Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңештерге келген аялдар: шайлоо сабактары жана келечекке көз караш. Изилдөөнүн жыйынтыктары

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Кеңештерге келген аялдар: шайлоо сабактары жана келечекке көз караш. Изилдөөнүн жыйынтыктары

Надежда ДОБРЕЦОВА, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору, USAIDдин “Жигердүү жарандар” Долбоорунун буюртмасы менен даярдалды

USAIDдин “Жигердүү жарандар” долбоору аркылуу каржыланган “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоору аялдардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алуу процессине катышуу деңгээлине таасир эткен факторлорду аныктоого багытталган изилдөө жүргүздү. Шыктандыруучу да, тоскоол болчу да бул факторлорду билүү менен аялдар жергиликтүү деңгээлде кандай тоскоолдуктарга туш болгонун түшүнүп, аялдарды көбүрөөк жигердүү болууга түрткөн кандай жагымдуу шарттарды түзүү керектигин баамдоого болот. 

Изилдөөгө жалпысынан 164 аял катышты, анын ичинде сурамжылоонун 142 респонденти жана фокус-топтун 22 катышуучусу бар. Онлайн анкетаны колдонуу менен Кыргызстандын дээрлик бардык региондорунан аялдардын пикирин билүү мүмкүн болду. Изилдөөгө катышкандардын 85% - жергиликтүү кеңештин депутаттары. Калгандары же мурда жергиликтүү кеңештин буга чейинки чакырылышынын депутаты болгон (3%), же депутат болууга кам көрүшүүдө (6%). Респонденттердин 6 пайызы кеңешке тикелей тиешеси болбогонун, бирок жигердүү жарандык позицияны карманышарын айтышкан. Респонденттердин жаш курагы 24төн 70ке чейин, бирок респонденттердин басымдуу бөлүгү 40тан 56 жашка чейинки топко кирет, анткени Кыргызстандагы аял депутаттардын көбү дагы ушул жаш курактык топко киришет.

Изилдөөнүн жыйынтыктары аялдардын лидерлигин колдоо үчүн маанилүү пункттарды жана аялдардын лидерлигин колдоодо кимдин ролу эң маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет. Бул тыянактарга жана изилдөөнүн байкоолоруна таянып, келечекте чечимдерди кабыл алуу үчүн далилдер базасын иштеп чыгуу маанилүү болот, анткени 4 жылдан кийин жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо кайрадан өткөрүлөт жана “Жергиликтүү деңгээлде аялдардын лидерлигин кантип илгерилетсе болот?” деген суроолор кайрадан жаралат.

Саясий катышуу жөнүндө чечим кабыл алып жатканда аялдар өз жамаатынын социалдык гана эмес, экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүүгө умтулушат 

Изилдөө аялдардын шайлоого катышуу чечимин кабыл алуусуна кандай жагдайлар түрткү болот, алар алдына кандай максаттарды коет деген суроого жооп табууга аракет кылган. Аялдар биринчи кезекте социалдык көйгөйлөрдү жана өз жамаатынын маселелерин чечүүгө умтулат деген кеңири таралган жана жалпысынан адилеттүү пикир ырасталды – сурамжылоого катышкандардын 65 пайызы дал ушундай максатты алдына коюшат экен. Бирок аялдар социалдык маселелер менен гана чектелип калбоону чечишти. Мисалы, 62 пайызы – аймактын экономикалык өсүшүнө көмөктөшүп, жердештеринин экономикалык абалын жакшыртуу максатын көздөшөт. 1-диаграммадагы эки көрсөткүч аялдар артыкчылыктарды тең салмактуу бөлүштүрө турганын жана жергиликтүү кеңештин депутаты катары ролун туура түшүнөрүн көрсөтүүдө. Аялдардын бир аз азыраак бөлүгү – 56 пайызы – депутат болсо, жамааттын, айылдын, муниципалитеттин жылдар бою чечилбей келе жаткан инфраструктуралык көйгөйлөрүн, анын ичинде ичүүчү суу менен жабдуу, жолдорду оңдоо өңдүү маселелерди чече аларына ишенишет.

Ар бир үчүнчү аял – 35 пайызы - коррупция менен күрөшүү, жергиликтүү бюджеттин каражаттарын натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга көмөктөшүү боюнча конкреттүү милдеттерди алдына койгон.

Бирок “кырдаалдан пайдаланып калуу” өңдүү жооптор анча популярдуу эмес болуп чыкты. Ошентип, аялдардын 20 пайызы жөн гана квотаны колдонуп көрүүнү чечишсе, болгону 10 пайызы гана талапкерлигин көрсөтүүгө чакырган жердештеринин ишенимине таянып, шайлоого аттанууну чечишкенин айтышкан.

Өзүнө болгон ишеним жана билимге ээ болуу сырткы чөйрөгө караганда аялдар үчүн кыйла маанилүү

Аялдардын басымдуу бөлүгү – 81 пайызы – ички факторлордун таасири астында жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуу чечимин кабыл алышат (2-диаграмма). Аял өзүнө ишенген учурда, анын социалдык ролу үй-бүлөлүк милдеттер менен гана чектелбеши керек деп эсептесе жана жеке баамында өзүнүн гана эмес, айылынын же жамаатынын тагдырына таасир эте алган чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү билимге ээ болсо, саясий катышуунун пайдасына чечим кабыл алат. Ал эми ар бир бешинчи аялдын бири үчүн гана тышкы факторлор – башкалардын пикири, мамлекеттин саясаты чечүүчү ролду ойнойт. Эгерде коом аялдардын саясий катышуусу кеңейиши керек экенин моюнуна алса, анда билим берүү жана агартуу иштери үч негизги тапшырманы аткарууга багытталышы керек. Алар: аялдардын билим алуусу; аларды бир гана үй-бүлө ролунун чегинен чыгаруу; “жумшак көндүмдөрдү” өнүктүрүү менен өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу.

Аялдардын шайлоого катышуу даярдыгына карата дал ушул ички факторлор чечүүчү болуп калганын эске алуу менен, аялга саясий катышуунун пайдасына ишенимдүү чечим кабыл алуу үчүн кандай көндүмдөр, жөндөмдөр жана билим же башка шарттар жетишсиз экенин кененирээк түшүнүү керек. Бул рейтингде биринчи орунду өзүнө болгон ишенимди пайда кылган сапаттар ээлейт – лидерлик көндүмү, ынандыра билүү жөндөмү, эл алдында ишенимдүү сөз сүйлөө, ар кандай аудитория менен баарлаша алуу. Аялдардын басымдуу бөлүгү – 67 пайызы дал ушул көндүмдөргө муктаж болгон. Бул күтүлгөндөй эле жыйынтык болчу.

Экинчи орунда изилдөөчүлөр мыйзамдарды билүүгө жана аларды иш жүзүндө колдонууга муктаждыкты көрүшөт деп күтүшкөн. Чынында эле бул муктаждык алдыңкылардан болуп чыкты, бирок үчүнчү орунду ээледи. Экинчи орунда такыр башка көндүм – жеке убакытты туура пландоо турат. Көрсө, аялга үй-бүлөлүк жана социалдык (саясий) ролдорду айкалыштыруу оңой эмес экен, бирок үй-бүлөдө эркектерге караганда көбүрөөк жүк артылгандыктан гана эмес, убактысын натыйжалуу башкара албаганы да буга себеп. Мисалы, көптөгөн аялдар социалдык тармактарга убактысын коротуп жатканын түшүнүп турушат: интернеттен видеолорду көрүшөт, курбулары жана туугандары менен телефондон сүйлөшөт. Мааниси жагынан билимдердин топтому боюнча төртүнчу орунда финансылык жана бюджеттик сабаттуулук турат.

Калган сунушталган варианттар – керектүү адамдар менен таанышуу, компьютерде иштей билүү көндүмү, дүйнө таанымын кеңейтүү көп деле добуш алган жок – болгону 13-14 пайызды түздү. Бирок аялдарда кайраттуулук, демилге көтөрө билүү жана чечкиндүүлүк жетиштүү экени аныкталды, анткени сурамжылоого катышкан аялдардын 94 пайызы өздөрүн кайраттуу, демилгелүү жана чечкиндүү деп эсептешет.

1-диаграмма. Аялдарды шайлоого катышууга түрткөн себептердин рейтинги

2-диаграмма. Аялдардын шайлоого катышуу чечимине тийгизген ички жана тышкы таасирлердин даражасы

Ички коркуу сезимдеринен улам, өзүнө көп ишене бербегендиктен айланасындагы адамдардын колдоосуна муктаж. Сурамжылоого катышкан респонденттерге депутаттыкка жолду тандаган аялды колдоого ала турган кызыкдар тараптардын кеңири категориясы сунушталган. Бул адамдардын катарында эмгек жамааттары, аксакалдар, аялдар кеңеши, расмий адамдар (аткаминерлер), социалдык тармактардагы достору жана диний лидерлер бар. 2-диаграммадан көрүнүп тургандай, аял үчүн үй-бүлөнүн – жолдошунун, балдарынын жана башка туугандардын колдоосу чечүүчү мааниге ээ болгон.

Жакын чөйрө жана ички факторлор тышкы көйгөйлөр менен күрөшүүдө тоскоол болот

Изилдөөнүн жыйынтыгы ички факторлор аялдын саясий катышуу жөнүндө чечим кабыл алуусуна тоскоолдук гана кылбастан, ошондой эле чечим кабыл алынгандан кийин да саясатка аралашуу укугун колдонууга тоскоол болорун бир беткей тастыктады (5-диаграмма).

3-диаграмма. Аялдардын саясий процесске катышуу тууралуу чечим кабыл алуусуна тоскоол болгон ички шарттардын жана жетишпей жаткан же такыр болбогон сапаттардын рейтинги

4-диаграмма. Шайлоого катышууну чечкен аялдар үчүн колдоосу өзгөчө маанилүү болгон кызыкдар тараптардын рейтинги

 

5-диаграмма. Аялдарга жергиликтүү деңгээлде саясий жана коомдук жашоого жигердүү катышууга тоскоол болгон көйгөйлөрдүн рейтинги

Анализде аялдардын катышуу укугун ишке ашыруусуна тоскоол болгон факторлордун үч негизги тобу аныкталган. Биринчи топко туугандардын (үй-бүлө мүчөлөрүнүн, күйөөсүнүн, кайненесинин) тыюу салуулары жана аялдардын саясий укуктарына карата коомчулуктун терс пикири (менталитет) кирет, алар көбүнчө негизги көйгөй жана тоскоолдук катары аталган – сурамжылоого катышкан аялдардын 40 пайыздан ашыгы ушуларды белгилешкен. Дээрлик ушундай эле сандагы респонденттер эркектердин ачык каршылыгына туш болгон (эркектер аялдарга үгүт жүргүзүүгө тоскоолдук кылышкан, аялдар үчүн бөлүнгөн 30% квотага каршы чыгышкан). Саясий укуктарын колдонуу, шайлоого катышуу жөнүндө чечим кабыл алууда аялдар көптөрдөн, анын ичинде башка аялдардан да колдоону күтүшөт. Ошентип, аялдардын 36 пайызы кеңеш сурап, тажрыйба алмашуу үчүн санаалаш аялдар жетпей жатканын белгилешкен.

Өз саясий укуктарын колдонуу тууралуу чечим кабыл алганда терс шарттар түзүлгөн экинчи топко улуттук масштабдагы тоскоолдуктар кирген: билимдин жана маалыматтын жоктугу (31%), мамлекет тараптан колдоонун жоктугу (28%), үй милдеттеринин көптүгү (27%). Шайлоого катышууну чечкен ар бир төртүнчү аял башка аялдын эл алдында басынтуу, ушак таратуу өңдүү терс мамилесине туш болгон. Финансы маселелери, жергиликтүү деңгээлде расмий колдоонун жоктугу азыраак масштабдагы көйгөй катары аталган жана үчүнчү – минималдуу көйгөйлөр тобун түзгөн, алар нөлдөн 15 пайызга чейин добуш алышты.

6-диаграмма. Аялдарды колдогон электораттын жыныстык курамы

7-диаграмма. Аялдарды колдогон электораттын жаш курактык курамы

8-диаграмма. Аялдар шайлоодо колдоо тапканына себеп болгон жагдайлардын рейтинги

Шайлоодо аялдар кимден жана эмне үчүн колдоо табышты?

2021-жылдын жазында өткөн шайлоо өнөктүгү учурунда изилдөөчүлөр талапкер аялдар эркектерге караганда башка аялдардан көбүрөөк терс мамилени көрөт деген пикирлерди угушкан. Бирок, сурамжылоонун жыйынтыктары муну тастыктаган жок (6-диаграмма). Сурамжылоого катышкан аялдардын үчтөн экиси шайлоодо аял талапкерлерди аялдар да, эркектер да бирдей даражада колдогонун, респонденттердин үчтөн бири аялдардан көбүрөөк колдоо алышканын белгилешкен.

Колдоого алган электораттын жаш курагы боюнча карай келгенде, аялдардын басымдуу бөлүгү (69%) эки курак категориясынан – жаштардан жана улуу муундан колдоону көрүштү (7-диаграмма). Ар бир бешинчи аял жаштардын колдоосун көбүрөөк сезсе, улуу муундан колдоону ар бир онунчу аял гана көргөн. Демек, аялдардын көпчүлүгү жаш курагынан алганда электораттын аларга болгон мамилесинин айырмасын сезбесе да, улуу муунга караганда жаштардын колдоосун сезген аялдар эки эсе көп болгон экен.

Эмне үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланган аялдар ар кандай курактагы эркектерден жана аялдардан колдоо алышты? Гендердик теңчилик боюнча эксперттердин арасында жамааттарда стереотип басымдуулук кылат деген пикир бар, ага ылайык элеттик шайлоочулар аял саясатчыларды жалаң коомдук иштерде көрүшөт, бирок алардын саясий потенциалын байкабай калышат. Бирок, аялдар өздөрү болсо башка себептерден улам шайлоодо колдоого ээ болгонун айтышат.

Респонденттердин жарымынан көбү шайлоочулар аялдарды эркектерге караганда калыс жана адилеттүү саясатчылар деп эсептегендиктен, аялдар бардык пикирлерди эске алууга аракет кылгандыктан аялдар жергиликтүү шайлоодо колдоого ээ болгон деп эсептешет (8-диаграмма). Респонденттердин дээрлик жарымы шайлоочулардын гендердик курамы чечүүчү фактор болгонуна ишенишет: добуш берүүгө келгендердин арасында аялдар көбүрөөк болгон, ошондуктан аял шайлоочулар аялдар үчүн добуш беришкен. Респонденттердин үчтөн бир бөлүгү аялдар депутат катары өз милдетин дыкаат, кылдат жана сабырдуу аткарып, дайыма көйгөйдүн өзөгүнө жетүүгө, себептерин түшүнүүгө жана аларды жоюуга, маселени аягына чыгарууга аракет кылышат деп эсептейт. Эркектер болсо чечилиши кечиктирилген маселени таштап коюшу мүмкүн, башталган ишти аягына чыгарбастан башка ишке алагды болуп кетиши ыктымал.

Аял талапкерлердин үгүт программалары эркек талапкерлердин программаларына караганда жакшыраак болду деп эч ким ойлобойт. Аялдар айылда тазалыкты сактоого жана аялдарга карата зомбулукту жок кылууга жөндөмдүү болгондуктан аял талапкерлер колдоого ээ болду деп эсептеген респонденттердин саны өтө аз. Сурамжылоонун катышуучуларынын салыштырмалуу бирдей саны, 21ден 26 пайызга чейин, аялдар социалдык көйгөйлөрдү чече алгандыктан, чарбаны башкара билүү жөндөмдүүлүгү бар болгонунан улам (“айылды өз үйүңдөй кармагандыктан”), коррупцияга жана жеке маселелерди депутаттык мандаттын жардамы менен чечүүгө каалоосу жоктугунан улам аял талапкерлерди колдогонун моюнга алышкан. Мындан улам аялдар жергиликтүү кеңештерде “социалдык маселелер менен гана алектенет” деген миф тастыкталган жок. Аялдардын өздөрү болсо жердештери аларды социалдык маселелерди чече алганы үчүн гана эмес, аларга көбүрөөк ишенишкендиктен жергиликтүү шайлоодо колдоого ээ болгонун айтышат.

Шайлоонун формалдуу жана бейформал шарттары: мыйзамдар жакшы, бирок аларды билишпейт жана сакташпайт 

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, аялдар мыйзамда белгиленген эки жыныс үчүн квотанын олуттуу мааниге ээ экенин ырасташты. Жалпысынан алганда шайлоо мыйзамдары жарандарды канааттандырат – сурамжылоого катышкан аялдардын жарымына жакыны мыйзамда кемчилик такыр болбогонун айтышат. Ошол эле учурда аял депутаттар мыйзамдарды билбегени көйгөй болгонун аялдар өздөрү да моюнга алышат. Үч аялдын экөө өздөрү же кесиптештери мыйзамды талаптагыдай билбегенин белгилешет (9-диаграммадан көрүнүп тургандай, алардын 55 пайызы аялдар жалпысынан мыйзамды жакшы билишпейт деп эсептешет, ал эми 12% мыйзамды билбегенин ачык моюнга алышат).

9-диаграмма. Аялдардын жергиликтүү деңгээлде саясий процесске катышуусун татаалдаштырган мыйзамдардагы кемчиликтерге карата аялдардын пикирлери

30 пайыздык квота жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузууга жана аялдын квотасын эске албастан кеңештин курамын түзүүгө жасалган көптөгөн аракеттерди белгилеп, аялдардын 40 пайызы бул мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын чаралар керек деп эсептешет.

Шайлоонун бейформал шарттарына келсек, аялдардын көбү (41%) саясий катышуу процессинде аялдардын өнүгүүгө кошкон салымы көп учурда бааланбай калып жатканына макул болушат. Мисалы, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын ар кандай сыйлыктарга көрсөткөндө аял депутаттын талапкерлиги эркек талапкерлерге караганда азыраак каралат (10-диаграмма).

10-диаграмма. Аялдардын шайлоодо саясий процесске катышуусуна терс таасир эткен факторлор

Ар бир үчүнчү аял 30 пайыздык квота жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу аракеттери болгонун белгилейт. Ошондой эле аялдардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү үгүт учурунда үй-бүлөлүк бюджеттен акча алууга уруксат суроого мажбур болгонун мойнуна алышкан, бул үй-бүлөнүн ичинде чыр-чатактарга себепчи болгон. Болжол менен ар бир алтынчы аял коркутуу, мазактоо, күйөөсү жана үй-бүлөсү аркылуу кысым көрсөтүү, саясий процесске катышуудан баш тартууга мажбурлоо фактыларына туш болгон.

Аялдар өзүнүн депутаттык милдеттерин жеңилирээк аткара алышы үчүн эмне кылыш керек?

Сурамжылоого катышкан аялдардын дээрлик жарымы – 46 пайызы – жергиликтүү кеңештин ишинин ички жол-жоболоруна (формалдуу жана бейформал) байланыштуу эң олуттуу көйгөй деп бир көрүнүштү аташат – эркектер кеңештин ичинде чакан топторду түзүп алып, ага аялдарды “кошушпайт” (11-диаграмма). Башкача айтканда, аялдар кеңештин ичиндеги ар кандай топтордон жана бейформалдуу талкуудан четтетилип калышууда. 2021-жылдын жазында өткөн шайлоодон кийин кеңештерде, кыязы, аялдардын гана топтору пайда болот. Бирок эгер кандайдыр бир себептерден улам айрым кеңештерде аялдар бир топко бириге албай калышса, анда алар өнөктөштөрсүз, пикирлештерсиз обочолонуп калышмакчы. Анткени эркектер аларды өздөрүнүн топторуна кошпой турганы анык. Бул башка нерселер менен катар гендердик күтүүлөр жана салттар менен шартталган, ага ылайык аял үчүн кандай гана себеп болбосун, бирок эркектердин тобунда болуу “туура эмес” көрүнүп калат. Жаманатты болбош үчүн аялдар “курбу” издөөгө же топко катышуудан баш тартууга мажбур болот.

11-диаграмма. Жергиликтүү кеңештеги жол-жоболордо аялдарга депутаттын ролун натыйжалуу аткарууга тоскоол болгон боштуктар

Аялдардын депутат катары эффективдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна олуттуу таасирин тийгизе турган бул тоскоолдукту кантип жеңүүгө боло турганы азырынча белгисиз. Чындыгында, чакан топтордон четтетилген аялдар “көшөгө артындагы” маалыматты билүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышат, чечим кабыл алуу процессинде тигил же бул депутаттын жүйөлөрүн түшүнө алышпайт, ошондой эле кесиптештерине өзүнүн позициясын бейформал жагдайда жеткирүү үчүн ынандыруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Алар сессия учурунда же туруктуу комиссиянын жыйындарында гана расмий сөз сүйлөө мүмкүнчүлүктөрүнө ээ, ал эми саясат негизинен расмий эмес сүйлөшүүлөрдөн жана коалиция түзүүдөн турат. Бул жагынан алганда, шаардык кеңештерде аялдардын абалы айылдыкына караганда кыйла жагымдуу, анткени шаарларда аял депутаттар партиялык чакан топтор менен байланыш түзө алышат жана фракциялардан колдоо таба алышат, ал эми элеттик аял депутаттар мындай мүмкүнчүлүктөн ажыраган. Бул жагынан алганда, жергиликтүү кеңешти түзүүнүн партиялык принциби аялдарга кээ бир артыкчылыктарды берерин моюнга алышыбыз керек.

Мына ушундай биринчи тоскоолдуктун артынан эле экинчиси жаралат – аялдардын 40 пайыздан ашыгы да кеңештин туруктуу ишинин алкагында этикалык принциптердин жоктугун же көп жакшы өнүкпөгөнүн белгилешет, эркек депутаттар жүрүм-турумдун этикалык нормаларын сактабайт деп нааразы болушат. Ушул эле сандагы аялдар кеңештин иш планында аялдардын өзгөчө муктаждыктары эске алынбайт деп эсептешет (бул жерде аялдар эмнелерге нааразы болуп жатканын тактоо керек). Жергиликтүү кеңештерде Этика кодексин жапырт түрдө киргизүү маселени чечүүнүн бир жолу болушу мүмкүн, бирок бул кодексти гендердик теңчиликтин ченемдери жана шарттары боюнча кайра карап чыгуу тийиш.

Аялдар башкаруунун маанилүү маселелерине, анын ичинде бюджет маселелерине жетүү деңгээлине нааразы болору күтүлгөн. Бул тоскоолдукту сурамжылоого катышкан аялдардын көпчүлүгү баса белгилебесе да, алардын 22% туруктуу комиссиялардын курамын аныктоодо жергиликтүү бюджетке байланыштуу маселелерге жетүү мүмкүнчүлүгү чектелгенин сезишкен, башкача айтканда, ар бир бешинчи аял кеңештердин жол-жоболорунда эң негизги туруктуу комиссияларында аялдардын катышуусу тууралуу талаптар жетишпегенин белгилешет. Ошол эле сандагы аялдар сессиялардын убактысы аялдардын өзгөчө муктаждыктарын эске албайт деп эсептешет.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн аялдарга түзүлүшү керек болгон шарттардын арасында, албетте, биринчи кезекте мамлекеттик колдоо чараларынын системасы турат. Бул системага окутуу, консультациялык колдоо, ошондой эле аялдын коомдук иштерге жумшай турган күчүн жана убактысын кандайдыр бир деңгээлде компенсация кыла ала турган жеңилдиктер камтылышы керек. Бул жеңилдиктер жана компенсациялар сөзсүз түрдө эле материалдык мүнөзгө ээ болбошу керек; аялдар алардын саясий ролун коомчулук тарабынан таанылуусун жана жамааттын өнүгүшүнө кошкон салымын маанилүү жана олуттуу деп эсептешет. Ошол эле учурда эркек депутаттар да ушундай жеңилдиктерге жана компенсацияларга муктаж. Бирок жашоодо алар автоматтык түрдө коомчулукта урмат-сыйга ээ болушат: белгилүү бир жашка келип, жамааттын өнүгүшүнө кошкон салымын көрсөтүп, эркектер дайыма жергиликтүү жамааттын кадырлуу мүчөлөрүнө айланышат, ал эми аял, эреже катары, жердештеринен ушундай эле алкышка жетүү үчүн көбүрөөк аракет жумшашы керек.

Аял депутаттардын ийгиликтүү иштөөсү үчүн зарыл болгон башка шарттар мамлекеттик же расмий колдоо чараларына караганда үч эсе азыраак популярдуу болуп чыкты жана добуштардын болжол менен бирдей санын алды, жооптор – 18ден 26 пайызга чейин (12-диаграмма). Ар бир төртүнчү аял эркек депутаттар арасында  гендердик теңчиликтин маңызын түшүндүрүп, аны сактоо зарылдыгын жеткирүү деңгээлин максаттуу түрдө жогорулатуу зарыл деп эсептейт. Аялдарга ар тараптуу маалыматтык колдоо көрсөтүү боюнча сунуштар азыраак болгон (окуу китептери, сайттар ж.б.); негизги иште жетекчиликтин колдоосу (сессияларга катышууга тоскоолдук кылбоо, депутаттык ишке убакыт бөлүү ж.б.); жергиликтүү өз алдынча башкаруу тарабынан түзүлүүгө тийиш болгон депутаттардын эмгек шарттарын жакшыртуу (сессиялар үчүн жайлар, туруктуу комиссиялар, атайын бөлүнүп берилген жооптуу катчы). Белгилей кетүүчү нерсе, лидерликке “жетпей калгандарды” колдоонун бардык чаралары аял депутаттарга да, эркек депутаттарга да бирдей тиешелүү. Аялдар мамлекеттен конкреттүү колдоону күтүшөт – булар окуулар, жеңилдиктер жана компенсациялар.

 

Окшош материалы: