Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга карата чаралары жөнүндө» токтому кабыл алынгандан бери дээрлик бир жарым жыл өттү. Бул токтомду ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарган иш, ошондой эле ортодо пайда болгон тоскоолдуктар тууралуу пикир бөлүшүүгө да учур келди.
Аталган токтом менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына төмөнкүдөй документтер өттү:
-
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программасы;
-
Мамлекеттик кызматтын администрациялык мамлекеттик кызмат органдарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар;
-
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын кызматтык типтүү нускамасы;
-
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
-
кызматчыга милдет коюу тууралуу акт;
-
кызматчынын милдетин түзөтүү актысы;
-
кызматчынын аткарган иши тууралуу отчет;
-
кызматчынын ишине баа берүү боюнча түздөн түз жетекчинин отчету;
-
кызматчынын ишине жылдык баа берүү;
-
кызматчынын ишин баалоонун негизги критерийлери.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө боюнча жаңы система эмне үчүн киргизилген?
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн мурдагы системасына талдоо жүргүзгөн учурда ченемдик-укуктук актылардагы кемчиликтер, эмгек акы төлөө системасына бирдей мамиле жана принциптердин жоктугу өңдүү көйгөйлөр аныкталган. Мунун натыйжасында ведомстволук кызыкчылыктарды сүрөө үчүн шарттар түзүлүп, кызматчылардын эмгек акысынын деңгээли иштин көлөмүнө жана татаалдыгына, функционалдык милдеттери боюнча жоопкерчилигине эмес, ээлеген кызматына көз каранды болгон.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, министрликтердин борбордук аппаратында, ведомстволордо, ошондой эле облустук жана райондук башкармалыктарда базалык коюмдардын минималдык маанисинин көлөмүндө айырма болгон.
Мунун баары бирдей кызматтарды ээлеген, бирок ар башка көлөмдө жана татаалдыкта иштерди аткарган кызматчылар дээрлик бирдей маяна алып калган кырдаалды пайда кылган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрлери кызмат орундун квалификациясы менен эмгек акынын деңгээли ортосундагы түз өз ара байланышты кепилдеген эмес. Мындай кырдаал көпчүлүк кызматчыларда учурдагы системанын натыйжасында жакшы иштейби же жокпу, буга карабастан баары бир белгиленген сумманы алат деген түшүнүктү калыптандырган. Айрым кызматчылар эмгекке кызыгуусун көрсөтүшкөн эмес, аларга жүктөлгөн милдеттенмелерди өз убагында жана сапаттуу аткарууга, эмгек тартибин бекемдөөгө умтулган эмес, аларда өз алдынчалуулук, демилге көтөрүү өңдүү сапаттар болбой, бул болсо жалпы иштин сапатына жана жыйынтыгына терс таасирин тийгизген.
Жаңылануунун негизги максаты – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын реестри менен аныкталган кызматтардын иерархиясына, ошондой эле иштин жыйынтыгына жана кызматчылардын эмгек акы төлөө системасынын өз ара байланышына негизделген ишмердикти баалоонун натыйжалуу системасын түзүү. Мунун натыйжасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматтан жогорулоо камсыздалып, эмгек акынын деңгээли оптималдаштырылып, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда ажырым мүмкүн болушунча азайыш керек.Өкмөттүн токтому күчүнө кирген күндөн баштап, Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоодо усулдук жана консультациялык жардам көрсөтүү боюнча жумуштарды баштады.
Аймактык өкүлчүлүктөрдүн жооптуу кызматкерлери Жобону ишке ашыруу боюнча материалдарды даярдап, айыл өкмөтөрүндө жана шаарлардын мэрияларында окутуучу семинарларды өткөрдү. Мындан тышкары пайда болгон суроолорду чечүү боюнча өз убагында жардам көрсөтүү максатында ар бир районго жана шаарга өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери бекитилди. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоонун жыйынтыктары 8391 муниципалдык кызматчынын ичинен 5761 кызматчы баалоодон өттү. Бул болсо 69 пайызды түзөт. 2272 же 27 пайызы «мыкты» деген баа алса, 2812 кызматчы, же 34 пайызы - «жакшы», 660 кызматчы, же 8 пайызы «канааттандырарлык» деген баа алды. Болгону 17 кызматчы, же бир пайыздан азы «канааттандырарлык эмес» деген баа алды (Жалал-Абад жана Нарын облустарында). Иши «мыкты» деп баалангандарды эмгек акынын шкаласы боюнча кезектеги тепкичке көтөрүү сунушталды. Аймактар боюнча жыйынтыктар таблицада да келтирилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкмөттүн токтомун аткаруусу боюнча жүргүзгөн иштерге жыл бою жасалган анализ буларды көрсөттү: мындай система биринчи жолу киргизилип жаткандыктан, жетишилген белгилүү бир жыйынтыктар менен катар уюштуруучулуктун жоктугу өңдүү айрым бир кемчиликтер да болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча суроолорду системага салуу, 2014-жылы кетирилген каталарды болтурбоо, ошондой эле өкмөттүн токтомун толук кандуу ишке ашыруу үчүн райондордун жана шаарлардын деңгээлинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн семинарларды уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынды.Мамлекеттик кадр кызматынын коллегиясынын чечимине ылайык,2015-жылдын экинчи кварталында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо тажрыйбасы менен бөлүшүү боюнча практи- калык семинарлар өткөрүлдү. Семинарлар республикадагы 25 айыл өкмөттүн жана 7 шаардын базасында өтүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген 1500дөн ашык муниципалдык кызматчы, ошондой эле иши муниципалдык кызматка байланышкан кызматчылар да катышты.
Семинарларга Мамлекеттик кадр кызматынын жооптуу кызматкерлери, КР Өкмөтүнүн облустардагы, райондук мамлекеттик администрациялардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле райондук жана шаардык финансы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.Семинарларды өткөрүүнүн негизги максаты өкмөттүн токтомунун алкагында коюлган тапшырмаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айыл өкмөттөрүндө жана шаарлардын мэрияларында аткаруусу боюнча иштердин жыйынтыгын талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана иштин жүрүшүндө пайда болгон талаштуу маселелерди чечүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу болду. Семинарлардын күн тартибин бекитүү процессинде жана катышуучулардын курамын тактоодо ар бир райондо бул багытта ийгиликке жетише алган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын алдын ала аныктап алуу жана башка айыл өкмөттөрдө алардын тажрыйбасын жайылтуу тууралуу чечим кабыл алынды.
Семинарлардын жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө күн тартибне кошулган суроолордон тышкары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ченемдик-укуктук актыларын сактоо, сынактарды жана аттестацияларды өткөрүү, ошондой эле иш өндүрүшүн жүргүзүү тартиби боюнча слайддар көрсөтүлдү.Башчылар жана жооптуу катчылар өз иши тууралуу маалымат беришти. Семинарлардын катышуучулары күн тартибиндеги маселелерди суроо-жооп формасында талкуулап, пикир алмашты.Айрым жерлерде семинарлар райондук деңгээлде өткөрүлгөнүнө карабастан кошуна райондордун айыл өкмөтүнүн башчыларына жана жооптуу катчыларына да ушул семинарларга катышуу мүмкүнчүлүгү берилди. Семинарлардын катышуучуларына маалымат такталары, усулдук бурчтар, зарыл адабияттар жана муниципалдык кызмат боюнча документтер көрсөтүлдү.
Ал эми айрым бир айыл өкмөттөрүндө социалдык-экономикалык жетишкендиктер тууралуу кошумча маалымат берилди. Чүй жана Талас облустарында Борбордук аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобо боюнча кошумча окуу өткөрүштү. Семинарлардын катышуучулары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоого тиешелүү аларды кызыктырган бир катар суроолорго жооп алалышты. Аларга айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун жыйынтыгы менен жеринде таанышып чыгуу жана учурдагы кемчиликтерди жоюу боюнча усулдук жардам алуу мүмкүнчүлүгү берилди.
Жалпысынан райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары муниципалдык кызматты өтөөнү мындан ары жакшыртуу, айыл өкмөтүнүн катчылары, мэриянын аппарат жетекчилери арасында муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле муниципалдык кызматтын милдеттерин түшүндүрүү жана талдоо жаатында семинардын оң жактарын белгилешти. Өзгөчө көңүл ишти баалоо системасына бөлүндү. Талап кылынган деңгээлде уюштуруучулук ишти жүргүзгөн муниципалдык органдардын арасында Баткен облусунун Кадамжай жана Жалал-Абад облусунун Кербен шаарларынын мэриялары болду. Бул тизмеге Лейлек районунун Кулунду, Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа, Ысык-Көл районунун Тамчы, Нарын районунун Достук, Талас районунун Бердике Баатыр айылын, ошондой эле Чүй облусунун айрым бир айыл өкмөттөрүн кошсо болот.
Муниципалдык кызматчылардын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүү боюнча Жобону ишке ашыруу тууралуу айта турган болсок, бул багытта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүргүзгөн ишке жасалган анализ айрым бир кемчиликтерди аныктады.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкмөттүн токтомунун маанисин соңуна чейин түшүнбөстөн алдыга коюлган тапшырмага жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай, чынында аны ишке ашырууга формалдуу мамиле жасашкан. Натыйжада айрым бир айыл өкмөттөрүндө жана мэрияларда төмөнкүдөй типтүү кемчиликтер орун алган:
-
талкуулоого коюлган квартал сайынкы отчетторго эмес, жылдык жыйынтыктарга гана негизделген муниципалдык кызматчынын ишин формалдуу баалоо;
-
бардык талаптарга, ошондой эле кварталдык жана жылдык баалоо материалдарына ылайык жүргүзүлгөн баалоонун натыйжасында баа берүү боюнча комиссиянын чечимдерин тиешелүү райондук финансы бөлүмдөрүнө өз убагында тапшырбоо (мындай фактылар
Кадамжай, Чоң-Алай жана Сокулук райондорунда орун алган). Мунун натыйжасында «мыкты» деген баа алган, маянасы жогорулашы керек болгон муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын көлөмү мурдагы эле деңгээлинде кала берген;
-
дотацияда турган көпчүлүк айыл өкмөттөрүнө каржылоо булактарынын жоктугун шылтоолоп, муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүүнү теңдештирүү үчүн «мыкты» жана «канааттандырарлык эмес» деген бааны атайын койбогон фактылар да орун алды;
-
дээрлик бардык айыл өкмөттөрүндө финансы-экономикалык бөлүмдөр кийинки жылга бюджетти түзүүдө эмгек акы үчүн кошумча каражат боюнча өзгөртүүлөрдү жергиликтүү бюджетке киргизген эмес. Мунун натыйжасында «мыкты» деген бааны алган айрым муниципалдык кызматчылардын маянасы көбөйбөй калган.
Ал эми айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Баа берүү боюнча Жобону колдонмого албастан баалоо жүргүзгөн.Мисалы, Талас районунун Нуржанов айыл өкмөтүндө жыл ичинде 10 штаттык бирдиктин 5 кызматкери ишке сынактын негизинде алынган. Бирок буга карабастан алар ишке кабыл алынган күндөн бери бир жыл өтө элек болсода баары жыл жыйынтыгы боюнча «мыкты» деген баа алган.Бакай-Ата районунда айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлерине «жакшы» деген баа берүү менен чектелүүнү чечишкен. Айылдык кеңештин депутаттары райондогу бардык айыл өкмөтүнүн ишине баа берүүдө эч ким «мыкты» деген бааны албай калганы буга себеп болду. Буга байланыштуу айыл өкмөтүнүн баа берүүчү комиссиялары депутаттар менен мамилени бузбаш үчүн бардык муниципалдык кызматчылардын баасын аткаруу органына чыгарылган жалпы баа менен теңдештирип коюшкан. Бул туура эмес чечим.
Биринчиден,айыл өкмөт башчылары гана муниципалдык кызматчылар жыл ичинде жасаган иштин сапатын жана көлөмүн билишет жана алар гана кызматчыларга баа берүүгө укуктуу. Депутаттардын баасы жалпысынан айыл өкмөтүнүн жалпы ишине гана тиешелүү. Ал эми ар бир кызматчынын ишине баа берүү айыл өкмөтүнүн комиссиясынын компетенциясына кирет. Экинчиден, муниципалдык кызматчылардын ишин баалоодо жалпылаштырууга жол берилбеш керек. Ар бир кызматчыга жеке мамиле жасалууга тийиш. Ошондуктан аппараттын бардык кызматкерлери «жакшы» же «жаман»иштеди деп айтууга болбойт. Ар бир кызматчы өз ишинде жумушка карата мамилеси, аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрү жана жөндөмдүүлүгү менен айырмаланат.
Баа берүүдө көпчүлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында комиссия мүчөлөрүнүн арасында эгерде муниципалдык кызматчы толук календардык жыл иштебесе, анын иши кантип бааланыш керектигине байланыштуу суроо бир топ талаш-тартыштарды жаратты. Мындай суроолор жыл соңунда пайда болбош үчүн жыл башында комиссия өз жыйынында муниципалдык органдагы ишинин мезгилин аныктап алыш керек. Ошондон кийин анын ишине баа берүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашырууга Бишкек шаарынын мэриясы жана анын структуралык бөлүмчөлөрү жоопкерчиликсиз мамиле жасады. Республика боюнча 2014-жылы муниципалдык кызматчынын ишине баа берүү боюнча эч кандай уюштуруучулук ишти жүргүзбөгөн жалгыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы Бишкек шаарынын мэриясы болуп калды. Мунун натыйжасында муниципалдык кызматчынын эмгеги бааланбай, эмгек акысы жогорулабай, ишке болгон кызыгуу азайып, эмгекке болгон умтулуу жоголгон. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын ишине баа берүүдө айрым бир мамлекеттик жана муниципалдык органдар формалдуулуктан качып, өздөрү демилге көтөрүп турушту. Мисалы, Билим берүү жана илим министрлиги Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик кызмачыларынын жылдык ишине баа берүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарын райондук мамлекеттик администрацияга өткөрүп берди. Райондук администрациянын социалдык маселелер боюнча башчысынын орун басары билим берүү боюнча да куратор болгону үчүн ал баа берүү боюнча өз сунуштарын берди.
Бул туура чечим. Себеби мамлекеттик органдардын райондук жана шаардык башкармалыктары өзүнүн күнүмдүк ишинде акимиаттар жана мэриялар менен тыгыз өз ара аракетте болот, жергиликтүү бийлик органдары министрликке караганда алардын иши тууралуу көбүрөөк кабардар. Бул учурда министрликтер ишти баалоонун жыйынтыгын чыгарууга формал- дуу мамиле жасаган жок десек болот. Кара-Кулжа районунун Чалма айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы айыл өкмөтүнүн аппаратында муниципалдык кызматчынын жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча баа берүүдө райондук деңгээлдеги жетекчилердин пикирин эске алган. Бул дагы акылга сыярлык мамиле. Анткени айыл өкмөтүнүн аппаратында өзүнүн айрым ыйгарым укуктары боюнча мамлекеттик органдар менен иштешкен жана аларга отчет берген муниципалдык кызматчылар бар (финансы, социалдык маселелер, аскердик эсепке алуу ж.б. боюнча адистер).
Ошондуктан мамлекеттик орган тапшырган милдетти өз убагында жана сапаттуу аткаруу, мамлекеттик иштер боюнча айлык, кварталдык жана жылдык отчетторду өз маалында түзүү, эмгек тартибин сактоо өңдүү муниципалдык кызматчынын ишинин көрсөткүчтөрүн мамлекеттик органдын райондук мекемелеринин жетекчилери реалдуу баалай алат. Жогоруда саналган усулдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүүдө натыйжалуулукту арттырууга көмөктөшөт жана андан ары колдонмого алынмакчы. Учурда аларды 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарууда кол- донуу тууралуу маселе каралууда.
Белгилүү болгондой, түшүнбөстүктөр, тоскоолдуктар, кыйынчылыктар кайсы чөйрөгө же системага карабасын ар бир жаңы иште боло турчу көрүнүш. Кызматчылардын ишине баа берүү боюнча семинарлардын жыйынтыгын талдап көрүп, бул багытта терс учурлар, кыйынчылыктар болгонун айта алабыз. Анткен менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында ишти оң жолго салуу үчүн чоң моралдык-саясий дарамети бар болгонун да белгилей кетүү зарыл. Жалпысынан өткөрүлгөн семинарлардын катышуучулары КР Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, республикада мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын реестри менен аныкталган кызматтардын иерархиясына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүүнүн натыйжалуу системасы түзүлүп жатканына күбө болушту. Баа берүү акыры эмгек акынын деңгээлине таасирин тийгизип жатканы өзгөчө маанилүү. Бул болсо мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда өз дараметин жогорулатууга жана натыйжалуу иш жүргүзүүгө реалдуу дем пайда болгонун билдирет.