Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы

2024-04-20 / ЖӨБ тажрыйбасы
Сизге сунуш менен келген уюмдардын алдында эшигиңизди жаппаңыз: Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн практикасы

“ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” Конкурсунун жеңүүчүсү болуп табылган "Тогуз-Торо аймагынын тургундары үчүн жарык орнотуу" мыкты тажрыйбасы

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо айылдык аймагында көчөлөрдө жарыктын жоктугу көптөн бери көйгөйлүү маселе болуп келген, жергиликтүү тургундар бул маселени чечүүнү тынбай талап кылышчу. Алар бул маселени жеке тартипте да, коомдук иш-чараларда да көтөрүшкөнү менен, бул маселе чечилбей жаткан. Караңгы кирээр замат элеттиктер ээн-эркин баса албай, сыртка чыккандан коркушчу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги бардык маселелерди мүмкүнчүлүгүнө жана маанилүүлүгүнө жараша жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын1 эсебинен чечип, бюджет боюнча коомдук угуулар учурунда аларды жергиликтүү тургундар менен алдын ала талкуулап турчу. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгымдар жалпы бюджеттин 10 пайыздан ашыгын түзгөнүнө карабастан, бул каражат да жетишсиз эле.

Бул маселени чечүү үчүн ЖӨБ органдары аймактагы 3 көчөгө жарык орнотуу үчүн зарыл болгон каражатты бөлүп берүү өтүнүчү менен Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондуна кайрылышкан. Жасалган иштердин натыйжасында 2 079,9 миң сомдук долбоорду ишке ашырууга жана аймактын көпчүлүк бөлүгүнө түнкү жарыктандырууну орнотууга мүмкүн болду. Бирок бул иштер маселени күн тартибинен толугу менен алып салууга мүмкүнчүлүк берген жок, себеби жарыктандырууну талап кылган жерлер кала берген эле.

“2022-жылдын декабрь айында Жалал-Абад облусунун аймагында Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) долбоорлорунун бири – биздин көптөн берки өнөктөшүбүз METAKETA V “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү”2. аттуу долбоорду ишке ашыра баштады. 2023-жылы бул долбоордун алкагында Чакан гранттар программасы жарандардын жана алардын бирикмелеринин демилгелерин каржылоо жолу менен жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине жигердүү катышуусуна дем берүү максатында конкурс жарыялаган. Биз дагы конкурска катышууга өтүнмөбүздү жибердик. Натыйжада биздин долбоордук өтүнмөнү конкурстук комиссия колдоп берип, гранттык негизде биздин аймакка 100 миң сомго жакын суммага 42 прожектор сатып алынды. Бул прожекторлорду айылдарыбызга орнотуп чыктык: Ленинде 6; Додомолдо 18; Кош-Булакта 12; Өрнөктө 6 прожектор орнотулду. Фоторелелерди сатып алууга жана аларды орнотууга жергиликтүү бюджеттен 40 миң сомго жакын каражат бөлүндү”, – деди Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн инвестицияларды тартуу боюнча адиси Иманбек БОРБОЛДОЕВ.

Ошондой эле Иманбек БОРБОЛДОЕВ көп жылдар бою ар кандай долбоорлор менен кызматташып жүрүп, бир маанилүү нерсени түшүнгөнүн кошумчалады: муниципалитетке акчалай гана эмес, окуу жана консультация түрүндө да пайда алып келе турган долбоорлор жана уюмдар менен дайыма кызматташып туруш керек: “Бүгүнкү күндө маалымат – бул башкы нерсе! Окуулар жана консультациялар, тажрыйба алмашуу сапарлары жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башка кесиптештериңиз кантип чечип жатканын көрүү – баа жеткис тажрыйба! Ал эми ишке ашырган тажрыйбабызды сүрөттөп берип эле даңкка да жетип, байгелерди да утуп алганыбыз кандай сонун окуя экенин айтпасам да түшүнүктүү болсо керек”. 

___________ 

1 2022-жылы Тогуз-Торо айылдык аймагынын бекитилген жергиликтүү бюджетинин көлөмү 10 млн 471 миң 900 сомду түзгөн. Булак: https://gb.minfin.kg/view.php 

2 https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/101.html    

 

Окшош материалы: