Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айткүл БАЙТУРОВА: “Шайлоочулар жынысына карабастан чынчыл жана ишке берилген депутатты дайыма колдоп турушат”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Айткүл БАЙТУРОВА: “Шайлоочулар жынысына карабастан чынчыл жана ишке берилген депутатты дайыма колдоп турушат”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ысык-Көл облусунун Тоң айылдык аймагынын тургундары Айткүл Токтакуновна БАЙТУРОВАга эки чакырылыштын депутаты кылып шайлоо менен ишенип көрсөткөнү жөн жеринен эмес. Айткүл депутат болгонго чейин өзүнүн аймагы үчүн көп иштерди жасаган жана жергиликтүү маанидеги маселелерди кантип чечиш керектигине көзү жеткен инсан. Бирок мындай ийгиликтерге жетүү үчүн көп эмгек жана аракет талап кылынган.

Айткүл райондун борбору Бөкөнбаев айылында жайгашкан “Шоола-Көл” бейөкмөт уюмунун башкы бухгалтери болуп иштейт. Уюм райондун аймагында кайрымдуулук иштери менен алектенип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөргө жардам көрсөтөт. 2003-жылдан баштап Айткүл негизги жумушунан тышкары Тоң районунун Тоң айылдык аймагында коомдук иштер менен алектенип, социалдык-экономикалык өнүгүүгө жана аймактын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө болгон күчүн жумшаган. Айткүлдүн жетекчилиги астында АРИС каржылаган долбоорлордун алкагында аймактын эки мектебинде толугу менен оңдоо иштери жүргүзүлүп, ресурстук борбор ачылган. Англис тилин үйрөтүү боюнча долбоор ишке ашырылып (мектепте окуучулар үчүн класс ачылды), аны англис тили мугалими Жамангулова Дамира колдоп берген.

Жалпысынан 2003-2010-жылдар аралыгында Айткүлдүн демилгеси менен айылда 14 долбоор ишке ашырылган: ФАП медициналык жабдуулар жана электр жылытуу менен жабдылган; Маданият үйү ремонттолгон, мында музыкалык жабдуулар жана улуттук кийимдер дагы сатып алынган; мектептердин биринде короо брусчатка менен төшөлүп, экинчисинде – жыйындар залы үчүн жабдуулар сатып алынган; сугат суусун чогултуу үчүн “Кара-Суу” каналы курулган.

Айткүлдүн жетекчилиги астында аймактагы биринчи бала бакча да ачылды. Бала бакча ачуу үчүн Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду имаратты ремонттоого, “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен ЮНИФЕМ эмерек сатып алууга каражат бөлүп берген. Долбоорду ишке ашырууга көп убакыт жана күч талап кылынган, иш жүзүндө үч жылга созулуп, бирок натыйжада Тоң айылында алгач 50, кийин 100 орундуу бала бакча пайда болгон.

Айткүл өзүнүн аймагынын өнүгүшүнө чоң жардам көрсөтүү менен анын жашоосуна жигердүү катышып, акыры айылдык кеңештин депутаты болууну чечти. Себеби, депутат катары жергиликтүү бюджетти түшүнүп, кирешелер кайдан келгенин жана бюджет кайда сарпталып жатканын изилдеп, өз аймагындагы көбүрөөк көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берерин түшүнүп турган. 2012-жылы депутат болуу аракети ишке ашпай калган, буга Айткүлдүн ден соолугу себеп болгон эле, ал шайлоо өнөктүгүн өткөрө алган эмес. Бирок бул жагдай аны токтото алган эмес, тескерисинче, топтогон тажрыйбасын өз аймагынын пайдасы үчүн көбүрөөк күч менен колдоно баштады. Ошентип 2016-жылы да, 2021-жылы да Тоң айылдык кеңешине депутат болуп шайланган. Айткүл өзүн депутаттык иште да көрсөттү, анткени ал дайыма жарандардын кайрылуулары менен иштеп, шайлоочулары менен тыгыз байланышта болуп, туруктуу комиссиялардын отурумдарында жана жергиликтүү кеңештин сессияларында жарандардын үнүн башка депутаттарга жеткирип турган. Айткүл жарандардын кайрылуусу боюнча, жергиликтүү кеңеште анын демилгеси менен арыз ээлеринин пайдасына жерге байланыштуу маселелер чечилген көптөгөн мисалдарды келтире алат.

Мурдагы чакырылышта депутат Айткүл баштаган ишти аягына чейин бүтүргөн чынчыл, чечкиндүү лидер катары тааныла алды. Ал 2021-жылдын апрелинде кайрадан депутат болгондо, көптөгөн жаш депутаттар ага кеңеш жана консультация сурап кайрыла башташты жана Айткүл өз тажрыйбасы менен бөлүшүүгө дайым даяр эле: “Ишти Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, депутаттын статусу, укуктары жана милдеттери менен таанышуудан башташ керек; семинарларга жана тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоо зарыл. Депутаттын ишинде ар кандай тоскоолдуктар жаралат, бирок мыйзамдарды билүү, коомдук иштин тажрыйбасы, шайлоочулардын колдоосу мага бул тоскоолдуктарды жеңүүгө чоң жардам берип келүүдө”.

Шайлоочулар депутатты жынысына карабай колдоого даяр экенине Айткүл ишенет: “Биргелешип иштегенибизде жамаат биздин ишибизди абдан колдойт. Бизди, депутаттарды, жамаат шайлаганын жана алардын алдында жооптуу болгонубузду, ишибиз ачык жана айкын болушу керектигин эч качан унутпашыбыз керек. 

Мен шайлоочуларыма чогулуштарда, жыйындарда жана жолугушууларда эмне кылып жатканыбызды, күн тартибинде кандай көйгөйлөр турганын, кандай иштерди аткарып жатканыбызды, кандай жыйынтыктарга жетишкенибизди дайыма айтып келем. Мен жергиликтүү бюджет тууралуу суроолорго, кайсы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнгөнүнө өзгөчө көңүл бурам. Эгерде баары ачык-айкын жүргүзүлсө, жамаат ар дайым өз депутатына колдоо көрсөтүп турат”.

2021-жылы Айткүл суу менен жабдуу системасы өткөрүлбөй калган жаңы конуштарга көңүл бурууну пландап жатат. Айылда жаңы көчөлөр пайда болууда, бирок инфраструктура жок. Ошондой эле күн тартибинде жардамга муктаж жакыр үй-бүлөлөр турат; ал ошондой эле жаңы типтүү мектептин имаратын курууга каражат чогултууну пландап жатат; жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү, үй-бүлөсүн жана балдарын калтырып, эч ким эч жакка кетпеши үчүн тургундарга жумуш орундарын түзүү менен алектенүүдө. Аймактын учурдагы инфраструктурасы ремонтту, таштандыларды чыгарууну, ичүүчү сууну талап кылат – мунун баары ЖӨБ органдары чечүүгө милдеттүү болгон көйгөйлөр, андыктан Айткүл бул көйгөйлөргө убагында көңүл буруп, аларды чечүүгө салым кошууну депутаттын ишмердүүлүгүнүн максаты катары аныктаган.

“Менин жумушумда үй-бүлөм, бир туугандарым, кайын журтум чоң колдоо көрсөтүшөт. Мен көп окуйм, семинарларга жана тренингдерге, ар кандай эл аралык долбоорлорго катышам, ошондуктан мен көбүнчө үй-бүлөмдү таштап иш сапарларында жүрөм, бирок баары муну түшүнүү менен кабыл алышат. Үй-бүлөмдүн колдоосу мага дайыма ишеним жана күч берип турат. Ал эми менин ар бир жетишкендигим үй-бүлөмдү жана туугандарымды абдан кубандырат. Менин эмгегимди тиешелүү органдар тааныйт, ким менен иштесем да бул мага абдан дем берет. Мисалы, жакында эле мен Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын урматына Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнөн диплом алдым”.

Окшош материалы: