Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сууга байланыштуу чатакты кантип чечсе болот?

2013-12-03 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Сууга байланыштуу чатакты кантип чечсе болот?

Кошуналар ортосундагы суу үчүн талаштарга чекит коюу үчүн кезектеги жолу тегерек столдо чогулуп, бардык талаштуу жагдайларды сүйлөшүп алуу макулдашылды...

 
Көйгөйдүн сүрөттөлүшү
 
Ак-Коргон айылдык аймагынын Баястан айылынын дээрлик бардык калкы айыл чарбасы менен жан багат. Дыйкандар картошка, сабиз, пияз, помидор, бадыраң өстүрүп, бак иштетет. Айдоого жарамдуу жердин бардыгы Алабука-Сайдагы, Чанач-Сайдагы булактардан жана жаратылыш булактарынан келген суу менен сугарылат. Алардын бири – Миң бир булак суусу 146 гектар жерди азыктандырат. Бирок бир маселе бар: булак башка айылдык аймактын территориясынан башталат жана аны Кашкалак менен Келте айылдарынын калкы пайдаланып келет. Жайында суу таңкыстыгы пайда болгон учурда бул айылдардын тургундары сууну өз талааларына буруп, бууп турушат. Андыктан булактын нугу боюнча төмөндө жайгашкан жерлер сугарылбай калган. Бул жерлерде болжол менен 860 дыйкан иштеп, мындай акыйкатсыздыкка өз нааразылыктарын билдиришкен.
 
Кашкалак жана Келте айылдарынын тургундары сууну өздөрү гана пайдаланып, СПАга (суу пайдалануучулар ассоциациясына) же федерацияга киргенден да баш тартканы кырдаалды оорлоштурду. Суунун айынан талаштар ачык жаңжалга өтүп кеткен учурлар да болгон. Өзгөчө кырдаал сугат сезонунда курчуйт.
 
Эмне жасалды?
 
Кошуналар ортосундагы суу үчүн талаштарга  чекит коюу үчүн кезектеги жолу тегерек столдо чогулуп, бардык талаштуу жагдайларды сүйлөшүп алуу макулдашылды. Ал эми сүйлөшүүлөр ачык, конструктивдүү мүнөздө өтүшү үчүн анын демилгечилери талкууга аксакалдарды, айылдын жергиликтүү лидерлерин, жаштарды, айылдык аймактын өкүлдөрүн чакырышты.Талкуу жеңил өткөн жок. Бирок бул жерде даанышмандык жеңди. Кошуналар бардыгы биргелешип булактарды тазалап,анын нуктарын кеңейтип, ылайдан жана чөгүндүдөн, таштандыдан бошотуп, бөлүштүрүүчүлөрдү оңдоп, мурабды (гидротехникти) тандап алууну макулдашты. Материалдык чыгымдарды сүйлөшүп, техника менен камсыздоо маселеси чечилди.
 
Көп өтпөй жумуштар макулдашылып алгандан кийин эл “ашарга” чогулду. Биринчи күнү ага 142 адам чогулуп, экскаватор жете албай турган жерде 9 булакты өз колдору менен калыбына келтиришти,булактын 600 метр нугун ылайдан жана таштандыдан арылтып, нукту кеңейтишти. Кийинки күнү ыктыярчылар 3 суу бөлүштүрүүчүнү оңдоп, 4 кубметр бетонду куюп, суу ченегичти орнотуп, жээктерин бекемдешти.Экскаватордун ижара акысына, күйүүчү майга, таш жеткиргенге, транспортко кеткен чыгым 17450 сомду түзүп, ал жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылды. “Ашардын” катышуучуларынын тамактануусуна 10500 сом кетип, ал каражатты аймактын тургундары өздөрү чыгарышты.
 
Адамдардын ишениминде, мурдагы талаш-тартышты алынган тажрыйбадан улам тынч жол менен жөнгө салынды. Белгилей кетчү жагдай, бир нече ай мурда элеттиктер райондун чек ара отряды менен биргеликте этностор аралык ынтымакка, тынчтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө арналган акцияга катышкан. Ошондо эле айылдын борбордук сейил багында “Ынтымак аллеясын” куруу тууралуу мыкты идея жаралган. Ушул жалпы ишке өз салымын кошууну каалагандардын саны 120га жакын болду: аксакалдар,аялдар, жаштар жана чек ара бөлүмүнүн жоокерлери сейил бактын тегерегин тартипке келтирип, арчанын,каштандын, эмендин 300 көчөтүн, розанын түптөрүн отургузуп, ынтымак эстелигин тургузуп, 10 отургуч орнотуп, тынчтыкта жана достукта жашоого үндөгөн 10 баннер илинди. Аллеяны ачуу учурунда концерт коюлуп, адамдарды жайыл дасторкон күтүп турган.
 
Натыйжасы
 
Булактарды тазалоо, булактын нугун кеңейтүү боюнча бардык өткөрүлгөн иш-чаралардан кийин ал жерде суу бир кыйла көбөйө түштү, анткени жоготуулар кескин кыскарды. Аларды таптакыр эле жок кылып салуу үчүн суу берүү графигин түзүп, берилген суунун көлөмүн аныктап алышты. Мына ошол так регламент 5 айдан бери иштеп келатат жана сугат суу үчүн жаңжалдар жана талаштар болбой калды. Кошуналар ортосундагы достук мамиле бекемдеп, айыл тургундары зарыл болгон учурда бири-бирине жакшы сөз айтып гана тим болбостон, айыл чарба техникасы менен да жардамга келүүгө даяр.
 
Элдик трибуна
 
Аймактын аксакалдары: “Сабыр болсо бардыгы чечилет”.
 
АБДУХАЛИЛОВ Ислам, айыл башчы,
БОРУБАЕВА Мохигүл,
жергиликтүү жамааттын лидери

Окшош материалы: