Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жогорку Кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү маселесин кеңири талкуулоодо

2014-12-22 / Мыйзам жаӊылыктары

2014-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети (мындан ары – Комитет) ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен биргеликте “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы нормаларды ишке ашыруу” темасына тегерек стол өткөрдү. Иш-чаранын максаты – мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу чыгымдоо менен жергиликтүү калкка сапаттуу мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн керек болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды кошо берүү менен ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу Конституциянын нормаларын жана КР мыйзамдарын ишке ашыруу.

Чоо-жайы
 
Буга чейин Комитет ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 76-беренесинин 2-бөлүгүн колдонмого алуу менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашыруу боюнча көзөмөл функцияларды ишке киргизүү максатында 2014-жылдын 25-ноябрында жана 28-ноябрында Бишкек менен Ош шаарларында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдардагы көйгөйлөр” темасына Комитеттин кеңейтилген отурумун өткөргөн эле.Аталган иш-чаралар Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, мамлекеттик администрация башчылары – район акимдеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн. Талкуунун катышуучулары мыйзамдардагы актуалдуу көйгөйлөрдү төмөнкүдөй тизмектеп чыгышкан:
 
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуу тууралуу конституциялык нормаларды жетиштүү деңгээлде ишке  ашырылбай жатышы;
  • ЖӨБ чөйрөсүндө административдик укук бузууга барган адамдарга карата ЖӨБ органдарынын административдик комиссиясы тарабынан административдик  жаза-чараларды берүү тартибин өркүндөтүү зарылчылыгы;ЖӨБнын өкүлчүлүктүү органдары кабыл алган ченемдик укуктук акттарды жарыялоонун жана алардын күчүнө кирүүсүнүн тартибин өркүндөтүү зарылчылыгы;
  • ЖӨБ Союзу жана муниципалдык ассоциациялар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун алдын-ала талкуулоо жана макулдашуу маселелеринде алардын ролун күчөтүү зарылчылыгы;
  • ЖӨБнын аткаруу органдарынын башчыларынын жергиликтүү жамаат алдында отчет берүү тартибинин жоктугу;
  • айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишмердигин өз алдынча уюштуруу максатында айылдык кеңештер үчүн жооптуу катчы штаттык бирдигинин жоктугу;
  • жергиликтүү кеңештердин биргелешкен отурумдарынын иш тартибин өркүндөтүү зарылчылыгы жана башка маселелер.

    Буга байланыштуу ЖӨБ органдарынын ишмердигинде жогоруда аталган маселелерди комплекстүү чечүү максатында Комитет ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик укуктук акттардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түздү.Өткөрүп берүү – өзөктүү маселе.Комитеттин сыртта өткөргөн отурумдарынын жыйынтыгы боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесин аткаруу бийлигинин айрым мамлекеттик органдарына түшүндүрүп берүү зарылчылыгы жаралды. Талкуунун катышуучулары тегерек столдун алкагында калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү эсепке алуу менен бир катар мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү зарыл экенин белгилешти. Аны менен катар өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмегин так аныктап алуу керек. Мунун негизинде республикалык бюджеттин эсебинен ЖӨБ органдарын каржылоону камсыздоо зарыл. 

Тегерек столдун катышуучуларынын алдында Адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитеттин төрайымы Наталья НИКИТЕНКО,Кыргыз Республикасынын Өкмөт аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын,Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү сүйлөдү.Н. НИКИТЕНКО бүгүнкү күндө мамлекеттик органдар, мисалы, каалаган министрлик тармактык мыйзамдар менен так белгиленген өзүнүн гана тармагына тиешелүү болгон ишмердикти жүзөгө ашырып келерин, ал эми ЖӨБ органдары ар бирминистрликтин, мамлекеттик агенттиктин жана кызматтардын ишмердиги менен чектешкенде өзфункцияларын да, тармактык мыйзамдарда белгиленген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын да жүзөгө ашырарын белгиледи.“Тилекке каршы мыйзамдар ЖӨБ органдарынын функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын чөйрөсүн тийиштүү финансылык колдоосуз, ошондой эле аткаруучулардын штаттык бирдигине тийиштүү толуктоолорду кошпостон эле негизсиз кеңейтип салган. ЖӨБ органдарына айрым бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды жана тапшырмаларды берүүдө мамлекеттик органдар тийиштүү анализ жүргүзбөйт.Мамлекеттик функциялар жана ыйгарым укуктар ЖӨБ органдарына аларды натыйжалуу жүзөгө ашыруу жана өз мүмкүнчүлүктөрүн жана аларды ишке ашыра алуу реалдуулугун эсепке алуу менен жергиликтүү жамаатка сапаттуу кызматтарды көрсөтүү максатында өткөрүлүп берилиш керек.Анткени мунун баары ЖӨБ органдары аткарган өз функциялардын натыйжаларына жана калккамуниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына таасирин тийгизет. Ошондуктан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар ЖӨБ органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип жатканда тоскоолдук жаратпашы керек.

Айрымдарын иш жүзүндө ЖӨБ органдары аткарып жаткан өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар Конституцияга, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө”КР Мыйзамдарына ылайык таризделиш керек жана ЖӨБ органдары аларды чындап аткара алышы үчүн каржылоо методикасы сабаттуу түзүлгөн өткөрүп берүүнүн так механизмин караштырыш керек”, - деп сөзүн жыйынтыктады Комитеттин башчысы.ӨСИ башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА өз сөзүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Кыргыз Республикасындагы 20 жылдык ишинде эч ким башкаруу деңгээлдеринин ортосунда жоопкерчиликти ажырымдоо чөйрөсүн тартипке келтире албаганын белгиледи. Анткен менен 2014-жылдын соңунда белгилүү бир жылыш байкалганын белгилебей коюуга болбостур: “Эгерде мурда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардыкфункциялары жана ыйгарым укуктары бир жерге “үйүлүп” ташталса, жарандар ким кайсы иш үчүн жооп берерин ажырата албаса,бүгүнкү күндө бизде бери дегенде төрт тизме бар – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өз функци-ялары, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жана мындайча айтканда “аралаш” функциялар. Күчүнүн жетишинче өкмөт менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу бул тизмелерди ирээтке келтире баштады. Анткен менен алдыда дагы иш өтө көп. Бүгүн биз экинчи тизмени талкуулап жатабыз, ал бир топ түшүнүктүү. Бирок биринчи планга мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ортосундагы финансылык мамилелерди тартипке келтирүү зарылчылыгы чыгууда. Өкмөттүн саясий эрки бар, бирок өткөрүп берүү менен акчасынан жана бийликтен ажырап калабыз деп корккон тилкелик министрликтердин каршылык көрсөтүүсү байкалып турат. Эч ким эч кимден эч нерсе тартып албай турганына бөркүңүздөй ишенип коюуңуз. Болгону кеп жүктү туура бөлүштүрүү жөнүндө жүрүп жатат, ал эми финансы функциялардын артынан эле ээрчип жүрөт.Ошондуктан министрликтер ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүдө ага каражат кошуп бериш керек деген түшүнүккө келет деп абдан ишенебиз”.

Талкуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү эсепке алуу менен өткөрүп берүү зарыл экенин белгилешти. Аны менен катар өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмесин так аныктап алуу зарыл. Ошонун негизинде ЖӨБ органдарын каржылоону республикалык бюджеттин эсебинен камсыздаш керек. Аталган тема боюнча уюштурулган тегерек столдун негизги баяндамачыларынын бири Жогорку Кеңештин депутаты, эки кодексти жана он эки тармактык мыйзамды Конституциянын жана ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына шайкеш келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорунун демилгечиси Кеңешбек БОКОЕВ болду. Андан кийин аталган маселе боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнүн атынан ЖӨБЭММАнын директорунун орун басары Михаил ХАЛИТОВ маалымат берди. Ал КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы №145 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруунун алкагында ЖӨБ органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу процессинде ортого чыккан көйгөйлөр жөнүндө кенен маалымат берди.

Өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл болгон финансы каражаттары менен ЖӨБ органдарын камсыздоо жаатында Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аларга мониторинг жүргүзүү боюнча башкармалыктын жетекчиси Зоотбек КЫДЫРАЛИЕВ ЖӨБ органдарын республикалык бюджеттеги каражаттардын эсебинен кошумча каржылоонун көлөмү,ошондой эле ЖӨБ органдарына өз ыйгарым укутарын өткөрүп берүү ниетин билдирген мамлекеттик органдар тууралуу кыскача айтып берди.Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап КУТУШЕВ ЖӨБ органдары тийиштүү министрликтер жана ведомстволор менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тууралуу келишимдин негизинде биргелешип аракеттенүүсү тууралуу сунушту киргизди. “Бул ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү маселесин так жөнгө салууга жардам берет, ошондой эле ЖӨБ менен тийиштүү ведомстволордун кайталанма функцияларынын кыскарышына көмөктөшөт”, - деп белгиледи. 

   А.КУТУШЕВ. Депутат салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн да ЖӨБ органдарына калтыруу керектигин айтып, бул механизм жергиликтүү маанидеги бир катар көйгөйлөрдү өз алдынча чечүүгө жардам берерин кошумчалады.Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуталип КОЧКОРБАЕВ ЖӨБны каржылоо маселеси көптөн бери көтөрүлүп келатканын, бирок дайыма эле талкуу баскычында кала берерин белгиледи. “Бүгүн биз ЖӨБнын мамлекеттин турмуш тиричилигиндеги ролу маанилүү экенин, дал ошондуктан аларды финансылык көз карандысыздык менен камсыздаш керектигин түшүнүп турабыз”, - деп айтты А.КОЧКОРБАЕВ. Мындан тышкары катышуучулар ЖӨБ органдарына ченемдик-укуктук актыларды демилгелеп чыгуу укугун берүүнү сунушташты.

   Анткени бул социалдык маселелерди жеринде натыйжалуу чечүүгө көмөктөшмөк. Комитеттин төрайымы Наталья НИКИТЕНКО ЖӨБ чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ бардык айтылган сунуштарды жана пикирлерди эсепке алаарын белгиледи. Талкуунун жыйынтыгы боюнча тегерек столдун катышуучулары тийиштүү Резолюцияны кабыл алышты. Аталган Резолюциянын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө колдонуудагы мыйзамдарга анализ жүргүзүү жана бир катар мыйзамдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби тууралуу мыйзамга шайкеш келтирүү, ошондой эле өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттерге республикалык бюджеттен берилген трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасын аныктоо сунушталды.