Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаш изилдөөчүлөр: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу – келечеги бар!

2016-06-27 / ЖӨБ кадрлары
Жаш изилдөөчүлөр: Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу – келечеги бар!

2016-жылдын 26-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында “Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу: учурдагы абалы жана келечеги” темасына жогорку окуу жайлар арасында жаш изилдөөчүлөрдүн II илимий-практикалык конференциясы өттү. Конференция болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүнө бурууга багытталган комплекстүү өнөктүктүн финалдык иш-чарасы болуп калды. Өнөктүк үч этап менен өткөрүлгөн.

Алгач Өнүктүрүү саясат институтунун адистеринин жана тартылган эксперттеринин аракеттери менен өлкөнүн ЖОЖдорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жергиликтүү жамааттын өнүгүүсүнө арналган ачык лекциялар өттү. Андан кийин жаш изилдөөчүлөрдүн докладдарына конкурс жарыяланды: “2015-жылдын октябрь жана ноябрь айларында конкурска катышууну каалаган студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн уюштуруучулар өлкөнүн жети жогорку окуу жайында ачык лекцияларды өткөрүшкөн. Бул лекцияларга миңден ашуун адам катышкан болчу, - деп айтып берди конкурс-ту жана конференцияларды өткөрүү үчүн жооптуу болгон “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) муниципалдык кызмат боюнча адиси Нурдин КУМУШБЕКОВ.
 
– Лекцияларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө чоң практикага жана тажрыйбага ээ болгон Өнүктүрүү саясат институтунун адистери жана эксперттери өткөрдү.Баары болуп конкурска 27 доклад түштү. Купуялуулукту сактоо максатында Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнө докладдарды жиберердин алдында биз докладдын авторлорунун аты-жөнүн жашырып койдук. Башкача айтканда, комиссиянын бир дагы мүчөсү докладдын автору ким болгонун, атүгүл кайсы ЖОЖдон келгенин да билген жок. Конкурс болочок башкаруучулардын көңүлүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасына, бул чөйрөдөгү көйгөйлөргө жана анын келечегине буруу максатында уюштурулду
 
Докладдарды кароо процессинде “Антиплагиат” программасы колдонулду.Бул программа буга чейин жарыяланган булактардан жарым-жартылай же толугу менен көчүрүлүп алган эмгектерди аныктоого жардам берди. Албетте мындай докладдар конкурска катыштырылган жок”.Конкурстук комиссия докладдарды тандап алып, конференцияга өз доклады менен чыга турган талапкерлерди аныктады. Докладдардын багыттары төмөнкүдөй болду:
 
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук-укуктук негиздери;жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ресурстары жана ишинин жыйынтыктары;
  • муниципалдык кызмат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кадрлары);
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдун өнүгүүсүндөгү ролу.
Конференция баяндамачылар өз биографиясына белги коюу үчүн гана иш жүзүндө өздөрү үчүн доклад жасаган “дүжүр” зериктирүүчү иш-чарага айланган жок. Бул жолу конференция аудитория алдында докладды чындап коргогон иш-чарага айланды. Эч бир доклад курч суроолордон жана кызуу талкуулардан четте калган жок. Айрым бир учурларда баяндамачыларга оңой болгон жок – компетенттүү жана татаал суроолор аларды туңгуюкка кептемек, кээде окутуучулар жана илимий жетекчилер изденүүчүлөргө жардамга да келип жатышты. Баса, докладдардын илимий жетекчилери активдүүлүк жана жоопкерчилик көрсөтүп, жаш изилдөөчүлөргө сөз сүйлөөгө даярданууга гана жардам бербестен, ошону менен бирге конференцияга да келип беришти. Жергиликтүү кеңештердин өнүгүүсүн колдоого, жаш адистерди муниципалдык кызматка тартууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде социалдык коргоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүгө, объекттерди муниципалдык менчикке кайтарууга, ЖӨБ органдарында иштөө пайдасына кесип тандоодо жаш кадрлар үчүн мотивация жана дем берүү усулдарына арналган докладдар бир топ суроолорду жаратты.
 
Техникалык себептерден улам уюштуруучулар ачык лекцияларды өткөрө албаса да, аймактык жогорку окуу жайлардын жигердүү катышуусу конференциянын дагы бир өзгөчөлүгү болуп калды. Буга карабастан конкурска катышкан алты ЖОЖдун үчөө регионалдык болуп калды – Ош технологиялык университети, Ысык-Көл жана Нарын мамлекеттик университеттери. Докладдар жана сөз сүйлөөлөр аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын түрдүү ЖОЖдорунун жаш изилдөөчүлөрү, студенттери жана окутуучулары, ошондой эле маморгандардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Баяндамачылардан түшкөн сунуштар дакаралып, талкууга алынды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын муниципалдык кызмат өтөө бөлүмүнүн башчысы, конкурстук комиссиянын мүчөсү Калыбек АЛЫШБАЕВ баяндамачыларга жана алардын илимий жетекчилерине материалдарды даярдоодо жасаган эмгектери үчүн ыраазычылыгын билдирди: “Силердин докладдарыңардан биздин өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө чын дилиңерден күйүп жатканыңарды сездим.
 
Ооба, айрым докладдардын үстүнөн дагы иштеп чыгыш керек, аларды жакшыртып, тактоо зарыл. Келечекке кеңеш бергим келет: өтө кылдаат мамиле жасап, булактарыңарды бир нече жолу текшерип чыгууңарды өтүнөт элем. Анткени мыйзамдарды, токтомдорду, актыларды жана башка ченемдик, расмий документтерди, изилдөөлөрдү, отчетторду жана башка материалдарды бурмалоо докладыңыздын баалуулугун азайтып коёт”. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Башкаруу боюнча Жогорку мектебинин директору Салия СЕЙДАХМАТОВА да бардык катышуучуларга активдүүлүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди: “Биздин Академия Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте бул ишти улантат. Анткени конкурс аркылуу биз ЖӨБ чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү аныктап, аларды чечүүгө жаш адистерди кызыктыргыбыз келет. Биз окуулар, курстар, тренингдер, семинарлар жана конференциялар аркылуу өлкөдө ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнүн дараметин жогорулатууга багыт алдык.
 
Сизди кийинки окуу жылында да жаш изилдөөчүлөрдүн докладдар конкурсунун жана конференциянын катышуучулары катары күтөбүз”. Конкурстук комиссиянын жалпы чечими менен мыкты баяндамачылар дипломдор жана планшеттер, фотоаппараттар жана электрондук китептер түрүндө баалуу сыйлыктарга ээ болушту. Жаш изилдөөчүлөр үчүн илимий жетекчи болгон педагогдор да китеп дүкөнүнө белек сертификаттарын алышты. Конференцияны Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу алдында “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институту, Кыргыз Республика-сынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик уюштурду.