Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Сурмахан ЮСУПОВА: “Аял депутат чече албай турган бир да маселе жок”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Сурмахан ЮСУПОВА: “Аял депутат чече албай турган бир да маселе жок”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Ырыс айылдык аймагынын депутаты Сурмахан ЮСУПОВА 38 жылдан бери билим берүү системасында эмгектенип, мектептин материалдык-техникалык жабдууларын жакшыртууга көп күч жумшады, ар кандай эл аралык долбоорлорго катышып, компьютерлерди жана мектептин эмеректерин сатып алууга, спорттук аянтчанын курулушу үчүн инвестиция тартты, мектепке англис тилин үйрөткөн эл аралык ыктыярчыларды чакырып келди. Сурмахан ошондой эле коомдук иштерди да аткарып, элеттиктерге өз айылында жакшы жашоо шарттарын түзүүгө жардам берди. Сурмахан Домор айылында таштанды чыгарууну уюштуруу ишин демилгелеп чыккан: бул үчүн Жалал-Абад шаарындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы жана айылдын тургундары менен сүйлөшүп, алар таштанды үчүн ар бир короодон айына 150 сомдон төлөөгө макул болуп, таштанды чогултууну уюштурушту. “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыны ар шаршемби күнү чыгара баштап, муну менен таштанды маселеси да чечилген. Андан ары Сурмахан АРИСтин колдоосу менен дагы бир маселени чечип, жаңы конуштарга суу менен жабдуу системаны өткөрүп берүү демилгесин көтөрүп чыккан. Натыйжада 200дөн ашык адам жашаган 80ге жакын үй кожолугу таза ичүүчү суу менен камсыздалды.

2021-жылы Сурмахан Юсупова 216 добушка ээ болуп, жергиликтүү кеңештин депутаты болду. “Жигердүү жарандар” долбооруна катышып, ал көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча демилгелүү топту уюштуруп, калк арасында чоң мобилизациялык иштерди жүргүздү: топ менен бирге ал көчө жарыктандыруусунан ким пайда табаары тууралуу маалыматтарды чогултуп, канча көчө чырагы зарыл болгонун санап чыккан. Ошондой эле көчөлөргө топографиялык изилдөө жүргүзүүгө бардык жактан жардам көрсөттү. Сурмахандын жана демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн аракети менен долбоор ишке ашып, жаңы жылга чейин көчөлөр жарыктандырылат. Сурмаханды үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган, өз укуктарын билбеген аялдардын көйгөйлөрү абдан тынчсыздандырат. Бул маселе боюнча буга чейин эки иш-чараны демилгелеген: тегерек стол жана райондук деңгээлде семинар өткөн. Учурдагы кырдаалда аялдарды чогултуу Сурмаханга абдан кыйын болду, бирок ошентсе да алар менен үй-бүлөлүк зомбулукка тиешелүү актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды аялдардын укуктары жаатында агартууга жетишти. Муну менен аялдарга үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жардам берүү боюнча иштер бүтпөйт, тескерисинче эми гана башталууда. Жакында Сурмахан өзү мүчө болгон үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин (ҮЗАК) потенциалын жогорулатуу семинарына катышты. ҮЗАКтын алкагында Сурмахан төмөнкү иш-чараларга катышууну пландап жатат: кыздарга, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ЖОЖдордо жана орто кесиптик окуу жайларда “Ачык эшик күнү” иш-чараларына катышууга көмөктөшүүнү, аялдар жана кыздар үчүн спорттук иш-чараларды уюштурууну, мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн экскурсияларды өткөрүүнү, аялдар үчүн чыр-чатактарды башкаруу боюнча тренингдерди өткөрүүнү пландап жатат.

Окшош материалы: