Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА

2014-10-03 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин АА

Бала бакча – туш тараптан салым...

Эмнелер жасалды? Бактыгүл АНАРБАЕВА, айылдын активисти жана “Аруузат” элеттик фондунун жетекчиси: “Бул маселени чечүү зарылчылыгы демилгелүү топторду түзүүнүн жана алардын натыйжалуу ишинин натыйжалуу ишинин жыйынтыгында аныкталды. Демилгелүү топко жергиликтүү жамааттын лидерлери, муниципалдык ишканалардын, коомдук элеттик фонддун, аксакалдар сотунун өкүлдөрү жана жергиликтүү калк кирди.2013-жылдын күз мезгилинде элеттик клубдун имаратында бала бакчанын курулушу боюнча жергиликтүү демилгеге арналган айылдык чогулуш өттү. Ага АӨ башчысы жана АК төрагасы, коомдук уюмдардын жетекчилери жана жергиликтүү калк катышты. Чогулуштун жыйынтыгы боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды. Тагыраак айтканда: бала бакчанын курулушу үчүн жер участогун бөлүү тууралуу АӨгө өтүнүч жиберүү; 3 000 сом көлөмүндө айылдагы ар бир үй-бүлөдөн акча чогултуу. Ошондой эле элеттиктердин өкүлдөрүнүн атынан – эмгек мигранттарынан жардам берилери тууралуу убада жаңырды”.
Натыйжалар 2014-жылы жергиликтүү бюджеттен 450 000 сом бөлүндү. Жергиликтүү кеңештин чечими менен жер участогу бөлүнүп, бала бакчанын курулушу башталды. Долбоордун жалпы бюджети 4,5 миллион сомду түздү. Ошону менен бирге Жогорку Кеңештин депутаты Азамат АРАПБАЕВ беш тонна цемент берсе, Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Бакыт ТӨРӨБАЕВ 20 000 даана кирпич түрүндө көмөк көрсөттү. Москвадагы мигранттардан да 79 000 рубль салым түштү. Алар бул сумма ай сайын жиберилип турарын убада кылышты. Жергиликтүү жамааттан 1 000 000 сом көлөмүндө акча түшөт деп күтүлүүдө.Алардын жарымы чогултулуп калды. Жергиликтүү бюджеттеги каражаттан 2015-жылга 600 000 сом өлчөмүндө акча бөлүнөт деп убада берилди.
Төл сөз Жийдегүл АЛИМБЕКОВА: “Эгерде биз бири-бирибизди колдоп турсак, анда айылдагы бир топ маселелерди акылдашып чечип алабыз. Муну биз ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен түшүндүк. Долбоор бизге демилгелүү топторду түзүүгө жардам берип, айылыбыздын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоону үйрөттү.Окуудан кийин айылыбыздын жашоочуларынын жигердүүлүгү бир кыйла өстү, натыйжасы катары бала бакчаны куруу демилгесине туш тараптан көрсөтүлгөн колдоону айтса болот”.

Окшош материалы: