Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Партиялык фактор жана Жергиликтүү кеңештер: 2016– жылдагы жергиликтүү шайлоого даярдануудабыз

2015-06-16 / Депутаттык баяндар
Партиялык фактор жана Жергиликтүү кеңештер: 2016– жылдагы жергиликтүү шайлоого даярдануудабыз

Өнүктүрүү саясат институту Кыргызстандын муниципалитеттериндеги жергиликтүү кеңештерди түзүү процессине жана алардын иш сапатына партиялык фактор тийгизген таасирге ыкыласын коюп көптөн бери көз салып келатат. Эскерте кетели, 2012–жылдагы, андан кийин 2013–2014–жылдары уланган жергиликтүү шайлоолор тарыхта биринчи жолу партиялык фактордун таасири алдында өткөн. Себеби шаарларда жарандар жергиликтүү кеңештин депутаттарын партиялык тизмеден тышкары шайлоо укугунан такыр ажыраган. Ал эми айылдарда шайлоо аралаш принцип менен өткөн. 2012–жылдагы шайлоонун алдында биз жергиликтүү кеңештерди түзүүнүн партиялык принциби жергиликтүү өз алдынча башкаруунун табиятына каршы келип, партиялык кеңештер шайлоочулардын эмес, өз партияларынын кызыкчылыктарын көздөй турганы жөнүндө көп эле жазганбыз. Оппоненттер болсо партиялык жергиликтүү шайлоо партиялык курулуш жана өлкөнү башкарууда парламенттик системаны күчтөндүрүү үчүн зарыл болгонун бетке кармашкан. Анткен менен эч бир тарап партиялык кеңештер кимдин кызыкчылыгына иштей турганына ынандырарлык далилдерди келтире алган эмес. Бүгүнкү күндө жергиликтүү кеңештердин кийинки шайлоосу өтөр алдында биз практиканы жана жарандардын партиялык кеңештерге карата мамилесин талдаганга аракет жасадык. Тыянактар бир беткей эмес. Бир гана нерсе анык болуп турат – 2016–жылы өтчү жаңы жергиликтүү шайлоого чейин жергиликтүү жамааттардын жашоочуларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызыкчылыгында туура чечимдерди кабыл алууга жетишип калуу үчүн анализди уланта бериш керек. Надежда ДОБРЕЦОВА

Жетишкендиктер тууралуу ёз оозунан … Өнүктүрүү саясат институтунун адистери 2014– жылы эле Кыргыз Республикасынын айылдарындагы жана шаарларындагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттары арасында сурамжылоо жүргүзүп, “партиялык принцип менен шайланган жергиликтүү кеңештин ишинде жакшыруулар байкалабы?” деп, депутаттардын пикирин билип көргөн. Бизге булар маалым болду:
 
  • сессиялардын саны көбөйдү (мурда жылына 4–6 сессия өтсө, азыр ондон ашты);
  • сессиялар баары үчүн ачык болуп, ага шаардын коомчулугу да катышып калды;
  •  сессиялар узакка созулуп, кеңири талкуулар орун алууда;
  • туруктуу комиссиялардын отурумдары сапаттуу болуп калды (мурда сессиялардын алдында бир саат мурда жолугушуп, документтин долбоорун макулдашып коюшса, эми болсо сессияга чейин бир нече күн мурда толук кандуу отурумдар өтүп, реалдуу чечимдер жана бүтүмдөр кабыл алынат).
Депутаттардын өз миссиясына дагы да жооптуу ДЕПУТАТТЫК БАЯНДАР Партиялык фактор жана жергиликт ке\ештер: 2016– жылдагы жергиликтүү шайлоого даярдануудабыз мамиле жасай баштаганынан улам жакшыруулар болуп жатканы байкалууда. Бул партиялык тартиптин талаптарын аткаруунун жыйынтыгы болушу мүмкүн. Бирок ошол эле кезде бул депутаттык корпустун аң–сезими өзгөргөнүнөн улам да болушу ыктымал. Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңештерге келген жаңы депутаттардын саны көбөйдү. Мисалы, Ысык–Көл облусунда депутаттардын 80 пайызы жаңы адамдардан болду.
 
Кемчиликтер тууралуу өз оозунан Шайлоодон кийинки алгачкы жылдары практика көрсөткөндөй, партиялык кеңештердин алдында бир топ көйгөйлөр пайда болду: фракцияларга бөлүнүү мунаса чечимдерди ыкчам жана эффективдүү табууга бут тосуп жатты, ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоодо бир кыйла кыйынчылыктар чыкты. Жогоруда айтылган сурамжылоонун алкагында төмөнкүлөрдү аныктай алдык:
 
  • депутаттар фракцияларга бөлүндү, депутаттардын жеке дымагы биринчи планга чыгып, шаардын көйгөйлөрү экинчи планда кала берди;
  • мэрдин, вице–мэрлердин жана мэрия аппаратынын талапкерлиги өтө узакка каралды. Андан кийин бул маселе шаардык структуралардын жетекчилерине жетишти;
  • өткөн чакырылыштарга салыштырмалуу депутаттардын дарамети төмөн, партиялык тизме менен билими, иш тажрыйбасы жок депутаттар өттү, ал эми бир мандаттуу шайлоо системасында ар бир талапкер электен өтүп, мыктылары гана суурулуп чыкчу;
  • шаардык партиялык уячалар иштебейт,бир нече кеңселери болгону менен, алар шайлоо этабында гана активдеше баштайт;
  • бир жылда бир дагы жолу шайлоочулар менен жолугушуулар өткөн эмес, ал эми өткөн чакырылыштарда бул туруктуу практикага айланган эле;
  • мэрия менен шаардык кеңештин ортосунда мамиле өтө оор, депутаттар мэриянын ишине тоскоол болууда, маселелер өз убагында каралбагандыктан мэрия тигил же бул тапшырманы аткара албай кала берүүдө. Мына жогорудагы комментарийлерден улам жергиликтүү кеңештерге бир жагынан дымактуу, бийликке жана көзөмөл жүргүзүүгө умтулган, экинчи жагынан бул үчүн талаптагыдай билимге ээ болбогон адамдар келгени көрүнүп турат. Бул болсо бардык башкаруу системасынын “өсүштөгү бечелдик” белгилеринен кабар берүүдө.
Облустарда баа берүүдө айырма бар 2012–жылы жана 2015–жылы Өнүктүрүү саясат институту жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелерине болгон мамилесинин түрдүү өңүттөрүнө байланыштуу сурамжылоолорду жүргүзгөн. Анкетага жергиликтүү кеңештерге карата мамилелерге байланышкан суроолордун блогу да кошулган. Изилдөөлөр Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин “оорукана боюнча орточо температура” усулу боюнча баалоо өтө кыйын экенин дагы бир жолу тастыктады. Кыргызстанда жергиликтүү жамааттар региондорго жараша бир кыйла айырмаланат.
 
Оорукана боюнча орточо температура дарылоонун сапатынан жана дарыгерлердин квалификациясынан кабар бербегендей эле, партиялык фактордун ЖӨБдүн өкүлчүлүктүү органдарынын – жергиликтүү кеңештердин ишине тийгизген таасиринин даражасын орточо баалоо да саясатчыларга айкын маалымат бере албайт. Орточо алганда, өлкө жашоочулары партиялык фактордун таасирин баалоодо болжол менен экиге бөлүнүштү. Айырма бир пайыз гана болду .
 
Бирок облустарды алганда таптакыр башкача көрүнүш пайда болду! Мисалы, Баткен жана Жалал–Абад облустарынын тургундарынын 80 пайыздан ашыгы партиялар кеңештердин ишине таасирин тийгизбейт деп эсептесе, Талас жана Чүй облустарынын 70 пайызга жакыны буга кошулбайт. Баткен облусунда жашоочулардын 4 пайызы гана партиялар кеңештин ишине таасирин тийгизет десе, Нарын жана Талас облустарында мындай жарандардын саны төрт–беш эсе көп.
 
Жамаат канчалык жакыр болсо, партиялардын кызыгуусу да ошончолук төмөн Өнүктүрүү саясат институту Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өнүктүрүүнүн абалына туруктуу негизде ар кандай баалоолорду жасап келет. Бул болсо түрдүү параметрлер ортосундагы салыштырууларды жасап, байланыш табууга жол берет. Ошондуктан биз саясий партиялардын таасирине карата жарандардын мамилесин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Индекси менен салыштырдык. Индекс жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган “Ушул жерде жана азыр” аттуу Адамдын өнүгүүсү тууралуу Улуттук докладдын1 үстүнөн жүргөн иштердин алкагында эсептелди. 2012–жылы жарыяланган докладда биринчи жолу Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүнүн индекси – ЖӨБМИ киргизилген.
 
Аймактын мүмкүнчүлүктөрү олуттуу даражада муниципалитеттин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн да кошо аныктайт. Инфраструктуранын, эмгек ресурстарынын, турак жай фондунун болушу аталган аймактагы адам өнүгүүсүнүн деңгээлин гана эмес, ошону менен бирге ЖӨБ органдарынын жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүктөрүн да олуттуу түрдө аныктайт. ЖӨБМИ аймактын мүмкүнчүлүктөрүн мүнөздөйт. Аталган индекс үч облустан турат: аймактын демографиялымүмкүнчүлүктөрүнөн (демографиялык жүктөм жана өлүм санынын коэффициенти), социалдык кызмат көрсөтүүлөр (турак жайлардын аянты жана мугалимдердин саны), экономикалык мүмкүнчүлүктөр (негизги фонддор жана маяна).
 
Ар бир индикатор позитивдүү да (башкача айтканда, аймактын дараметин арттырып, ресурстарды пайда кылып), негативдүү да (аймактын дараметин азайтып, ресурстарды керектеп) боло алат. ЖӨБМИ ар бир муниципалитет үчүн эсептелип чыккан, бирок облустар арасында салыштыра келгенде салыштырмалуу маалыматтар колдонулду – “күчтүүлөрдүн” үлүшү жана “чабалдардын” үлүшү деп. “Чабал” ЖӨБ дегенде бул жерде дарамети чейректен төмөндөрдү түшүнөбүз (бардык муниципалитеттер мүмкүнчүлүктөр индексинин маанисине жараша чейректерге бөлүнгөн; ошону менен бирге биринчи чейрекке – күчтүүлөргө – индексинин мааниси мыкты болгон муниципалитеттер кирсе, төртүнчүсүнө эң төмөн көрсөткүчкө ээ болгондор кирген).
 
“Чабал” ЖӨБдүн үлүштөрү менен жарандардын партиялык факторго карата мамилесин салыштыра келгенде 2–диаграмма так көрсөткөн мыйзам ченемдүүлүктү, байланышты байкаса болот. Көрүнүп тургандай, Талас облусунан тышкары региондор эки параметр ортосундагы тыгыз түз байланышты далилдеп турат – муниципалитеттин дарамети канчалык төмөн болсо, партиялык фактордун таасирине ишенген адамдардын саны да ошончолук аз болот. Мунун жөнөкөй түшүндүрмөсү барбы? “Жакыр” муниципалитеттер саясий партиялар үчүн чоң кызыгууну жаратпаса керек – ал жакта бөлүшүп, же күрөшө тургандай эч нерсе жок. Ошондуктан партиялар “жакыр” муниципалитеттердеги кеңештин ишинде өздөрүн жарандар алдында көрсөтүүгө кызыкдар эмес.
 
 
Шаар–айыл” алкагынан алып караганда изилдөө күтүлгөндөй эле жыйынтыкты көрсөттү — шаарларда кеңештердеги партиялардын активдүүлүгү эки эседен жогору (2–таблицаны караңыз). Бул дал ошол шаарларда жергиликтүү кеңештер партиялык принцип боюнча гана түзүлгөнү менен байланыштуу.
 
Иштин сапаты кантип өзгөрдү ? “Партиялык таасир кантип билинет?” деген суроо изилдөөчүлөрдү кызыктырганы шексиз. Өлкө тарыхында биринчи жолу жергиликтүү кеңештер саясий партиялардын жигердүү катышуусу менен түзүлгөн 2012–2013-жылдардагы шайлоолордон кийин жергиликтүү кеңештердин иш сапаты канчалык өзгөрдү? Партиялык кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун идеясына карама–каршы келет, ал эми алардын кызыкчылыктары жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары менен тирешүүдө деген эксперттердин шектенүүлөрү жүйөлүүбү?
 
3–таблицага жасалган анализ жарандардын баалоосундагы дагы да олуттуу маанилерге көңүл бурдурат. Айталы, партиялык принцип боюнча түзүлгөн жергиликтүү кеңештер аткаруучу органдардын ишине дагы да катуу көз сала баштаганын Баткен жана Чүй облустарынын ар бир бешинчи жашоочусу байкаган. Бирок Ысык–Көл жана Ош облустарынын жашоочулары арасында мындайлар дээрлик жок. Чүй облусунун ар бир үчүнчү жашоочусу жергиликтүү кеңеш жашарган деп эсептейт; ал эми Талас облусунун ар бир төртүнчү жашоочусу жергиликтүү кеңеш саясий партиялардын буйругуна баш ийип, жергиликтүү кеңештин кызыкчылыктарын көңүл сыртында калтырат деген ойдо.
 
Жалпысынан, жергиликтүү кеңештердин ишин кабылдоо ар бир облуста ар башка. Бирок ошентсе да иштин сапаты жакшырганы (24 пайыз) жана аткаруучу органдардын үстүнөн көзөмөл күчөгөнү (31 пайыз) белгиленди. 2012–жылы жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктары менен салыштыруу партиялык шайлоонун терс кесепеттери билине баштады – фракцияларга бөлүнүүнүн айынан чечим кабыл алуу процесси жайлап калды деген ишенимде болгон респонденттердин үлүшү бир кыйла азайганын көрсөттү. 2012–жылы мындайлардын үлүшү 87 пайыз болсо, 2015–жылы болгону 11 пайызды түздү. Муну “акталбай калган кооптонуулар” деп койсок болмок. Бирок талаш–тартыштардын туу чокусу 2013–жылга туура келди. Ошол жылы фракциялар ЖӨБдүн аткаруучу органдарынын жетекчилеринин – АА башчыларынын жана шаар мэрлеринин кызмат орду үчүн эрөөлгө чыккан.
 
Маалым болгондой, күрөш курч болду, көптөгөн кеңештер, өзгөчө шаардык кеңештер мунаса таба албагандыктан таркатылды. Ал эми 2015– жылы кызмат орундар калбай калгандыктан бул маселе өзүнөн өзү чечилип калды жана респонденттер болгону ушуга гана көңүл бурууда деп божомолдосо болот. Шаардыктардын олуттуу бөлүгү – 44 пайызы – шаардык кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин катуу көзөмөлдөй баштады деп эсептегени, ал эми айылдарда буга макул болгондор 33 пайыздан аз болгону көзгө урунат.Көптөгөн жарандар партиялык принциптер боюнча шайланган жергиликтүү кеңештин ишинде жакшырууларды байкаганы менен (55 пайыздан ашыгы), кеңештер партиялык принциптер боюнча түзүлбөш керек деген оюнда бекем турат. Үчтөн бири (27 пайызы) жооп бере алган жок, ал эми партиялык кеңештерди 17 пайызы колдойт. Аялдарга салыштырмалуу эркектер арасында кеңештерге каршы болгондор көп деген факт күтүүсүз болду.
 
Жарандар жергиликтүү кеңештерге мэрди же айыл ёкмёт башчысын тандоо укугун ишенип бере алабы?“Ооба” дегенге караганда “жок” деген жооп басымдуураак. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орган башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди талкуулоо процессинде фракциялардын тирешүүсүнө байкоо салып отуруп, жарандар да өз тыянагын чыгарууда. Алар жергиликтүү кеңешке мындай маанилүү жана жооптуу ишти ишенип берүүгө болбойт, андан көрө түз шайлоого барып, же ЖӨБ жетекчилерин “жогору жактан” дайындаш керек деп эсептешет. Муну жарандардын шайлоонун формаларына карата мамилесин чагылдырган динамика ырастоодо. Бул чечимди жергиликтүү кеңештерге ишенип берүүгө даяр болгондордун саны азайды. Болгондо да олуттуу түрдө азайды – дээрлик ҮЧ ЭСЕГЕ (!!!) – 50 пайыздан 17 пайызга түштү (4–диаграмманы караңыз). Башкача айтканда,беш жыл мурда ар бир экинчи кыргызстандык
жергиликтүү кеңешке муниципалитеттин башчысын шайлоону ишенип бериш керек деп эсептечү.Эми өлкөнүн ар бир бешинчи жашоочусу ушундай ойду карманат.
 
Диспозитивдүү ченемдер Кеңештерге, шайлоого, партияларга мамиле ар бир региондо ар башка болгонун белгилебей коюуга болбос. Бул таң калычтуу эмес. Ар бир облуста менталитет, салтсанаалар, экономикалык мүмкүнчүлүктөр ар башка. Ошондуктан ЖӨБ органдарынын жетекчилерин тандоо ыкмалары тууралуу ойлонуу максатка ылайыктуу. Бир облустун калкы өзүнүн саясий артык көрүүсү боюнча башка облустардан канчалык айырмаланарын түшүнүү үчүн 4–диаграмманы көргөн жетиштүү болот.Маселени чечүү үчүн укук теориясы диспозитивдүү ченемдерди колдонууну сунуштайт. Диспозитивдүү ченемдер – бул субъекттерге өз укуктарынын жана милдеттенмелеринин көлөмү жана мүнөзү тууралуу маселени өз алдынча чечип алуу мүмкүнчүлүгүн берген укук ченемдери. Мындай макулдашуу жок болгондо бул ченемдерде камтылган экинчи жазма эскертүү ишке кирет.
 
Ошону менен бирге диспозитивдүү ченемдер б.д.ч. 45–жылдардан баштап колдонулуп келет. Ал маалда Байыркы Римде “Lex Yulia municipalis” мыйзамы кабыл алынган. Ошол мыйзамдын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүлгөн, ошондой эле андан кийинки ченемдик актылар курулган. Диспозитивдүү ченемдер дал ошол жергиликтүү өз алдынча башкарууну жөнгө салган мыйзамдарга карата көбүрөөк колдонулуп келет. Эгерде Кыргыз Республикасы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына диспозитивдүү ченемдерди киргизе турган болсо, анда субъекттер – жергиликтүү жамааттар – өз уставында ЖӨБ башчысын шайлоо ыкмасын өз алдынча аныктай алат. Эгерде жергиликтүү жамааттар муну өз уставында аныктоодон качса, анда мыйзам мындай жамааттар үчүн шайлоо формасын белгилейт – түз же кыйыр (мыйзам чыгаруучу кантип чечсе).
 
Ой жүгүртүү үчүн азык Эмесе, биз Кыргыз Республикасынын жарандары партиялык принцип боюнча шайланган жергиликтүү кеңештердин ишин кантип баалары жана алар эмнени артык көрөөрү тууралуу айрым маалыматтарга ээ болдук. Эгерде өз электоратынын күтүүлөрүн актагысы келсе, тыянакты саясатчылар жасасын.Биз болгону кургак сандардан улам пайда болгон айрым бүтүмдөрдү гана келтирели.Кеңештерде саясий партиялардын активдүүлүгү түрдүү облустарда бир топ айырмаланат. Партиялар өзгөчө активдүүлүктү Талас жана Чүй облустарынын кеңештеринде көрсөтсө, Ош, Нарын жана Ысык–Көл облустарынын кеңештеринде азыраак байкалат. Ал эми Баткен жана Жалал–Абад облустарындагы кеңештерде дээрлик жигердүү эмес.
 
Саясий партиялар дарамети төмөн муниципалитеттердин кеңештеринде активдүүлүгүн көрсөтпөйт: муниципалитет канчалык жакыр болсо, саясий партиялардын активдүүлүгү да ошончолук төмөн. Жарандар партиялык принцип боюнча шайланган жергиликтүү кеңештердин иш сапаты жакшырды деп эсептейт. Бирок жергиликтүү кеңештер партиялык болуш керек деген идеяны колдошпойт. Беш жыл мурда муниципалитеттин башчысын тандоо укугун жергиликтүү кеңештерге өткөрүп бериш керек деп ар бир экинчи кыргызстандык эсептечү. Эми болсо мындай ойду өлкөнүн ар бир бешинчи жараны гана колдойт. Беш жыл ичинде ЖӨБ башчысын кыйыр шайлоонун тарапкерлеринин саны үч эсе азайган. Өкмөт жана парламент регионалдык айырмачылыктарды эсепке алууга тийиш жана шайлоо мыйзамдарына диспозитивдүү ченемдерди киргизүү тууралуу ойлонуп көрүш керек. Эл аралык практика буга жол берет, ал эми калк күтүүдө.
 

Окшош материалы: