Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кары элеттиктер үчүн жардам бөлмөсү жана тигүүчү цех

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
 Кары элеттиктер үчүн жардам бөлмөсү жана тигүүчү цех

Төрт кары пенсиясын жаздыртып, экөө майыптыгы үчүн компенсация алса, үч пенсионерге козуну белекке беришти...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Кары адамдар, пенсионерлер – бул калктын эң аярлуу бөлүгү. Аларга өзүнүн социалдык-экономикалык укуктарын коргоо бир топ кыйын. Алардын көбү жупуну пенсияга жана жөлөк пулга араң күн өткөрүшөт. Бирок булардын да каалоосу жана үмүттөрү бар. Алардын жашоосун кантип жеңилдетсе болот?
 
Эмнелер жасалды?
 
Курамына АӨ аппараты, жергиликтүү жамааттын лидерлери, ФАП кызматкерлери жана аксакалдар кеңеши кирген комиссия бул маселени өз көзөмөлүнө алды. Кары адамдардын тизмеси түзүлүп, ага 50 адам кирди. Алардын ичинен ону жардамга муктаж болчу. Айыл өкмөтү жай бөлүп, “Кызыл чырымдын” өкүлчүлүгү 27 508 сом берди. Бул акчага карыларга жардам берчү бөлмөнү ремонттоп, жасалгалап чыгышты. “Хелп Эйдж Интернешнл” уюму кары адамдар үчүн каражат бөлүп берди, жана алар “Арчайым” тигүүчү цехинин ачылышына сарпталды. Цехтен түшкөн пайда кары-картаңдарга жардам берүүгө жумшалат. Бүгүнкү күндө 27 миң сомго кызмат көрсөтүлүп, ал каражат социалдык чегерүүлөрдү төлөөгө, паспортту, пенсияга документтерди даярдоого, майыптыкты каттаттырууга ж.б. сарпталды.
 
Натыйжасы
 
Төрт кары пенсиясын жаздыртып, экөө майыптыгы үчүн компенсация алса, үч пенсионерге козуну белекке беришти. Демилге кары адамдардын активдүүлүгүн арттырып, коомчулуктун көңүлүн алардын көйгөйлөрүнө бурдурду. Ошол көйгөйлөрдү чечүүгө 131 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Бул акча салмакты, кандагы канттын өлчөмүн, кан басымын текшерүүчү аспапты сатып алууга жумшалды. Айыл өкмөтү 2000 сомго жардам көрсөтүп, бул акчага кулпу, парда, карниз, электр аспаптары сатып алынды. Эми карыларда майрамдарды тосуу, салтанаттуу күндөрдү белгилөө, жардам сурап кайрылуу үчүн жай бар.
 
 
Анаркан ОСМОНБАЕВА, ФАПтын медайымы,
Бегали СЫДЫКОВ, АӨ башчысы

Окшош материалы: