Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ кадрларын бекемдөө

2022-02-14 / ЖӨБ кадрлары
ЖӨБ кадрларын бекемдөө

Плакаттын автору – Мирлан ЖОЛОЕВ

Долбоордун гранттык программасынын таасири менен ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин кадрдык потенциалы жогорулады, алар муниципалдык башкаруу жана жамаат менен өз ара аракеттенүү боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүштү, чоң көлөмдөгү практикалык жана методикалык маалыматтарга ээ болушту (Долбоор ЖӨБ органдары үчүн 20дан ашык тема боюнча 38 миңден ашык адамга тренингдерди өткөрдү).

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен ЖӨБ органдарынын ишинин укуктук жана институционалдык шарттары жакшыртылды: муниципалдык кызматкердин статусу жогорулатылды, муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын, анын ичинде ведомстволук багытта жогорулатуу системасы түптөлүп келатат; өкмөт берилген ыйгарым укуктарды каржылоонун зарылдыгын мойнуна алды, мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда ыйгарым укуктарды иш жүзүндө бөлүштүрүү иштери башталды; мыйзам долбоорлорун ЖӨБ органдары менен макулдашуу процесси жолго салынууда; жергиликтүү кеңештердин иши үчүн административдик жана финансылык шарттар камсыз кылынды ж.б.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak.gov.kg) түзүлдү. Кыска мөөнөттүн ичинде Порталга алдыңкы тажрыйбалардын 135 мисалы жүктөлдү; Порталды колдонгондордун саны 2022-жылдын январь айынын соңуна карата 11 миңге жетти, анын ичинде 62% - аялдар; Портал 46 онлайн иш-чараны жана 34 тренингди өткөрдү; бул жерде жергиликтүү жана улуттук маанидеги документтердин 300гө жакын үлгүсү сакталган. “Инстаграмдагы” @myktyaimak.gov.kg аккаунтунун 9 миңден ашык колдонуучусу бар, “Фейсбуктагы” баракчага 800дөн ашык адам жазылган. 2021-жылдан тарта Мыкты тажрыйбалар порталы менен “Муниципалитет” журналы бириктирилип, акынын негизинде жазылууга өткөн. 2022-жылдын башына карата анын дээрлик 600 жазылуучусу бар (кыргыз тилинде 350гө жакын, орус тилинде 250гө жакын); алардын ичинен 60ка жакын кардар (жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана мамлекеттик органдар) журналды акысыз алышат.

2021-жылы Портал жана журнал Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген, бул уюм 2022-жылдан тарта ЖӨБ органдарына ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу боюнча кесипкөй кызматтарды көрсөтө баштайт.

Долбоор ишке ашырылган жылдары анын айрым максаттуу муниципалитеттери өз райондорунда мыкты ЖӨБ органы деп 11 жолу табылган, бери дегенде 70 муниципалдык кызматкер жана максаттуу ЖӨБ органдарынын жетекчилери “Муниципалдык кызматтын отличниги” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги” наамдарын алышкан.