Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү жамааттын уставынын статусу күчөтүлдү

2014-11-05 / Мыйзам жаӊылыктары

2014-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР мыйзамдарынын айрым бир нормаларын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

  • 1. Мыйзамдардагы акыркы өзгөрүүлөргө байланыштуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР мыйзамында редакциялыктехникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөр киргизилген.Б.а., “шайлоочулар тобу” деген жамдаш сөз мыйзамдын бардык текстинде түрдүү жөндөмө жана сандык формаларында алып салынды, ошондой эле шайлоо системасын өркүндөтүүгө багытталган уюштуруучулук мүнөздөгү бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдын айрым жоболорун башка ченемдик укуктук актыларга шайкеш келтирүү жана өркүндөтүү, ошондой эле мыйзамда болгон боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу максатында даярдалды:
  • кабыл алынган мыйзам менен жергиликтүү калктын негиз салуучу документинин – жергиликтүү жамааттын Уставынын статусу күчөтүлдү. Жергиликтүү жамааттын Уставынын түшүнүгү жана милдети такталды, эгерде буга чейин устав анын аныктамасына ылайык укуктук акт статусуна ээ болуп келсе, эми ченемдик укуктук акт катары статусу жогорулады.
Мындан ары жергиликтүү жамааттын уставы (Мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгү) жаңы аныктамага ылайык, жергиликтүү жамааттын ички турмуш тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттештирет, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттенмелерин караштырат, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө, анын ичинде жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесске катышуусунда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган башка маселелеринде жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.Эми жергиликтүү жамааттын уставы үчүн укуктук база толук өлчөмдө даяр деп айтууга негиз бар.Анткени мыйзамга ылайык, жергиликтүү жамааттын уставы бир катар олуттуу маселелерди регламенттештириш керек. Алар: жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесин белгилөөгө
жана аныктоого укугу (“ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 14-беренеси); курултайдын делегаттарынын өкүлчүлүгүнүн нормаларын, аны өткөрүүнүн жана курултайдын чечимдерин ишке ашыруунун тартибин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгилөө укугу (“ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 59-беренесинин 3-б.); жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөө, өзгөртүү жана токтотуу укугу (“ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 1-б.); жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартибин мыйзамдарга ылайык белгилөө укугу (“ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренесинин 3-б.) жана башкалар.Жалпысынан жергиликтүү жамааттын уставдары менен жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга катышуусу, элеттин учурдагы көйгөйлөрүн аныктоодо жана аларды биргелешип чечүүдө жергиликтүү жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттешүүсү,ошондой эле тигил же бул калктуу конуштун салттуу, этностор аралык, географиялык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу ички локалдык маселелерди чечүүгө багытталган башка бир катар нормалар жана эрежелер белгилениш керек.2) акыркы жолу өткөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамында бир топ кемчиликтерди аныктады. Алардын бири 37-берененин жоболору эсептелет. Анда шаардык кеңештин төрагасы кызматына талапкерди көрсөтүү өзгөчө көйгөйлүү маселеге айланды.ЖӨБ тууралуу КР мыйзамынын буга чейинки редакциясындагы 37-берененин 1-бөлүгү депутаттарга шаардык кеңештин төрагасын көпчүлүк фракциялардын депутаттарынын же көпчүлүк фракциялардын коалициясынын ичинен гана тандоо мүмкүнчүлүгүн берген. Ошол эле маалда азчылык фракциялардын же азчылык фракциялардын коалициясынын депутаттары талапкерлерин шаардык кеңештин төрагасы кызматына көрсөтүү укугунан колдоно албай калчу. Бул болсо жарандардын жергиликтүү өз алдынча башаруу органдарына шайлоо жана шайлануу өңдүү негиз салуучу конституциялык нормаларга одоно карама-каршы келчү.Эми 37-берененин жаңы редакциясына ылайык,шаардык кеңештин төрагасы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна ар бир фракция же фракциялардын ар бир коалициясы ээ болду, бирок алардын ар бири бирден гана талапкер көрсөтүүгө укуктуу.
 
  • КР Премьер-министри дайындаган адамдардын шаардын мэринин милдетин аткаруучу же айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарган аким болуп дайындалган адамдардын кызматта болуу мөөнөтүнүн кыскалыгын (1 айдан 3 айга чейин) эсепке алып, кабыл алынган мыйзам менен ЖӨБнын аткаруу органдарынын башчыларын дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби өзгөрдү. Эми: - шаардык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү бүткөн же мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тарта жаңы шайланган мэр кызматына расмий киришкен күнгө чейин шаардын мэри милдетин убактылуу аткаруучу болуп эсептелет;
  •  шаардын мэри мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотулган учурда шаардын жаңы мэри шайланганга чейин анын милдетин биринчи вице-мэр аткарып турат. Биринчи вице-мэр кызматы болбогон учурда мэрдин милдетин вице-мэр аткарат;айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү бүткөн же мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тарта жаңы айыл өкмөт башчы кызматына расмий киришкен күнгө чейин анын милдетин айыл өкмөт башчы аткаруучу болуп эсептелет; айыл өкмөт башчы мөөнөтүнөн мурда кызма тынан бошотулган учурда жаңы айыл өкмөт башчы шайланганга чейин анын милдетин айыл өкмөт башчынын орун басары аткарып турат. Айыл өкмөт башчынын орун басары кызматы болбогон учурда айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруу айыл өкмөттүн жооптуу катчысына жүктөлөт.