2013-12-05 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Жер даяр болгондон кийин анын аянтында жаңгактын, алманын, теректин жана карагаттын көчөттөрү отургузулду...
Көйгөйдү сүрөттөө
Актектир айылы мурда өзүнүн жашыл бак-дарактары менен белгилүү болчу. Узунакмат дарыясынын жээгинде дарактар жана бадалдар өсүп турчу.Совет мезгилинде бул жерге атайын келип эс алып кетишчү. Бирок Союз урагандан кийин каалагандар отун үчүн дарактарды кыя башташкан. 5-6 жылдын ичинде эле токойлордон эч нерсе калган жок. Адамдар жана өрт “жашыл досторду” жок кылып жатканын мамлекет кайдыгер гана карап турду.
Эмнелер жасалды?
2000-жылы фермер Акмат ЧАЛОВ токойду калыбына келтирүү үчүн 10 гектар жерди ижарага алуу тууралуу токой чарбасы менен келишим түздү. Анын үй-бүлөсү аймакты курчай баштаганда айрым элеттиктер ага тоскоол болууга аракеттенишкен. Аксакалдар ортого түшүп, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бир үй-бүлөгө токойдун аймагында тазалоо иштерин жүргүзүү өтө оор болгон, эмгек ресурстары жетпей жатты. ЧАЛОВ тургундарга жардам сурап кайрылган. Ага жардамга 20 үй-бүлө барды.
Жер даяр болгондон кийин анын аянтында жаңгактын, алманын, теректин жана карагаттын көчөттөрү отургузулду. Акмат ЧАЛОВдун жигери башкаларга да өтүп, дагы 20 үй-бүлө өзүн ушундай жакшы ишке арноону каалашты. Алар “Келечек” жамаатына биригишти. Бир нече жыл мурда ПРООНдун Глобалдык экологиялык фондуна “Токойду калыбына келтирүү” долбоорун жазып жиберишкен. Көп өтпөй уюмдан 5000 көчөт сатып алууга, плакаттарды, китепчелерди чыгарууга жана семинар-тренингдерди өткөрүүгө ушунчалык зарыл болуп турган жардам келди. 2010-жылы Глобалдык экологиялык фонддун жардамы менен элеттиктер арпанын (7172 кило) жана эспарцеттин уругун алышып, аларды 45,4 гектар жерге отургузушту. Жамааттын бардык мүчөлөрү түрдүү талдардын, анын ичинде жемиш берүүчү бак-дарактардын 11,8 миңден ашуун көчөттөрүн отургузушкан. “Келечектин” ар бир мүчөсү демилгени ишке ашырууга 50 000ден 100 000 сомго чейин каражат сарптаган.
Дан эгиндеринин жана жер жемиштердин алгачкы түшүмү алынды, ал эми терек болсо курулуш үчүн пайдаланылат.Жердин бир гектарынан түшкөн пайда 60-90 миң сомду түзөт. Донорлордон тышкары жигердүү адамдарга жардамды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да көрсөттү. Жердин чекарасын аныктоо үчүн документтерди даярдоодо көмөктөштү. Ошондой эле калк арасында үлгүлүү тажрыйбаны жайылтууга да киришти. Токойлорду сактап калуу боюнча жамааттын тажрыйбасы тууралуу облустук телевидениеде бир чоң берүү даярдалып,“Шамшыкал” жана “Асыл жер” гезиттеринде макалалар жарык көрдү.
Элдик трибуна
Абдыгул ТЕЗЕКБАЕВ, жамааттын мүчөсү:
“Балдарыбыз биз качанкы бир кезде баштаган ишибизди улантышууда. Кыргызстан жашыл өлкө болчу жана ошол бойдон кала берет. Биз ордубузда туруп калбайбыз”.
Казымбек ШАРШЕНКУЛОВ, жамааттын мүчөсү:
“Токойду калыбына келтире баштаган алгачкы жылдардан тарта ушул кезге чейин мен бак-дарактарды өстүрүү менен алекмин. Алар канчалык көп болсо, аба да ошончолук таза болот. Менин мүдөөмдү балдарым да колдоп, жамаатка мүчө болушту”.
Майорбек САТЫМКУЛОВ, Токтогул районунун
РМА биринчи орун басары,
Акмат ЧАЛОВ, “Келечек” жамаатынын төрагасы