Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ермет БЕЙШЕНОВА: “Депутаттын мандаты өз вазыйпамды аткарууга жардам берет. Мен жардамга өзгөчө муктаж болгон жарандарга кесип ээси болгонго жардам бере алам”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
ермет БЕЙШЕНОВА: “Депутаттын мандаты өз вазыйпамды аткарууга жардам берет. Мен жардамга өзгөчө муктаж болгон жарандарга кесип ээси болгонго жардам бере алам”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Кызыл-Туу айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаты болуп шайланган Бермет Жумакадыровна БЕЙШЕНОВА 2004-жылдан баштап баштапкы кесиптик техникалык билим берүү системасында – Бишкек шаарындагы №98 байланыш жана маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинде эмгектенет. Бермет борбор калаанын тургуну жана көптөгөн ардак грамоталардын, дипломдордун жана төш белгилердин ээси. Кичи Мекени Кызыл-Туу айылынын аялдар кеңешинин аялдары Берметтен жергиликтүү кеңештин депутаты болууну суранышкан. Себеби, Берметтин мектептер менен кантип иштегенин жакшы билишет, атап айтканда лицейдеги практиканттары менен Бишкектен атайын келип, окуучулардын чачын акысыз эле тегиздеп турган. Бермет үч баланын энеси, алардын бири абдан эле кичинекей, андыктан анын үй-бүлөсү – күйөөсү жана балдары аны дайыма Кызыл-Туудагы иш сапарларында коштоп жүрүшкөн. Бермет күйөөсү жөнүндө сөз болгондо жылуу сөздөрүн аябайт, жолдошу куруучу, өз ишинин чебери экенин белгилейт. Берметтин үй-бүлөсү анын депутат болуу чечимин туура кабыл алышты. Бермет өзү жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү компетентсиздик аялдардын депутат ролун аткаруусуна тоскоолдук кылат деп эсептейт: “Биз мыйзамдар менен жакшылап таанышып чыгышыбыз керек. Ал эми аялдар да өзүнө ишенип, элдин алдында сүйлөөдөн тартынбоого тийиш”. Бермет билим берүү тармагында иштегендиктен, анын негизги максаты – билимин, көндүмдөрүн жана жөндөмдөрүн жогорулатуу, ата-энесинин кароосуз калган жетим балдарды, балдарын жалгыз чоңойтуп жаткан жумушсуз жалгыз бой энелерди жана жесирлерди кесипке үйрөтүү менен, өз аймагына жакырчылыктын сазынан чыгууга жардам берүү. Ошондо алар бул жашоодо өз ордун таап, иштеп, маяна алып, өзүн жана үй-бүлөсүн багып кете алышат. 

Бермет жаштарга ар кандай кесипти өздөштүрүүдө жардам жана колдоо көрсөтүүнү өзүнүн вазыйпасы катары билет. Жаштар дайыма өз эмгеги, өлкөсү, айылы, жашоого жол көрсөткөн депутаттар менен сыймыктанып жүрүшсө дейт. Бермет өз пландарын акырындап ишке ашыра баштады: ал директорлор, мектеп мугалимдери жана айыл башчылары менен жолугушууну демилгелеп, ага Кызыл-Туй айыл өкмөтүнүн башчысы да катышты. Жолугушууда катышуучулар жетим балдарды келишимдин негизинде окутуу идеясын колдошту, бирок бул үчүн балдарды колдоп, кесипке ээ болуу үчүн окуу акысын төлөп бере турган демөөрчүлөрдү табыш керек. Алгачкы жыйынтыктар бар: Бермет билдиргендей, эки баланын окуу акысын төлөп берүүгө даяр эки демөөрчү чыкты.

Окшош материалы: