Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык АА

2014-10-02 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык АА

Чет-Булак айылында үйдү бала бакчага беришти

Эмнелер жасалды? 2013-жылдын апрель айында аймактын жигердүү жашоочулары, АӨ адистери жана АК депутаттары “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун (ЭКБА) усулдарын үйрөнүштү. Өткөрүлгөн ЭКБА-сессиялар мектепке чейинки билим берүү көйгөйү артыкчылыктуу бойдон калып жатканын аныктады. Аймак деңгээлинде сегиз адамдан турган демилгелүү топ түзүлүп, анын курамына АК депутаттары, АӨ башчысынын орун басары, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү,жергиликтүү жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү кирди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Биргелешкен аракеттер планы иштелип чыкты.Айылда балдар мекемесине имарат жок болгондуктан демилгелүү топ бала бакчаны үй шарттарында ачууну чечти. Кырдаалга анализ жасап, кимден бала бакча үчүн үй сураса болот деп ойлонуп отуруп, жергиликтүү жашоочу Төркүнбүбү КАЗИЕВАда ылайыктуу бош үй бар экени аныкталды. Демилгелүү топ ушул маселе боюнча кайрылганда, Төркүнбүбү айым өз үйүн бала бакчаны уюштуруу үчүн сатууга макулдугун берди. Демилгелүү топтун мүчөлөрү жардам сурап айыл өкмөткө, айылдык кеңешке жана жергиликтүү жамаатка кайрылышты. Имаратты сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 1 200 000 сом, ремонт иштерине 2 000 000 сом, жабдууларды сатып алууга 170 000 сом бөлүндү. Ремонт иштери жасалып, эмеректер сатып алынгандан кийин тийиштүү мамлекеттик структураларга кайрылуу жолдонуп,устав иштелип чыкты. 2013-жылдын соңунда марафон өтүп, анын натыйжасында кошумча 143 710 сом чогулду. 2013-жылдын 18-сентябрында “Перизат”бала бакчасы расмий түрдө катталды.
Натыйжасы 2014-жылдын 1-январынан тарта “Перизат” бала бакчасынын эки тобу 48 баланы кабыл алды,штаттык ырааттамага ылайык, алар үчүн шарттарды13 адис түзүп берүүдө. Бул демилгелүү топтун тайманбас эмгегинен улам ишке ашты. ДТ маселени чечүүгө коомчулуктун көңүлүн буруп, каражат табуу жана бала бакчаны жасалгалоо боюнча чоң иштерди аткарды. Бул тажрыйба тууралуу “Жеңиш Туусу” гезитинде макала да жарык көрдү. Райондук мамлекеттик администрация жана райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан олуттуу методологиялык жардам көрсөтүлдү.Андан кийин бала бакчанын иши республикалык бюджеттен да колдоого ээ болду.
Төл сөз Роза ТЕЛГАЗИЕВА, Каргалык айылдык аймагынын Чет-Булак айылынын тургуну: “Бала бакча маселесин биринчи жолу талкуулаганда ал чечилерине көп деле көзүбүз жеткен эмес. Бирок бала бакча коомдук лидерлердин, сыйлуу жердештердин жана жигердүү жашоочулардын аракеттеринин натыйжасында ачылды. Эми балдарыбыз ылай-баткакта эмес, мектепке чейинки мекемедеги жакшы шарттарда тарбия алууда”. М

Окшош материалы: