Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Айнагүл ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Мыйзамдарды билүү – жергиликтүү кеңештин депутатынын ийгиликтүү иши үчүн негизги шарт”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Айнагүл ЭГЕМБЕРДИЕВА: “Мыйзамдарды билүү – жергиликтүү кеңештин депутатынын ийгиликтүү иши үчүн негизги шарт”

Макала FHI 3601 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Айнагүл ЭГЕМБЕРДИЕВА суу чарбасында байкоочу болуп иштеген, эл менен көп баарлашкан жана аялы жөнүндө эл арасында урматтоо менен айтылган жылуу сөздөрдү уккан күйөөсүнүн демилгеси менен Ош облусунун Кара-Таш айылдык кеңешине депутат болуп шайланган. Аялынын күч-кубатын жана адамдар менен иштөөгө каалоосун, алардын көйгөйлөрүн чечүүгө ынтызарлыгын байкап, жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкерлигин коюуну өзү сунуш кылган, ал эми балдары да атасын колдошкон. Айнагүлгө жолугушууларда жана коомдук иш-чараларда жигердүүлүгүн байкаган айылдаштары да чоң колдоо көрсөтүштү.

Азыр Айнагүл депутат, бактылуу жубай, эне жана 15 неберенин чоң энеси. Айнагүлдү депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүүгө түрткөн  негизги максаты – айылына, элине пайда алып келүү. Айылда Айнагүл өтөсүнө чыгууну пландап жаткан көптөгөн көйгөйлөр бар. Алар: жумушсуздук, экологиянын булгануусу, үй-бүлөнүн бузулушу, үй-бүлөдөгү зомбулук, спорттун өнүкпөй жатышы, жаштардын кантип жашаш керектигин билбей жатканы, келечек муунга түздөн-түз таасир тийгизген аялдардын саламаттыгынын абалы. Айнагүл депутат болгондо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын үйрөнүш керек экенин түшүндү, анткени эгер депутаттын билими болсо, анда ага өз милдеттерин аткаруу оңой болот. Мисалы, депутаттык карьерасындагы биринчи жолку Кара-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынын алгачкы сессиясында Айнагүл жаңы бала бакчага жергиликтүү бюджеттен кошумча каражат бөлүү маселесин талкуулоого катышкан. Башка депутаттардын артынан ал дагы айыл өкмөтүнөн тез арада каражат бөлүүнү сурана баштады. Бирок айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы бюджет бекитилип калганын, каражаттар чыгашалардын беренелери боюнча бөлүштүрүлгөнүн түшүндүргөндө, Айнагүл дагы деле үйрөнө турган көп нерселер бар экенин түшүндү, айрыкча бюджетти башкаруу, каражаттарды чыгымдоону пландоонун жол-жоболорун жана бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн мөөнөт бар болгонун билди.

Ошентсе да, азыртан эле көптөгөн маселелерди чечүүгө болот. Айрыкча Айнагүл чоң ата, чоң энесинин же башка туугандарынын үйүндө калган мигранттардын балдары үчүн тынчсызданат. Бул балдар иш жүзүндө өзү менен өзү калды жана алардын саны көп. Айнагүл айыл өкмөттүн социалдык маселелер боюнча адисине кайрылып, балдардын тизмесин изилдеп, “бала кандай жашайт, мектепке барабы, китептери барбы?” деп кырдаалды көзөмөлгө алууну пландап жатат. Көзөмөлдөөгө мугалимдерди, АӨ кызматкерлерин, аялдар кеңешин жана башка депутаттарды да кошууну пландоодо.

Айнагүл ошондой эле жыл сайын 31-август – Эгемендүүлүк күнүндө айылда өткөрүлүүчү спорттук иш-чараларга катышуу үчүн аялдар командаларын түзүү демилгеси менен айыл өкмөткө кайрылган. Ал өзү мугалимдерден жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 5 волейбол командасын уюштурган, ар бир командада 40 жаштан 58 жаш курагындагы 8 аял бар. Байге фондуна 6 миң сомду айыл өкмөтү берди. Спорттук иш-чарага аялдардан турган 4 команда катышты, мелдеш абдан жакшы өтүп, бардык катышуучулар Айнагүлгө ыраазычылык билдиришти. Ал эми ОМОРОВ атындагы орто мектептин бөлүм башчысы Сават АЙТМАТОВА буларды белгиледи: “Аял депутаттын бар болгону кандай жакшы, аялдардын тилегин жана муктаждыктарын аялдар гана түшүнөт”!

 

Окшош материалы: