Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Зуура КЫДЫРАЛИЕВА: “Депутат катары өз шаарыма үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга жардам берем”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Зуура КЫДЫРАЛИЕВА: “Депутат катары өз шаарыма үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга жардам берем”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаты Зуура Адиковна КЫДЫРАЛИЕВА шаарда көйгөйлөр көп экенин билет. Жумушсуздук күч алды – мурда көптөгөн ишканалар, фабрикалар жана кендер бар эле, ал эми азыр жаштардын баары балдарын ата-энелердин кароосуна таштап, иш издеп чет жакка кетип жатышат. Жаштар арасында көптөгөн көйгөйлөр бар – эрте турмушка чыгуу, бойго жете элек кыздар арасында кош бойлуулук, ажырашкандардын көбөйүшү, турмуштун талаптарына жооп бербеген эски салттар. Зуура Адиковна мындан ары шаардын татаал турмушуна кайдыгер карап отура албай, депутат болууну чечти. “Аял депутаттар эркектерге караганда социалдык көйгөйлөргө, өзгөчө үй-бүлөлүк көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурушат. Мен да социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн депутат болуп келдим”, - дейт Зуура Адиковна. Ал көп жылдар бою аялдар кеңешинин төрайымы болуп иштеген, аялдар жана жаштар менен байланыш түзүүдө чоң тажрыйбага ээ. Бул жылдар аралыгында Зуура Адиковна жана анын командасы араздашып кеткен көптөгөн жубайларды жараштырууга, эки жолго түшкөн адамдардын башын кайрадан бириктирүүгө жетишти. Мунун натыйжасында бул лидер-аялды шаардын жамааты жакшы таанып, Зуура Адиковнанын депутат болуу чечимин кабыл алуусуна түрткү болду. Зуура Адиковна 38 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенет, жетекчи катары тажрыйбасы бар, үч уулду тарбиялап өстүргөн.

Зуура Адиковна партиялык тизме менен депутаттыкка аттанып, акыркы сессияда партиялаштары менен бирге шаардын суу менен жабдуу системасын оңдоо маселесин көтөргөн. Ушул тапта сууну сапатын анализдөө боюнча иштер башталды. Сессияда социалдык көйгөйлөр да талкууланды: алар тойдо жоолук жана баштык салып берүү өңдүү эски салттардан баш тартуу маселесин көтөрүп чыгууну пландап жатышат.

Зуура Адиковна көчөдө өзүм билемдикке күбө болуп калса, кайдыгер эмес адам катары басып кете албайт, мисалы, эркек аялга кол көтөрүп жатса, дайыма кийлигишүүгө аракет кылганын мойнуна алат. Балдарын да эч ким мындай көрүнүшкө кайдыгер карап турбаш керек деп тарбиялаган. Балдар апасына макул болбогон учурлар болот, бирок жолдошу дайыма анын тарабында.

Окшош материалы: