Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал АА: “Бала Нур” долбоору

2015-04-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Чаткал ААда артыкчылыктуу көйгөйдү тандап алуу процессинин 209 катышуучусу Чаткал ААда 2ден 6 жашка чейинки балдардын дене тарбия өнүгүүсү, логикалык ой жүгүртүүсү, ошондой эле аларга кошумча билим берүү үчүн шарттардын жоктугун жамаат үчүн өзгөчө маанилүү жана актуалдуу социалдык маселе катары аныктап алышты.Муниципалдык социалдык тапшырыктын аткаруучусу болуп “Бала Нур” долбоорун сунуштаган “ТОС Курулуш” коомдук уюму тандалып алынды. Долбоор Чаткал ААда 2ден 6 жашка чейинки балдардын дене тарбия өнүгүүсү, логикалык ой жүгүртүүсү, ошондой эле аларга кошумча билим берүү үчүн шарттарды түзүү максатын көздөйт.

 
Муниципалдык социалдык тапшырыкты эффективдүү аткаруу үчүн 9 адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү.Анын курамына жамааттын лидерлери, айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди.Биринчи транштын алкагында “ТОС Курулуш” коомдук уюму төмөнкүдөй иштерди аткарды: 2-6 жаштагы балдардын тизмеси жана саны такталды: 2 айылдан 100 киши; сынактын негизинде 5 тарбиячы тандалып алынды; календардык план иштелип чыкты; тендердин негизинде эки бала бакча үчүн жабдуулар, эмерек жана кеңсе техникалары сатып алынды; иш-чаралар өткөрүлдү (тегерек стол, 240 сааттык программанын негизинде окутуу боюнча семинар, сүрөттөрдүн көргөзмөсү, ачык сабактар ж.б.); долбоордун максаттары жана милдеттери,ошондой эле жергиликтүү жамаат үчүн долбоордун алгачкы жыйынтыктары тууралуу бет ачар өттү.Долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөр: Чаткал районунун мамлекеттик администрациясы,райондук билим берүү бөлүмү, Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” жана Курулуш айылындагы “С.Чондоева” бала бакчалары.“ТОС Курулуш” КУ менен байланыш жолдору:(+996) 777 731 192, электрондук дарек: kanysh-kya@mail.ru, saikal0814@yandex.ru,Сайкалбү АБДЫЛДАЕВА. Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал АА: “Бала Нур” долбоору жакшыртуу максатын көздөйт. Муниципалдык социалдык тапшырыкты эффективдүү аткаруу үчүн 7 адамдан турган биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу түзүлдү. Анын курамына жамааттын лидерлери, айыл өкмөттүн адистери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, социалдык мекемелердин кызматкерлери кирди.
Биринчи транштын алкагында “Инсан Лейлек” коомдук фонду төмөнкүдөй иштерди аткарды: долбоорду ишке ашыруу үчүн “Инсан Лейлек” КФ командасы түзүлдү; долбоордун жумушчу тобун түзүү боюнча аймактын активисттери жолугушуу өттү; жабдууларды жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча ачык сынак өткөрүлдү (эмерек, тиричилик товарларын жана жабдууларды жеткирүү, жалпы курулуш иштери); майыптыгы бар бардык балдардын толук жана так тизмесин түзүү үчүн Тогуз-Булак айылдык аймагындагы беш айылды үймө-үй кыдыруунун натыйжасында майыптыгы бар 49 бала аныкталды; 49 балага Социалдык картаны түзүү боюнча иштер башталды;натыйжада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын жалпы тизмесине 55 бала кирди.Долбоорду ишке ашырууда өнөктөштөр: Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы,райондук социалдык коргоо боюнча башкармалыгы, “Тонус” жеке медициналык клиникасы.“Инсан Лейлек” КФ менен байланыш жолдору:(+996) 3656 50 104, (+996) 773 427 932,(+996) 770 691 184,электрондук дарек: insan_leilek@rambler.ru,Сагынбек СЕЙДАЛИЕВ, Гүлнара ДЕРБИШЕВА.

Окшош материалы: