эле. Сабактар үзгүлтүксүз болуп, катышуучулар ден соолугун кыйла бекемдеп алышкан. Бирок убакыттын өтүшү менен бул жайлар жеткиликсиз болуп, сабактар токтоп калган эле.
“Келечек муун” долбоорунун алкагында STEM-багытындагы жана башталгыч класстардын англис тили мугалимдери кыз-келиндер үчүн ден соолук борборуна муктаждык бар экенин баамдашкан. Бул көйгөйдү чечүү үчүн демилгелүү топ менен биргеликте “FitZone” (“Фитнес-зонасы”) долбоору иштелип чыккан.
Бардык курактагы аялдарга, анын ичинде улуу муундун өкүлдөрүнө туура келген, керектүү шаймандар менен жабдылган фитнес-залдын ачылышын кыз-келиндер жана элеттиктер чыдамсыздык менен күтүп жатышты.
Көйгөйдү аныктоо
Демилгелүү топ айыл тургундарынын, өзгөчө аялдардын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Ден соолукка байланыштуу төмөнкүдөй көйгөйлөр аныкталган:
- кош бойлуулук учурунда келиндердин ден соолугу үчүн тобокелдиктер: баланын өсүшүнүн артта калуусу, аз кандуулук;
- кыймылсыз жашоо образына байланышкан оорулардын көбөйүшү: ашыкча салмак, гипертония, кант диабети, муун оорулары;
- жашоочулардын көпчүлүгүндө иштөө жөндөмүнүн азайышы;
- ден соолукка байланышкан көйгөйлөрдөн улам жумушсуздуктун өсүшү;
- эрте жашта өлгөндөрдүн санынын көбөйүшү;
- пайдалуу эс алуунун жоктугу, телефон тиктеп, кыймылсыз убакыт өткөрүү;
- кыйынчылыктарга туруштук бере албагандыктан стресс жана орой жүрүм-турум.
Колдоо жана каржылоо
“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн гранттык программасынын алкагында демилгелүү топ фитнес-зонанын долбоорун иштеп чыгып, конкурска катышкан. Бул Өнөктөштүктү Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы, КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту уюштурган.
Тоголок Молдо айылынын айыл өкмөтү имарат жай бөлүп берсе, жабдууларды сатып алууну гранттык программа толугу менен каржылаган. Жоробек Сатылганов атындагы орто мектептин жетекчилиги да долбоорду колдоп, көнүгүүлөрдү жасоо үчүн кабинет бөлүп берген.
Ишке ашыруу
Башында айыл өкмөттүн мурдагы кеңсесинин имаратын пайдалануу пландалып жаткан, бирок кышында жылуулуктун жоктугунан жана катуу суук болбогондуктан фитнес-залды мектепке көчүрүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Демилгелүү топ имарат жайды өз алдынча тазалап, чакан косметикалык ремонт иштерин жасады. Гранттык каражатка (130 000 сом) чуркоо үчүн шайман, веломашыктыргыч, турник, топтор, обручтар жана башка жабдуулар сатып алынды.
Долбоорду ишке ашырууга элеттин жаштары жана аялдары, ошондой эле мектептин волейбол командасы жигердүү катышты. Алар келечектеги фитнес-залдын имарат жайын оңдоп-түзөөгө, зарыл болгон жабдууларды орнотууга жардам беришкен, ошондой эле 14 000 сомго килем жана йога үчүн килемчелерди сатып алышкан. Кошо каржылоонун жалпы суммасы 17500 сомду түздү.
Фитнес-зал иштей баштап, айылдагы кыз-келиндердин арасында тез эле популярдуу болуп калды.
Жыйынтыктар жана өзгөрүүлөр
Залдын башында мугалим жана жаштар уюмунун жетекчиси АСАНБЕК кызы Тыным турат. Жашоочуларга маалымат берүү максатында WhatsApp-тайпаларында үзгүлтүксүз жарыяланып турган иш тартиби түзүлдү.
Аялдар фитнес-залга баруудан ырахат алышат, топторду түзүп, чогуу машыгууда. Көптөр ден соолугу кыйла оңолгонун жана салмакты азайта алышканын айтып жатышат.
Кара-Ой айылынын тургуну Жазгүл КАЗИЕВА: “Фитнес-залдын ачылышы мен үчүн чоң бакыт болду. Мен жумасына эки жолу залга барам – чуркайм, велотренажерду тээп, көнүгүүлөрдү жасайм. 5-апрелде машыга баштаганда салмагым 77 кило болчу. Биринчи машыгуудан кийин эле салмак таштап, бир нече убакыт өткөндөн кийин дагы 4 килого арыктадым. Мен кубанычтамын, Асель менен Тынымдын эмгеги үчүн абдан ыраазымын”.
Ошондой эле салмакты азайтуу боюнча бир айлык марафонго 20га жакын аял катышууда. Катышуучулардын салмак боюнча жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилет. Келечекте ушундай марафондорду жана акцияларды өткөрүү пландалууда.
Борборду уюштуруп, туруктуу иштешине айыл өкмөтү жана жаштар уюму көз салып турат.
Кошумча спорттук демилгелер
Айылда волейбол боюнча кыз-келиндер командалары, анын ичинде Жоробек Сатылганов атындагы мектептин мугалимдер командасы жигердүү өнүгүп жатат. Фитнес-залдын ачылышы оюндардын алдында залда машыгууга шарт түзүп, бул командалардын даярдыгын бир кыйла жакшыртты.
2023-жылы айылда велосипед тебүү аялдар үчүн “уят” деген стереотиптерди жокко чыгаруу максатында аялдар үчүн веломарафон өткөн. Окуучулар кесилиштерде транспортту токтотуп, каттамдагы коопсуздукту камсыздоого жардам беришти. Марафондон кийин айылдын кыз-келиндери эч тартынбай, велосипедди ээн-эркин тебе башташты.
Келечекке пландар
Азыр фитнес-зал мектептин чакан имаратында иштеп жатат; мектептин башка канатында болсо балдар бакчасы бар. Учурда айылда бала бакчанын жаңы имараты курулуп жатат, бала бакча көчүп кеткен соң фитнес-зал үчүн дагы кенен жай бошомокчу. Кошумча жабдууларды сатып алып, борбордун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн зал-га келгендерден бир аз акча алуу пландалып жатат. Асель САПАРБАЕВА: “Биздин айыл бара-бара шаар тибиндеги конушка айланып баратат! Эми бизде ден соолукту чыңдоо үчүн фитнес-залыбыз бар. Демилгелүү адамдардын аракети менен кыялдар орундалып жатат!”.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты