Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тимур Жумалиевдин “чакан Бразилиясы”

2022-02-14 / ЖӨБ кадрлары
Тимур Жумалиевдин “чакан Бразилиясы”

Тимур ЖУМАЛИЕВ жаш кезинде спорттук карьера жөнүндө кыялданганына карабастан агроном атасы уулу жер иштеткенди үйрөнүп, үй-бүлөлүк бизнести улантуусу үчүн айыл чарба институтунда билим алуу кеңешин берген.

Бирок кесипкөй агрономдун диплому Тимурга Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айыл өкмөтүндө ордун табууга жол ачты. 2021-жылдын июнь айында жерге жайгаштыруу боюнча он жылдык тажрыйбасы бар адиске муниципалитеттин жетекчилиги кызматы ишенип берилген.

ЖУМАЛИЕВдин өзү болсо Бирдик, Гроздь, Пятилетка, Ат-Башы жана Лесное айылдарынын тургундары аны спорттук демилгелери үчүн аймактын башчысы катары көргүсү келген деп эсептейт: футболдун күйөрманы катары ал турнирлерди үзгүлтүксүз өткөрүп, айылдаштарын бул командалык оюнга кошулууга шыктандырып, жаштардын жана спорт кыймылынын лидери болгон. Мунун баары анын жамааттагы беделин көтөргөн.

Бирок муниципалитеттин жетекчиси кызматына келгенге чейин эле Тимур ЖУМАЛИЕВдин көптөгөн кыялдары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташуунун аркасында толук ишке аша баштаган. Бул тез эле болгон жок, бирок бара-бара долбоордун иш-чараларына катышып, жаңы билимдерге ээ болгон Тимур ЖУМАЛИЕВ жергиликтүү өз алдынча башкарууга болгон мамилесин өзгөрттү. “Мен долбоордун бардык семинарларына катыша баштадым, ал жерде фокус-топторду, жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо боюнча иш-чараларды өткөргөндү үйрөндүм, Венн диаграммасы деген эмне экенин билдим, анын жардамы менен кайсы бир маселелерди визуалдык түрүндө талдап, баамдаса болот. Ал эми биринчи практикалык ишим гранттык конкурска катышуу болду, анда жеңүүчүгө сунушталган демилгени ишке ашыруу үчүн бир миллион сом грант ыйгарылмак. Футбол аянтчасын түзүүгө багытталган долбоорду жазгам. Бизде эки чоң айыл – Гроздь менен Бирдик жана үч чакан айылыбыз бар. Аймактын жалпы жыйынында дагы бир активист Айгерим УТУРКЕЕВА Бирдик жаңы конушун суу менен камсыздоо боюнча долбоору менен конкурста жеңүүчү деп табылды. Тандап алууда Венн ыкмасы колдонулган. Суу тармагын курууга тургундар көбүрөөк добуш беришкен экен. Ошентип Бирдик жыл ичинде таза суу менен камсыз болгон. Ал эми мен атаандашым үчүн сүйүндүм, себеби суу жашоонун булагы, бул – эң негизги маселе, – дейт Тимур. – Футбол талаасы жөнүндөгү долбоорум бул конкурста өтпөй калды, бирок мен муну менен токтоп калган жокмун, себеби ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ынандырарлык тренингдеринен кийин менде өз күчүмө болгон ишеним пайда болду, адамдарды ынандырганды, тарапкерлерди тапканды үйрөндүм, ал эми буга чейин эл алдында сүйлөгөндөн да тартынчумун”.

Бирок эми Тимур жеңе аларын, өзүнүн максатына жете аларын түшүндү. Ошентип ал Чүй облусун өнүктүрүү фондуна өтүнмө жиберген. Көптөгөн социалдык долбоорлордун ичинен анын сунушу жактырылганына сыймыктанат. 

Ошентип, 2020-жылы дээрлик үч миллион сомго футбол аянтчасынын курулушу бүткөрүлдү. “Биз бала кезибизде айылда спорттук ийримдер да, спорт секциялары да жок болчу. Ал эми балалык кезимде болбогон нерселердин бардыгын, мисалы, спорт менен машыгуу үчүн шарттарды балама түзүп берейин деп чечтим. Мен бир кезде машыктыруучулукту үйрөнүп, балдарды тарбиялап жүргөн элем. Айыл өкмөт башчы болуп келгенден кийин машыктыруучулуктан алыстаганым менен, биз жалдаган үч машыктыруучу – спорт чеберлери бул ишти улантышууда. Азыр айылда футбол жана эркин күрөш боюнча секциялар бар.

Гроздь айылын “чакан Бразилия” деп да атап коюшат, бул өлкө дүйнөгө улуу футболчуларды бергени менен таанымал. Биздин айылдан футбол жылдыздары Александр БЕЛЬДИНОВ менен Карим ИСРАИЛОВ чыккан. Чоң турнирлерде биздин команда футбол абдан өнүккөн Токмок, Кара-Балта, Сокулук, Беловодск шаарларынын оюнчулары менен күч сынашып, байгелүү орундарды ээлеп келет. Чүй облусунун чемпионатында 3-орунду ээлегенбиз. Мен айыл өкмөт башчысы жана футбол оюнунун күйөрманы катары спортко көбүрөөк көңүл буруп, “Бирлик” клубун өнүктүргүм келет. Азыр бизде үч жаш категориясы боюнча 7 жаштан 15 жашка чейинки балдар бар. Республиканын чемпионаттарына катышуу үчүн алты жаштагылар ойногон тайпаны ачууну пландап жатабыз”.

Учурда Тимур ЖУМАЛИЕВ долбоордук баасы 10 миллион сомдук спорт комплексин курууну пландоодо. Бул жерде кыздар үчүн да спорттук секциялар ачылат.