Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бактыгүл МЫРЗАЛИЕВА: “Аял депутат үчүн үй-бүлөнүн жана жакындарынын колдоосу абдан маанилүү. Мындай колдоо аялга дем берет”

2021-10-04 / Депутаттык баяндар
Бактыгүл МЫРЗАЛИЕВА: “Аял депутат үчүн үй-бүлөнүн жана жакындарынын колдоосу абдан маанилүү. Мындай колдоо аялга дем берет”

Макала FHI 360 ишке ашырган USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоорунун колдоосунда даярдалды. Материалды “Жергиликтүү кеңештин аял депутаттарына карата позитивдүү мамилени калыптандыруу” долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту топтоду.

Бактыгүл МЫРЗАЛИЕВА аялдар кеңешинин жетекчисинин таасири менен Кара-Таш айылдык кеңешине депутат болгон, себеби жетекчи туура сөздөрдү таап, Бактыгүлдө өзүнө болгон ишенимди жараткан. Бактыгүл өзү да ыңгайлуу учур келгенин баамдап турган эле – анда жетиштүү турмуштук жана коомдук тажрыйбасы бар, эл жана балдар менен көп иштешкен, бир топ кыйынчылыктарды жеңген. Бактыгүл узак убакыт бою эмгек мугалими болуп иштеген, мектепте кыздарга сабак берген, ошол эле учурда буйрутма алып, кыздарга сеп даярдап жүрчү. Орусияда иштеген күндөр да болгон, ал эми азыр почтада эмгектенет. Бактыгүл кайсы гана жерде иштебесин, бардык жерде анын эмгекчилдигин, чынчылдыгын жана өжөрлүгүн белгилешет. Бактыгүл – сүйүктүү жубай, төрт баланын энеси, беш неберенин чоң энеси. Кичүү студент уулунан башка бардык балдары өз жолун таап, үй-бүлө күтүшкөн. Бактыгүл депутат болууну чечкенде, аны үй-бүлөсү толугу менен колдоду. Шайлоо күнү Бактыгүлдүн жолдошу өзгөчө толкунданып, шайлоо өтүп жаткан участокко кошо барып, процесске байкоо салып, тынчсызданып турду. Бактыгүл күйөөсүнүн салымын жана колдоосун жогору баалайт: “Азыр ошол күндөрдү эстеп, күйөөмдүн колдоосун дайыма сезип турганым үчүн жүрөгүм жылый түшөт”. Депутат болгондон кийин Бактыгүл көчөлөрдүн биринен өтмөк ачуу сунушу менен айыл өкмөтүнө кайрылды, бул көчөнү бак-дарактар басып кеткендиктен жол жабылып калган. Жөө басып өтүүгө да, машине менен айланып өтүүгө да мүмкүн болбой, бул көчөнүн тургундарына ыңгайсыздыкты жараткан. Бирок Бактыгүл көчөнү тазалап, оңдотууга жете алды. Айыл өкмөтүнүн адистери бак-дарактарды кыйып, бул көчөгө 100 машине шагыл ташып келип, жолго төгүп, тегиздеп чыгышкан. Көчөнү тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да жардам беришти. Мында да Бактыгүлгө жолдошу жардамга келип, шагыл төгүлгөндөн кийин жолду тегиздеп, таштандыдан арылтуу үчүн жашоочулардын башын бириктире алды.

Окшош материалы: