Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Адилет Албекеновдун өзүнүн “университети”: долбоорлорду иштеп чыгып, мониторинг жүргүзүү

2022-02-14 / ЖӨБ кадрлары
Адилет Албекеновдун өзүнүн “университети”:  долбоорлорду иштеп чыгып, мониторинг жүргүзүү

Санаалаш адамдарды издеген жолдо максатка умтулган, дымактуу адамдарды жолуктурган кандай жакшы! Мындай жолугушуулар өзгөчө жаңы идеянын өзөгүн алып жүргөн, адаттан тыш ой жүгүрткөн жаштар үчүн маанилүү.

Мындай өнөктөштү ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кочкорбаев айылдык аймагынан тапты. Адилет АЛБЕКЕНОВ 27 жашында жергиликтүү кеңештин депутаты болгон, ал эми Долбоор бул аймакта ишин 2015-жылы баштаган.

– Мен дагы өз алдынча чоң турмушка аттанган башка жаштардай эле өлкө эмне үчүн ойдогудай өнүкпөй жатканын ойлонуп, кабатыр болчумун. РАЗЗАКОВ атындагы КТУну “Инженер-энергетик” адистиги боюнча бүтүргөндөн кийин күчүмдү, билимимди кайда жумшасам болоорун ойлоно баштадым. Мен депутат болгондон кийин Кочкорбаев айылдык аймагы ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташа баштаганына кубандым. Долбоордун тренингдерине катышып, ал жактан долбоорлорду жазып, мониторинг жүргүзгөндү, эл менен иштегенди, аймак үчүн артыкчылыктуу көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечкенди, бюджеттик угууларды өткөргөндү үйрөндүм. Бул тренингдерде ушунчалык көп билим алгандыктан, университетти кайра бүтүргөндөй эле сезимде болдум, - деп өзүнүн таасири менен бөлүштү Адилет.

Буденовка айылындагы Кеңеш-Буденовка-Бишкек-Торугарт жолунун төрт километрдей бөлүгүн электр жарыгы менен камсыздоо долбоору АЛБЕКЕНОВдун демилгелеринин бири болду. Анын түздөн-түз катышуусу менен айыл өкмөтү гранттык өтүнмөнү даярдап, ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өткөргөн конкурстун жеңүүчүсү болду. Ошентип, бул долбоорго бир миллион сом гранттык каражат бөлүнгөн.

Аймактын тургуну, Адилеттин санаалашы, жергиликтүү кеңештин экс-депутаты Айдар ЭЛГОНДИЕВ чырактар орнотулгандан кийин жол кырсыктары байкаларлык азайганын айтат. Тургундар үчүн жолду кесип өтүү коопсуз болгондон тышкары, жарык берилген көчөлөрдө сейилдеп жүрүү да жагымдуу болуп калды.

Кочкорбаев айылдык аймагынын Доктурбек КУРМАНАЛИЕВ айылындагы жолдорду жарыктандыруу иштеринин жүрүшүндө Адилетке коомдук мониторинг жүргүзүү көндүмдөрү пайдалуу болду. Кыраакылыгынын, кесибин жакшы билгенинин жана Долбоордун тренингдеринде алган көндүмдөрдүн аркасында ал муниципалдык бюджеттин 180 миң сомун үнөмдөй алды.

– Подрядчы компания аткарган жумуштардын жыйынтыгын текшерип чыксам, алар жарыяланган сметага жана тендердеги өзгөчөлүктөргө шайкеш келбегендигин байкадым, – дейт АЛБЕКЕНОВ. – Мен үч депутаттан, айыл өкмөттүн кызматкерлеринен жана жашоочулардан турган комиссияны түзүп, маселени териштире баштадым. Көрсө, аткаруучу бизди алдагысы келип, милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган эмес экен. Мисалы, тендердик документтерде светодиоддук прожекторлордун бир даанасы 3500 сомдон орнотулары көрсөтүлгөнү менен, иш жүзүндө такыр башка лампалар – бир даанасы 800 сомдон болгондору орнотулуптур. Натыйжада компанияга 334 миң сомдун ордуна 154 миң сом төлөнүп берилген.

2019-жылы Адилет экинчи жолу жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланган. Кесиптештери Адилеттин биринчи жолу депутат болуп иштеген учурда көрсөткөн жигердүүлүгү жана иш билгилиги үчүн төрагалык кызматка шайлашты. Бул анын өзүнө болгон ишенимин бекемдеп, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясына тапшыруу чечимин кабыл алууга негиз болгон.

– ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жардамы менен башкаруу боюнча көп маалымат алдым, андан кийин бул билимимди иш жүзүндө колдонуп, акыры аны диплом менен бекемдөөнү чечтим”, – деп, Адилет экинчи адистикти өздөштүрүүгө түрткөн жагдайларды түшүндүрүп берди.

Учурда Адилет “Кочкорбаев айылдык аймагынын мисалында калктын социалдык-экономикалык турмушун жакшыртуу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу” аттуу магистрдик диссертациясынын үстүндө иштеп жатат. Бул үчүн ал ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен иштешкен учурда топтогон архивдик материалдарды колдонууда.

Адилет АЛБЕКЕНОВ айылдык аймактагы бир топ жөнөкөй маселелер чечиле электигин мойнуна алып, аны таштанды чыгаруу көйгөйү тынчсыздандырып жатканын айтты. Адилеттин ырасташынча, таштандылар туш келди ыргытылып, райондун экологиясына коркунуч жаратууда. Аймактын тургундары болсо Адилетте болочок лидердин бардык сапаттарын көрүшүүдө. Алар таштанды маселесин биротоло чече алган Адилеттей жетекчи жетишпей жатканын айтышат. Ал эми лидер болуу үчүн Адилетте бардык сапаттар бар – ал чечкиндүү, билимдүү жана адилетсиздиктин ар кандай көрүнүштөрү менен күрөшүүгө ынтызар.