Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биздин келечегибиз үчүн үй

2013-12-06 / ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Биздин келечегибиз үчүн үй

Бала бакчаны ачуу маселеси айыл өкмөтүнүн стратегиялык жумушчу планына кирди...

Көйгөйдү сүрөттөө
 
Кызыл-Көл айылында балдар мектепке начар даярданып келишчү. Мугалимдердин баамында, мектепке чейин билимдин болбогону мунун негизги себеби.Кызыл-Көлдө бала бакча болбосо, кайдагы билим?
 
Эмнелер жасалды?
 
Бала бакчаны ачуу маселеси айыл өкмөтүнүн стратегиялык жумушчу планына кирди. Өнүктүрүү саясат институтунун семинар-тренингдерине катышуу, инвестицияларды тартуу боюнча райондук администрациянын адистери менен биргелешип иш алып баруу демилгенин жаралышы үчүн чоң түрткү болду. Элеттиктердин долбоорун ЮНИСЕФ колдоого алды.
 
Мектепке чейинки балдардын тарбиясы жана билими чоң ролду ойнойт.Ошондуктан Карамарт айылындагы А.Жапарбаев атындагы орто мектептин бош бөлмөлөрүндө капиталдык ремонт башталып, аягына чыгайын деп калды.Айылда 100 орундуу бала бакчанын ачылышына аз гана убакыт калды. Кээ бир жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп, ата-энелер балдарынын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптонбостон,ишке жана үй-бүлөлүк бюджетти толуктоого көбүрөөк көңүл бура баштайт. Бул тажрыйба жергиликтүү тургундар менен ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бири-биринен канчалык деңгээлде көз каранды болгонун, жалпы тапшырманы аткарууда канчалык ийгиликтүү кызматташа алаарын көрсөттү.
 
Элдик трибуна
 
Ынак АЙДАРОВ, жергиликтүүкеңештин депутаты, мугалим: 
“Жаңы муунду тарбиялоо үчүн шарт түзүү жана жакшыртуу – биздин милдетибиз. Биз балдарыбызды мыкты шарттарда тарбиялашыбыз керек”.
 
Гүлмира КАМБАРОВА, АӨ башчысы,
Зулайка ЖЭЭНКУЛОВА, АК депутаты

Окшош материалы: