Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БӨУ жарык алып келгенде!

2013-12-04 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013

Бейөкмөт уюм РЭС менен жаңы трансформаторду орнотуу тууралуу макулдашты...

Көйгөйдү сүрөттөө 
 
Кара-Тектир айылы жаңы конуштардын эсебинен кеңейип эле баратат. Бирок бир көйгөй бар: жүзгө чукул адам жашаган 25 үйдө көп учурда жарык болбойт.Тургундар трассанын башка көчөсүнөн өткөн электр линияларын колдонууга мажбур болду. Жабдуунун кубаттуулугу баарына жетпегендиктен лампалардан тийген жарык керосин шамынан түшкөндөй үлбүрөп жанып турган. Тургундардын эскерүүлөрү боюнча, электр зымдары стандартка жооп бербеген, убактылуу орнотулган, жапыз устундарга тартылган. Ушунун өзү адамдын өмүрүнө чоң коркунуч жараткан. Мисалы, трактор менен өтүш үчүн дайыма токту өчүрүп,андан соң зымдарды шырык менен көтөрүп туруш керек эле. Кээде муну электр жарыгын өчүрбөстөн жасашчу. Аялдар тамак жасаганда кыйналып эле жатышчу. Анткени электр меши керектүү температурага чейин жылыбагандыктан буга көп убакыт кетчү.
 
Эмнелер жасалды?
 
Бир күнү сүйлөшүү максатында ЖөБ жана “Келечек нуру” коомдук уюму жолугушту. Бейөкмөт уюм РЭС менен жаңы трансформаторду орнотуу тууралуу макулдашты. АӨ атайын фонд аркылуу аны сатып алды. Бирок каражат баары бир тартыш болчу.Ошол жетпей жаткан акчаны жамааттан табышты.Жашоочулар 52 300 сом чогултуп беришти. Акча сметага ылайык сарпталды: 25 миң сом бетондон жасалган тирөөчү бар 10 устунду сатып алууга, 1500 сом трансформаторду жеткирүүгө, дагы 2500 сом автокрандын кызматы үчүн, 19 миңден ашык акча зымдарга, 21 миң сом электриктердин тамактануусуна жумшалды.
 
Бир аптада бүтүрүштү. “Келечек нуру” БӨУ калкты устундарды жана трансформаторду орнотуу боюнча иштерге тарта алды, жергиликтүү тургундар энергетиктерге чоң жардам көрсөтүштү.
 
Натыйжасы
 
Бардык толкундануулардан, жолугушуулардан,талкуулардан, үгүт өнөктүгүнөн, акча жыйноодон кийин, жаңы конуштарга жарык жеткирүү боюнча биргелешкен иштерден соң үйлөргө жарык келди, ал кээде гана өчүрүлүп калды. Элет тургундары ушул жергиликтүү демилгени ийгиликтүү ишке ашырып алган соң алар өздөрүн дагы да ишенимдүү сезип, өз жашоосун мындан ары да жакшыртууга даяр болуп калышканын айтышты. . .
 
Туланбек АСАКЕЕВ, лидер, С. Өзүбеков,
АӨ башчысы; Мурат КУЛМАТОВ, өнөктөш

Окшош материалы: