Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Мен – жергиликтүү кеңештин депутатымын
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын 150 суроосуна жөнөкөй жооптордун жыйнагы...
Өнүктүрүү саясат институту жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын суроолоруна жооптордун жыйнагын даярдап жатат. Бул суроо-жооп жыйнагы 2012 – 2013-жылдары шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттары туш болгон чыныгы суроолорго жана маселелерге негизделген. Суроолор жергиликтүү жамааттардын жашоосу менен байланышкан темалардын кеңири чөйрөсүн камтыйт, анын ичинде депутаттардын укуктары жана милдеттери, муниципалдык каржы жана ресурстар бар. Жооптор жалпак тилде даярдалган. Анткен менен алар 2013-жылдын июлунда иштеп жаткан мыйзамдарга таянат. Жооптор уникалдуу автордук жамаат тарабынан даярдалды. Алар:мыйзамдар боюнча адис Орозбаев Б.; муниципалдык каржы жана бюджеттер аралык мамилелер боюнча адис Чекиров А.; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мурдагы жетекчиси, айыл өкмөтүнүн башчысы катары 12 жылдык тажрыйбасы бар Эсенбеков С. Мындай курам жооптордун сапатын,толуктугун жана практикалык баалуулугун кепилдейт.
Урматтуу окурман!
Жакынкы арада сиз «Мен - жергиликтүү кеңештин депутатымын» деген аталыштагы суроо-жооптор жыйнагын ала аласыз. Биз үчүн сиздин пикириңиз абдан маанилүү. Эгер сизде жыйнактын мазмуну боюнча кандайдыр бир сунуштар же депутаттардын иш-аракеттерине байланышкан актуалдуу суроолоруңуз болсо, өз сунуштарыңызды, каалоо-тилектериңизди жана суроолоруңузду факс аркылуу (0312) 976 529 номуруна же ADjunushalieva@dpi.kg э-дарегине жиберип коюуңузду суранабыз. Урматтоо менен, ӨНҮКТҮРҮҮ САЯСАТ ИНСТИТУТУ
Окшош материалы:
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 ЖДКЖ Долбоорунун колдоосу менен БАЖБА Талас жана Чүй облустарынын ЖӨБ органдарынын квалификациясын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Кесиптештердин тажрыйбасын үйрөнөбүз: Баткендеги муниципалитеттер Жалал-Абаддагы айыл өкмөттөрдүн мыкты тажрыйбаларын өздөштүрүүдө
-
№6-7 / 2022-07-05 “Кайрымдуулук” социалдык дүкөнү калктын аялуу топторуна жардам берүүдө
-
№6-7 / 2022-07-04 Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу
-
№5 (127) / 2022-06-01 Балдар үчүн коопсуз оюн аянтчасы – бул Шагым айылынын жашоочуларынын эмгеги
-
№1 (123) / 2022-01-11 Маданият үйү жана көчөлөрдүн жарыктандырылышы айылда жаңы маанайды жаратты
-
№7-8 (117-118) / 2021-08-09 Муниципалитеттин кайдыгер эмес тургундары муниципалдык токойлорду калыбына келтирүү ишин колго алышты
-
№7-8 (117-118) / 2021-08-09 Мэрия жаштар комитети менен биргеликте жаштар үчүн шарттарды түзүп бере алат