2014-11-05 / Мыйзам жаӊылыктары
Көзөмөл ведомствосунан кабарлашкандай, 2014-жылы 869 коррупциялык кылмыш аныкталган.
2013-жылы 1085 коррупциялык кылмыш аныкталса, алардын ичинде: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында – 294, шаарлардын мэрияларында – 79, Коргоо министрлигинде – 79, Билим берүү жана илим министрлигинде – 74, Архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикте – 44, Ички иштер министрлигинде – 54, Мамлекеттик каттоо кызматында – 42, Саламаттык сактоо министрлигинде – 39, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикте – 32, Социалдык фонддо – 28, Чек ара кызматында – 26, Салык кызматында – 25, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде – 19, Бажы кызматында – 16,облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларда – 11 жана сот корпусунда – 20.
Башкы прокуратурадан белгилешкендей, келтирилген сандардан жасалган кылмыштардын саны боюнча алдыңкы орунду жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ээлейт. Анткен менен, эгерде кылмыштардын санын ар бир жүз кызматтагы адамга эсептей келгенде, анда төмөнкүдөй болот: Архитектура жана курулуш жана турак жай коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик – 275, Саламаттык сактоо министрлиги – 243,Билим берүү жана илим министрлиги – 117,Энергетика жана өнөр жай министрлиги – 84,Бажы кызматы – 53,3, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик – 46,3, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – 45,4, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – 39,5, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялар – 11,4 жана сот корпусу – 3,7. 2014-жылдын 9 айында 869 коррупциялык кылмыш аныкталган. Алардын ичинде: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында – 217, шаарлардын мэрияларында – 89, Билим берүү жана илим министрлигинде – 65, Мамлекеттик каттоо кызматында – 54, Ички иштер министрлигинде – 46, Коргоо министрлигинде – 40, Бажы кызматында – 27,Саламаттык сактоо министрлигинде – 24, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде - 22, Салык кызматында – 18, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде – 18, Архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттикте – 16, Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикте – 15, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттикте – 9, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында – 9, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинде – 8, Социалдык фонддо – 8, облустук жана райондук мамлекеттик администрацияларда – 4 жана сот корпусунда – 18.Ошону менен бирге кылмыштардын санын ар бир жүз кызматтык адамга эсептөө менен бөлө келгенде кырдаал мындайча өзгөрөт:Саламаттык сактоо министрлиги – 150, Билим берүү жана илим министрлиги – 103, Архитектура жана курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттик – 100, Бажы кызматы – 90, Энергетика жана өнөр жай министрлиги – 53.8, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги – 45,8, ӨКМ – 39.1, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары – 33.5, Мамлекеттик каттоо кызматы – 33.5, шаарлардын мэриялары – 28.4; Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик – 28.3, Мамлекеттик мүлк – 16.6,Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттик – 13, Салык кызматы – 11.9,Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 8.8 жана сот корпусу – 3.3.
“Муниципалитет” журналынын сереби: коррупциянын рейтинги жүз кызматтык адамга туура келген кылмыштардын саны боюнча аныкталат Өнүктүрүү саясат институту 2013-жылдын жазында коррупциялык кылмыштардын жалпы саны тууралуу статистиканы келтирүү туура болбой калаары жөнүндө ММКга жана Башкы прокуратурага кат жазган. Аны менен бирге биз башкы прокурорго төмөнкүлөрдү жазганбыз:«АКИpress сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, “2013-жылы прокуратура органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча, Кыргызстанда коррупциялык кылмыштардын көпчүлүгү айыл өкмөтүндө аныкталган – 294 кылмыш. Экинчи орунда Коргоо министрлиги, мэриялар жана акимиаттар – 79 кылмыш,үчүнчү орунда билим берүү чөйрөсү – 74 кылмыш...” ж.б.у.с. Коррупциялык кылмыштардын саны тууралуу статистикалык маалыматтардын ушул өңдүү баяндалышы коомду жана өлкөнү башкарган жогорку органдарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айыл өкмөтү) башкаруу системасынын эң коррупцияланган бөлүгү деп эсептөөгө түртөт.Биздин баамыбызда, статистикалык маалыматтардын ушинтип баяндалышы бул маселе боюнча тең салмактуу маалыматты бербейт, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын мыйзамдуулукту сактоо чөйрөсүндө болуп жаткан кырдаалды толук чагылдырбайт. Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын коррупцияланган деңгээли тууралуу прокуратура органдарынын тыянагы абсолюттук санга негизделген. Бирок алар бул органдардын жалпы санын эсепке алган жок, салыштырмалуу туюнтмасында – коррупциялык кылмыштардын бир органга туура келген саны тууралуу кырдаалды бербейт (салыштыра келсек, кайсы өлкө бай болгонун түшүнүү үчүн ИДӨнү адатта калктын жан башына ченешет).Мындан улам коррупциялык мүнөздөгү аныкталган кылмыштар боюнча айыл өкмөтү алдыңкы орунда болгону тууралуу прокуратура органдарынын анализинин жыйынтыгы коомго башкаруу органдарынын ар кайсы типтериндеги коррупциянын деңгээли тууралуу жаңылыш маалыматты берүүдө.2013-жылы Сиздин Жогорку Кеңештеги кеңири статистиканы камтыган баяндамаңыз өзгөчө элеттик ЖӨБ органдарына карата сындардын жана айыптоолордун чоң толкунун пайда кылды. ММКнын көмөгү менен коомдо айыл өкмөтүндө мамлекетке жана калкка эң көп зыян келтирген, толугу менен коррупцияга баткан адамдар отурат деген түшүнүк калыптанып калды. Бир органга туура келген кылмыштардын үлүшүн көңүлгө алганда бул акыйкатсыз. ӨСИ бул маалыматтарды тең салмактуу анализ жасаганга аракет кылбастан эле жайылтып жиберген ММКнын дарегине сын менен чыкты1. 2014-жылы кырдаал балким кайталанышы мүмкүн.Буга байланыштуу биздин уюм Сизге кайрылып,экинчи жыл катары менен башкаруу системасынын эң коррупцияланган бөлүгү деп аталып келаткан муниципалдык кызматчылардын 15 миңдик корпусунун басымдуу бөлүгүнүн жакшы атын коргоп калууну өтүнөт. Биз Сизден статистикалык маалыматтарды баяндоонун жогоруда белгиленген өзгөчөлүктөрүн көңүлгө алып,статистиканы мындан ары берүүдө салыштырмалуу маанисинде – бир органга туура келген кылмыштардын санын кошуп, мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары жасаган кылмыштарга дагы деталдуу анализ жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну өтүнөбүз”.2014-жылы Башкы прокуратура биздин сунуштарыбызга кулак төшөп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу коррупциялык кылмыштардын саны тууралуу салыштырмалуу маалыматтарды келтиргенине абдан кубанычтабыз. Натыйжада ЖӨБ органдары эң коррупциялангандардын катарында болбой калганы менен биз чын жүрөктөн куттуктайбыз!