2017-05-13 / ЖӨБ кадрлары
Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана жаш изилдөөчүлөр ушуну менен үчүнчү жолу өткөн мамлекеттик жана демократиянын өзөгүн түзгөн жергиликтүү өз алдынча башкарууну изилдөө боюнча конкурста ат салышты.
2017-жылдын 14-июнь күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында жаш изилдөөчүлөрдүн III жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференциясы өттү. “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: абалы жана келечеги – 2017” деп аталган конференцияга 70ке жакын адам катышты. Алардын назарына Конкурстук комиссия тандап алган баяндамалар тартууланды. Баяндамаларын эл алдында коргоо үчүн байгеге талапкерлер чакырылды. Болочоктогу муниципалдык аткаминерлер жергиликтүү бийлик тууралуу канчалык жакшы билээрин далилдешип, диплом алып, кызматка киришкенде эмнелерди өзгөртөрү тууралуу ой бөлүштү.
Өлкөдөгү жогорку билим берүүнүн эң көйгөйлүү маселелеринин бири – окуунун практика менен бай- ланышынын чабалдыгы. Бул болсо реалдуу ишке көнбөгөн, өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнүн дүйнөлүк тенденциясынан кабарсыз чийки адистердин пайда болуусун шарттап жатат. Бүгүнкү күндө ЖӨБдүн өнүгүүсү жана кадрларды даярдооменен алектенген өзөктүк институттар – маморгандар, бейөкмөт уюмдар жана профилдик жогорку окуу жайлар бул көйгөйдү чечүү үчүн күчтөрүн бириктиришти.
Максаты – студенттерде – болочоктогу башкаруучуларда муниципалдык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга кызыгуусун жаратып, аларга практика жүзүндө өздөрүн сынап көрүүгө шарт түзүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарын өркүндөтүүнүн ыкмаларын таап, илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Конференциянын катышуучуларынын алдында Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек АЛЫШБАЕВ, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамагенттиктин директорунун орун басары Михаил ХАЛИТОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жана башкалар сөз сүйлөштү.
Конференцияга болочок менеджерлер – аймактарды кошкондо өлкөбүздүн 16 жогорку окуу жайынан 110дон ашуун киши катышты. Өздөрүнүн илмий жетекчилери менен жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жөндөмүн сынап көрүштү. Ал эми жергиликтүү көйгөйлөр булар – аймактарды таза суу менен камсыздоо, шаардын чет жакасындагы курулмалардын ремонту, таштанды маселелери, балдардын жана өспүрүмдөрдүн бош убактысын уюштуруу, кары-картаңдарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө кам көрүү. “ЖӨБОнун өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруусун жакшыртуу” темасына баяндама менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти Ажыбек ТУРУМБЕКОВ; “Кыргыз Республикасында ЖОБдү өнүктүрүүдө дем берүүчү гранттардын ролу” темасында Башкаруу академиясынын 3-курсунун студенти Кадыров Арген баяндамалары менен тааныштырса, Нарын мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Саадат МЕДЕРБЕКОВА аймактык экономикадагы реформалар тууралуу айтып берди.
Балыкчы шаарын өнүктүрүү боюнча стратегиялык пландын дарегине, жарандык коомдун активдүүлүгүнө, ошондой эле жергиликтүү жамааттар менен бизнестин өз ара аракетине карата сын пикирлер айтылды. Өспүрүмдөр арасында көбөйгөн суицид көрүнүштөрүн алдын алуу жолдору, ЖӨБдүн мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берүү мүмкүнчүлүгү жана көчмөн калктын салттарын жаңылоо өңдүү темалар катышуучулардын назарын бурду. Айталы, жаш адистер өз алдынчалуулук – бул биринчи кезекте кабыл алган чечимдер үчүн жоопкерчилик болгонун ырасташты. Билимдүү адамдар гана мындай жоопкерчиликти өзүнө алышат. Анын үстүнө азчылыктын пикирин эсепке алуу – бул демократиянын элементи болгону, аларды биздин коомдо өнүктүрүү зарылдыгы баса белгиленди. Конкурстун катышуучулары Финансы министрлиги жыл сайын аймактарга бөлүп турган теңдештирүүчү гранттар системасын жөнөкөйлөштүрүүнү, аны дем берүүчү грантка алмаштырууну сунушташты.
Азырынча эрте эмеспи? Дүйнөлүк практикада ири жана күчтүү аймактардан алынган пайданы кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен алыскы чабал райондорду колдоо кеңири жайылган көрүнүш. Балким мындай ыкма жыйынтыгын бериши мүмкүн, бирок жакынкы келечекте эмес. Анын үстүнө буга өтө дыкат, бара-бара өтүш керек. Конституция боюнча табигый потенциалына, бай же жакыр аймакта жашаганына карабастан бардык жарандар өз муниципалитеттеринен бирдей кызмат көрсөтүүлөрдү алышы керек. Студенттерден – конференциянын катышуучуларынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтун өркүндөтүү боюнча көптөгөн сунуштар түштү. Балким бул сунуштар кийин жаш адистердин практикалык ишинин өзөгүн түзүшү мүмкүн. Баяндамаларды баалоо жана жеңүүчүлөр “Түшкөн эмгектер жашыруун бааланды, бардык иштерге код коюлгандыктан баа объективдүү болду. Өнүктүрүү саясат институтунун атынан бардык катышуучуларга жана комиссия мүчөлөрүнө жасалган иштер үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылаган жана биздин институт аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору алдыдагы жылдары бул конкурсту уюштурууга жана өткөрүүгө колдоо көрсөтө бермекчи.
Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу аудитория тараптан да, комиссия мүчөлөрү тараптан да суроолор көп болот деп үмтөтөм. Буга чейин ушул темада эки конференция 2015-2016 жылдары өткөн. Ал эми үчүнчү конференция Өүнүктүрүү саясат институту менен КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик, КР Мамлекеттик кадр кызматы, КР Президентине караштуу Башкаруу академиясы ортосундагы жемиштүү кызматташтыктын натыйжасында өттү. Финансылык колдоону Швейцариянын Өнүгүү жана Кызматташтык боюнча Башкармалыгы каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – Долбоор) финансылык колдоо көрсөттү, - деп айтты Надежда ДОБРЕЦОВА.
“Өнүктүрүү саясат институту жигердүү маалымат өнөктүгүн жүргүздү. Ал эми 2016-жылдын этегинде 30 илимий жетекчи жана конкурстун болочоктогу жүзгө жакын катышуучусу арасында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун актуалдуу темалары боюнча семинарлар өткөрүлдү. Аймактык катышуучулар үчүн скайп-вебинарлар өткөрүлүп, бардык катышуучулар эксперттердин баяндамалары, таратып берме материалдар менен камсыздалган. Өлкөнүн жогорку окуу жайларында салтка айланып калган ачык лекциялар өтүп, аларга 300дөн ашуун студент жана окутуучулар катышты. Ачык лекциялардын катышуучулары эксперт-практиктер менен ЖӨБдүн адамдардын күнүмдүк жашоосуна тийгизген таасирин талкуулап, баяндама үчүн тема боло ала турган көйгөйлөрдү аныктап чыгышты, - деп айтты Өнүктүрүү саясат институтунун атынан конкурстун координатору Гузель ЖАНАЛИЕВА.
Конкурстук комиссия баяндамаларды үч этап менен баалады: плагиатка жана талаптарга шайкештиги текшерилди, мазмуну, оригиналдуулугу, аудиториянын суроолоруна жүйөлүү жана ар тараптуу жооп бере алуу жөндөмү бааланды. Башкача айтканда татыктуу баяндама жазып коюу аз-дык кылат. Баяндаманы курдаштары жана ЖӨБ чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу эксперттер алдында конференцияда алып чыгып, коргоп берүү да өтө маанилүү. Мыкты баяндамалар баалуу белектер, дипломдор жана шыктандыруучу байгелер менен бааланды. Илимий жетекчилердин салымы да унутта калган жок. Ал эми студенттер алган сертификаттарды Бишкектеги китеп дүкөндөрүнүн биринде китепке алмаштырып, кагаз түрүндө же электрондук вариантта китептерди алышты.Конкурстук комиссиянын чечими менен, байгелүү орундар төмөнкүдөй болуп бөлүштүрүлдү:
1-орун – КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 3-курсунун студенти МАМЫТБЕКОВ Эмирге “Жергиликтүү жамааттардын жана бизнестин өз ара аракеттенүүдөгү көйгөйлөрү” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – АЛЫБАЕВА Гульдана;
2-орун – КУЛЧОРОЕВА Аделина, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун 3-курсунун студенти, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жана ролу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – НУРМАТОВА Гулсайра;
3-орун – ТАГАЕВ Максат, КР Президентине караш-
туу Мамлекеттик башкаруу академиясынын
3-курсунун студенти, “Балыкчы шаарынын Стратегиялык өнүгүү планы: перспективасына сынчыл көз караш” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – АЛЫБАЕВА Гульдана.
Шыктандыруучу байгелер менен сыйлангандар:ТУРУМБЕКОВ Ажыбек, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 2-курсунун студенти, «Мамлекет тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын жакшыртуу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – ДҮЙШӨ КЫЗЫ Нуржан;
КАДЫРОВ Арген, КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын 3-курсунун студенти, “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүүдө дем берүүчү гранттардын ролу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – ТУРСУНОВА Салтанат;
ИРИСБАЕВ Абдыкадыр, Ош технологиялык университетинин 2-курсунун студенти “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүдөгү мүмкүнчүлүктөрү жана ролу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – КАСЫМОВА Сюита;
САМАТОВА Айкыз, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун 2-курсунун студенти, “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – ИБРАЕВА Венера;
ДУЙШЕЕВ Азамат, КР Президентине караштуу Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиянын 3-курсунун студенти, “Кыргыз элинин каада-салттарын сактап калуу жана модернизациялоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу жана мүмкүнчүлүктөрү” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – МУСАЕВА Венера;
САДЫРОВА Айжамал, Милициянын генералмайору Э.А.Алиев атындагы ИИМ Академиясынын 3-курсунун студенти, “Жашы жете электер арасында өз жанын кыюуларды алдын алууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролу” баяндамасы үчүн; илимий жетекчи – КАДЫРОВА Чолпон.
Конференциянын коногу: өлкөнүн туруктуулугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен аныкталат Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жөнүндө жалпысынан жаш изилдөөчүлөр конференциясынын коногу, Латвиянын Жергиликтүүжана Аймактык Өз алдынча башкаруу Ассоциациясынын төрагасы Андрис ЯУНСЛЕЙНИС айтып берди. “Европанын көпчүлүк өлкөлөрүндө өз алдынча башкаруу ассоциациялары бар. Алар координациялоонун жана кызматташтыктын формасы болуп эсептелет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Европа хартиясына кошулган ар бир өлкө анын 10-беренесине (“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциацияга укуктары”) да кошулат. Ассоциациянын негизги ролу – өз мүчөлөрүнүн, өз алдынча башкаруулардын кызыкчылыктарын коргоо, аларга негизги максатка – жашоочуларга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жетүүгө жардам берүү.
Латвиянын Жергиликтүү жана Аймактык Өз алдынча башкаруу Ассоциациясы – ыктыярдуу коомдук уюм 1991-жылы негизделген. Ассоциацияны түзүүдө принципиалдуу маселе болуп төм. эсептелет: мүчөлүк (өз алдынча башкаруу жана ыктыярдуу гана), биримдик, азчылыктын пикирин эсепке алуу, каржылоо жана функциялар. Бирок бардык жерде мунасага жете билүү шарт. Азчылыктын пикирин эсепке алуу дегенде биз бир нерсени баамдашыбыз керек – көпчүлүктүн пикирин кабыл алуу менен, азчылык өз пикирин алмаштырбайт, алар ошол пикирде кала беришет. Келечекте ушуну эске алуу зарыл. Ошондуктан азчылык бара-бара пикирин алмаштырышы мүмкүн же ошол пикирде кала бериши ыктымал. Болбосо кайсы бир убакыт өткөн соң азчылык туура пикирде болгону белгилүү болушу мүмкүн. Биз муну өз убагында башыбыздан өткөрдүк. Силердин өлкөңөр да ушул жол менен бараткандыктан силер да ушул нерсени өздөштүрүшүңөр керек.
2009 жылы Латвияда административдик-аймактык реформа жыйынтыкталып, анын натыйжасында буга чейин 548 өз алдынча башкаруу болсо, анын ордуна 119 жергиликтүү өз алдынча башкаруу болгон: 110 муниципалитет (novads) жана 9 ири шаар.Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган эмес, тело болуп эсептелет (коомдук укуктары бар жеке жак). Башкача айтканда бизде ЖӨБ борбордук бийликтин аткаруучу органы эмес. Бизде жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз алдынча жана ал мыйзам боюнча иш алып барат. Латвияда борбордук бийлик Парламент аркылуу гана ЖӨБдүн чечимдерине таасирин тийгизе алат.Биздин өлкө Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Европа хартиясын ратификациялагандыктан, баары ушул документтин принциптерине негизделген. Анткени өз алдынчалуулук – бул жоопкерчилик дегенди билдирет; сен өз алдынча болуп туруп, ошол эле маалда жоопкерчиликти албай кое албайсың. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга шайлоолор төрт жылда бир жолу өткөрүлүп турат.
Добуш берүү – түз, жашыруун, пропорционалдуу, тең укуктуу. Ал эми депутаттардын саны өз алдынча башкаруунун жашоочуларынын санына жараша болот. Саейма (Парламент) гана Министрлер кабинетинин сунушу боюнча өз алдынча башкаруу кеңешин таркатып, жаңы шайлоону жана шайлоо өткөнгө чейин убактылуу администрация дайындай алат. Латвияда жергиликтүү өз алдынча башкаруу эки негизги функцияны аткарат: автономиялык жана өткөрүлүп берилген компетенциялар. Бул жагынан алып караганда биздин өлкөлөр окшош. Кыргызстан да бул жол менен баратат. Автономиялык функциялар “Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 15-беренесинде бекитилген. Бул мыйзамды “Өз алдынча башкаруулар үчүн конституциялык мыйзам” деп да атап коюшат. Бул демек анын статусу башка мыйзамдарга, айталы тармактык мыйзамдарга караганда жогору дегенди түшүндүрөт.
Себеби ал өз алдынча башкаруунун иш системасын аныктайт жана тармактык мыйзамдар өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамга шайкеш келүүгө тийиш. Бул өтө маанилүү. Анткени калган бардык маселелер, анын ичинде өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарга байланышкан маселелер так макулдашылган. Себеби сен анда борбордук башкаруунун функцияларын аткарып жатпайсыңбы. Биздин өлкөдө эксперимент жүргөн – 10 жыл бою өз алдынча башкаруулар кызматкерлеринин маяналарын өздөрү, мамлекеттик кийлигишүүсүз аныктап келишкен. 2008-жылы Латвияда экономикалык кризис болуп, биз кызматчыларга айлык акыны аныктоо жөнүндө мыйзамды кабыл алганбыз. Бул эксперименттен алган негизги сабак – бюджетте болгон жеткиликтүү каражатты бардык тараптардын кызыкчылыктарын эсепке алуу менен туура бөлүштүрүш керек. Латвиядагы ЖӨБ системасынын дагы бир өзгөчөлүгү – мыйзамда бекитилген сүйлөшүүлөр системасы. Министрлер кабинети Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эрежелерин кабыл алган. Жол-жобонун милдеттүүлүгү пайдалуу, анткени министрлик жолжобону сактайт.
Сүйлөшүүлөр маалында каралган маселелер төмөнкүдөй болушу мүмкүн: жалпы мамлекеттик дотациялардын жана максаттуу дотациялардын өлчөмү, финансыны теңдештирүү тартиби, жаңы автономиялык функцияларды каржылоонун булактары, мыйзам долбоорлор жана Министрлер кабинетинин эрежелеринин долбоорлору ж.б.”. Ошондой эле Ассоциация төрагасы социалдык коргоо линиясы боюнча өз алдынча башкаруунун кызматкерлерин колдоо жана аларга дем берүү системасы жөнүндө да айтып берди. Мисалы, катаркатары менен бери дегенде эки жолу шайланган жана ал жерде 20 жылдын тегерегинде иштеген, бирок пенсияга чыгаарына 5 жыл калганда кайра шайланбай калган өз алдынча башкаруунун жетекчиси пенсия алганга чейин эки минималдуу маяна көлөмүндө пенсия алып турат. Буга кошумча анын социалдык камсыздандыруусу жана пенсиялык капиталы сакталуу бойдон кала берет. Баса, бүгүнкү күндө Латвияда минималдык айлык 760 еврону түзөт.