Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ошто коммуналдык кызмат көрсөтүлөргө жана кыш мезгилине даярдык көрүүгө багыт- талган финансы каражаттарынын айкындуулук маселеси талкууланды

2014-09-11 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Ошто коммуналдык кызмат көрсөтүлөргө жана кыш мезгилине даярдык көрүүгө багыт- талган финансы каражаттарынын айкындуулук маселеси талкууланды

Өнүктүрүү саясат институту “Интербилим ЭБ” коомдук уюмунун Оштогу филиалы, Ош ш. мэриясы жана шаардык кеңеш менен биргелешип,2014-жылдын 22-сентябрында Ош шаарындагы коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жана кыш мезгилине даярдык көрүүгө багытталган финансы каражаттарынын ачык айкындуулугу боюнча тегерек стол талкуусун өткөрдү.Ушул тапта Ош шаарында газдын жок болгонунан жана энергетика тармагындагы күтүлүп жаткан көйгөйлөрдөн улам бул тема шаардыктар үчүн эң актуалдуу болуп калды. Талкууга территориалдык кеңештердин өкүлдөрү, үй, квартал комитеттеринин жетекчилери, Бишкек ш. мэриясынын өкүлдөрү жана Ош шаардык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын төрагасы Бекмурза ЭРГЕШОВ катышты.

Негизги талкуу кыш мезгилине даярдык жаатында Ош ш. ЖӨБ органдарынын ишинде ачыкайкындуулуктун жоктугунун тегерегинде болду.Катышуучулар көрүлүп жаткан чаралар, аны менен катар электр энергиясы чектелүү болгон учурда электр мештерин сатып алууда аткарылган иштер шаардыктардын нааразылыгын күчөтүшү мүмкүн деген тынсыздануусун билдиришти; коммуналдык түйүндөрдө ремонттук иштерди жүргүзүүдө жергиликтүү бийликтин кварталдык жана үй комитеттери менен өз ара аракеттешүүсү байкалбайт.Ошону менен бирге макулдашылбаган смета боюнча калктан акча чогултулуп жатат. Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулар Ош ш. ЖӨБ органдары үчүн сунуштамаларды даярдашты: кышка даярдык боюнча чечимдерди кабыл алууда айкындуулук деңгээлин жогорулатуу, Ош ш. бюджетин калк үчүн түшүнүктүү түрүндө жеткирүү, шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын кызматкерлери конкреттүү аймакта күтүлүп жаткан иштер жана каржылоонун көлөмү тууралуу шаардыктарга үзгүлтүксүз маалымат берип туруш керек, шаардыктардын суроо-талаптарын жеткирүү үчүн шаардык кеңештин депутаттарына туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо.Сунуштамалардан кийин Ош ш. мэриясы жана шаардык кеңеш менен биргеликте 2015-жылга Ош ш. ЖӨБ органдарынын айкындуулугун камсыздоо боюнча планын даярдоо жана аны шаардык кеңештин кароосуна жиберүү тууралуу чечим кабыл алынды.

Окшош материалы: