Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ – бул таштанды жана жол маселелери гана эмес. Бул адамдын өнүгүүсү үчүн чөйрө – маданият, тарбия, муктаждарга камкордук, саламаттык, коопсуздук

2014-09-11 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
ЖӨБ – бул таштанды жана жол маселелери гана эмес. Бул адамдын өнүгүүсү  үчүн чөйрө – маданият, тарбия, муктаждарга камкордук, саламаттык, коопсуздук

Муниципалдык социалдык тапшырыкты жайылтуу боюнча долбоордун орто аралыктагы жыйынтыктарын талкуулоо

ӨСИ жарандык коомду колдоо боюнча GIZ (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу) Долбоору менен биргеликте ЖӨБ деңгээлинде социалдык тапшырыкты жайылтуунун жыйынтыктарын, ЖӨБ органдары жана бейөкмөт уюмдар өздөштүргөн сабактарды, ошондой эле келечектеги суроолорду жана пландарды талкуулашты.“Тегерек столдо” төм. баяндамалар угулду:

  • Өмүралиев айыл өкмөтү, “Социалдык тапшырыкты жайгаштырууга муниципалдык сынакка катышуу тажрыйбасы”, муниципалдык социалдык долбоор, “Айкөл” КУ, Талас облусу;
  • Катран айыл өкмөтү, “Муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык механизмин жайылтуу тажрыйбасы”, А. ИСАЕВ, Катран айылдык аймагынын башчысы;
  • “Мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө” мыйзам долбоорундагы жаңы нерселер, Н.ИДРИСОВ Кыргызстандагы ICNL (Коммерциялык эмес укук эл аралык борборунун);
  • “Муниципалдык деңгээлде социалдык тапшырык: Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы жана Кыргызстандагы кырдаал. КРда ЖӨБ деңгээлинде социалдык тапшырыкты түзүүгө шарттар жана артыкчылыктар”, Н.ДОБРЕЦОВА, ӨСИ төрайымы;
  • “КРда муниципалдык деңгээлде МСТны жайылтуу көйгөйлөрү. Практиканын МСТ жөнүндө жаңы мыйзамдын долбооруна которулушу”, Б.БЕКИЕВ, укуктук маселелер боюнча адис, ӨСИ;
  • “Муниципалдык социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө БӨУ менен ЖӨБнын өнөктөштүгү” Долбоорун ишке ашыруунун баскычтары, Р.СУРАНЧИЕВА, ӨСИ долбоорунун эксперти.
Ошондой эле “Социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө ЖӨБ менен БӨУ өнөктөштүгү” окуу-маалымат берүүчү тасма көрсөтүлдү.2014-жылдын күз мезгилинен тарта 2015-жылдын соңуна чейин 11 муниципалитет муниципалдык социалдык тапшырыктын аткарылышын төлөө үчүн ар бири 1 миллион сом (баары болуп 11 миллион сом) өлчөмүндө каржылык колдоо алышат.Бул практика өлкөдө кеңири жайыла алат жана ошондой болуш керек. Анткени ЖӨБ органдарына жамааттын социалдык маселелерин дагы да натыйжалуу чечүүгө жардам берет. Мындан тышкары жакынкы келечекте мамлекеттик социалдык тапшырык жөнүндө жаңы мыйзамды Жогорку Кеңештин талкуусуна жана кароосуна алып чыгуу пландалып жатат. Бул мыйзам Кыргызстандын муниципалитеттеринде аталган механизмди өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Жарандык коомду колдоо боюнча GIZ (Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомчулугу) Долбоорунун катышуусунан улам бул механизмди жайылтуу мүмкүн болду. Аталган долбоор Өнүктүрүү саясат институту менен биргелешип, ЖӨБ органдары жана жергиликтүү БӨУ үчүн тийиштүү окууларды өткөрдү.

Окшош материалы: