Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Найзабек Көлбаев: Кайрадан баамдоо жана өзгөрүүгө багыт

2022-02-14 / ЖӨБ кадрлары
Найзабек Көлбаев: Кайрадан баамдоо жана өзгөрүүгө багыт

2009-жылы Найзабек КӨЛБАЕВ Аламүдүн айылдык аймагына башчы болом деп “өзү суранганда”, эл сууну кудуктан алып ичип, таштандылар чыгарылбай, түшкөн арыздардын саны боюнча муниципалитеттин рейтинги биринчи сапта турган.

Сарык оорусунун көп болушу айылдардын инфраструктуралык көйгөйлөрүнөн кабар берет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетсиздиги жана демилгесиздиги тургундарда нааразылык маанайын жаратып, алардын көздөрүнөн ишенбөөчүлүктү көрүүгө болот. “Мен буга чейин акимчиликте иштегем. Аймактын кейиштүү абалын көрүп, бул жакка эч ким келүүнү каалачу эмес. Ошондо мен өзүмө чакырык таштадым, – деп эскерет КӨЛБАЕВ. – Тигил же бул чукул тапшырмаларды аткарып, “тез жардам” кызматындай эле иштөөгө туура келди”.

Артыкчылыктар

КӨЛБАЕВ Аламүдүн муниципалитетин төрт мөөнөттөн бери же 13-жыл катары менен жетектеп келгендиктен, жасалган иштердин көп жылдык талдоосунун негизинде өзүнүн тажрыйбасы тууралуу айтып берди. Таштандыларды чыгарууну уюштуруу жана таза суу менен камсыздоо эң маанилүү маселелерге айланды. Бир нече убакыт өткөндөн кийин туруктуу жыйынтыктар да пайда болду – сарык менен ооругандар азайды. Адамдар сууну кудуктан албай калышты, себеби кубаттуу скважиналар суу менен жабдуу системасы аркылуу сууну жердин тереңинен жеткире баштады. Тургундар тартипке көнүп, таштандылар график боюнча чыгарыла баштады, үйлөрдүн арасында таштанды жайлары да жоголду.

Шектендирген жымжырттык

“Негизги көйгөйлөр чечилгенден кийин кандайдыр бир жымжырттык өкүм сүрүп, жада калса айыл өкмөттүн коридорлорунда мурдагыдай чыңалган маанай сезилбей калды. Бир чети муну жакшы белги катары кабыл алдым: адамдар жакшы өзгөрүүлөргө көнүп, айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары алдыга жылып, көйгөйлөрдү чечип, жаратмандык иштерди аткарууда. Бирок, экинчи жагынан... Айылдык аймагынын башчысы болуп иштеп жаткан үчүнчү мөөнөттө кандайдыр бир обочодо калгандай сезим пайда болду. Бул жымжырттык жашоочулар жаңы демилгелерди жана өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү күтүп, “башка чен-өлчөмдө” жашай баштаганын, алар жашоо үчүн күрөштөн тажаганын, сапаттык өзгөрүүлөрдү, социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин, маданий муктаждыктарын канааттандырууну каалашканын билдирген. Бул жашоонун мыйзамы: эң негизги керектөөлөр канааттандырылгандан кийин адам башка муктаждыктарын сезе баштайт, ал андан ары өнүгүүнү каалайт.

Мен мындай деп ойлочумун: адамдар цивилизациянын зарыл болгон негизги артыкчылыктарын алып, эми өзү менен өзү болуп калышпадыбы. Биз болсо кайтарым байланышты, алардын жигердүүлүгүн көрүүнү каалаганбыз. Эми тынчсызданууга негиз барбы? Адамдар унчукпай жашап жатышат, биз да унчукпай эле ишибизди тынч улантуудабыз... Анын үстүнө көп каражатты талап кылган ири инфраструктуралык көйгөйлөр – жолдорго асфальт төшөө, жарыктандыруу өңдүү маселелер алдыбызда турат. Каражат таап, гранттык каржылоого долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонуш керек болчу. Бирок мен ар дайым тургундар өз айылдарынын жашоосуна түздөн-түз катышышы керек деп эсептеп келем. Акимчиликте мурда иштеп кеткен кызматкер катары жарандык жигердүүлүк менен өтө көп нерсеге жетүүгө болорун билчүмүн.

2018-жылы ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен таанышуу мен үчүн чоң ийгилик болду. Ал кезде мен Ханнс Зайдель Фондунун стипендианты болчумун жана алган билимимди иш жүзүндө колдонуу каалоом күчтүү эле.

Долбоордун бардык материалдарын интернеттен окуп чыккандан кийин долбоордун жетекчилиги жана кызматкерлери менен айыл өкмөттүн ишин жакшыртуу жолдору тууралуу сүйлөшкүм келди. Долбоорду жана Өнүктүрүү саясат институтун өнөктөш катары карай баштадым. Институттун кеңсесине келип, консультацияларды алып, семинарларга катыша баштадык. Ошондон кийин эксперттерди тартып, ишти бир калыпта алып кеттик”.

Жаңыча баамдоо

“Мага 2019-жылы Долбоордун колдоосу менен Латвияга болгон иш сапары чоң таасирин тийгизди. Бул сапарда биз башка өлкөнүн ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгү менен тааныштык. Мен өз аймагымдагы иштин абалына башка өңүттөн карай баштагандай болдум. Муниципалитеттердин ийгилиги сырттан келген жардамга эмес, ар бир кызматкердин эмгегине жана жарандар менен түз иштешүүгө негизделерин көрдүк.

Ишибизди кайрадан баамдап чыгуу аймакта электрондук китепкана, коомдук транспорт, муниципалдык балдар билим берүү борбору сыяктуу жаңы долбоорлорду ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди, алар азыр ийгиликтүү иштеп жатат”.