Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Менин жергиликтүү өз алдынча башкаруум: 30 жылдан кийинки ойлор

2021-11-03 / ЖӨБ кадрлары
Менин жергиликтүү өз алдынча башкаруум: 30 жылдан кийинки ойлор

“Мозаика” үчүн маалыматты Нургүл ЖАМАНКУЛОВА чогултту

Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын ар биринин өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусу бар. Анткени ЖӨБ – бул жашоонун дал өзү эмеспи, ал ар башкача болот, ийгиликтүү жана анча эмес, күчтүү же кыйын, бактылуу же алдындагы тоскоолдуктарды жеңүүчү болот. “Муниципалитет” журналы көптөн берки окурмандарына, жазылуучуларына жана авторлорго “Сиздин жеке жергиликтүү өз алдынча башкарууңуз кандай?” деген суроо узатты. Тагдыр сыяктуу эле жооптор да ар түрдүү болду. ЖӨБ органдарынын учурдагы жана мурдагы жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, эксперттер жана коомдук ишмерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу ар кандай пикирлери, эскерүүлөрү менен бөлүшүп,андан эмнелерди күтүп жатканын айтып беришти. Бул он алты адамдын ар бири жергиликтүү өз алдынча башкарууну өз ой чабытына жараша көрүшөт, бирок жалпы картина бүтүн жана кызыктуу болуп чыкты. Берилген жооптордун үстүнөн ойлонуп отуруп, басып өткөн жол жана эми мындан ары эмне кылуу керек экендиги жөнүндө көптөгөн маанилүү тыянактарды чыгарууга болот. Редакторлор пикирлердиавторун көрсөтпөстөн чыгарууну чечип, бул пикирлерди калейдоскоп, мозаика сыяктуу аралаштырганда ал БИЗДИН түстүү жашообузга жана БИЗДИН түстүү жергиликтүү өз алдынча башкаруубузга окшошуп калды.

“Муниципалитет” журналы төмөнкү адамдардын пикирин укту:

  • АКМАТАЛИЕВ Асанбек, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • АСАНАЛИЕВА Кыял, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • АСТАРОВ Данияр, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы;
  • БАЙДЫЛДАЕВ Мурат, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы, ЖӨБЭММАнын директорунун мурдагы орун басары, ЖӨБ Союзунун директорунун орун басары;
  • БОЛТОБАЕВА Венера, ЖӨБ чөйрөсүндөгү эксперт;
  • ГАЙБУЛИНА Роза, «“Ачык-айкын бюджет үчүн Альянсы”» ЮЖБнын аткаруучу директору;
  • ИБРАИМОВ Максат, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы;
  • КӨЛБАЕВ Найзабек, төртүнчү жолу айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • КОПОЕВА Зулайка, экинчи жолу айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • КОЧКОРБАЕВ Эламан, биринчи жолу шайланган айыл өкмөтүнүн башчысы;
  • КЫДЫКЕЕВ Сыргак, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы, айылдык кеңештин учурдагы төрагасы;
  • МАМЫТОВ Азамат, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • МОЛДОБАЕВА Бегимжан, жергиликтүү кеңештин депутаты;
  • ОРМОНОВА Авазкан, жергиликтүү кеңештин төрайымы;
  • ТОКТОБАЕВА Роза, райондун ардактуу тургуну;
  • ЭСЕНБЕКОВ Самыйбек, айыл өкмөттүн мурдагы башчысы, ЖӨБ чөйрөсүндөгү эксперт.

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРЫ СИЗДИН АЙЫЛДЫН ЖЕ ШААРДЫН ЖАШООСУНА КАНДАЙ ТААСИРИН ТИЙГИЗҮҮДӨ?

“Биздин жашоодо баары өз ара байланышта: “жергиликтүү жамаат – жергиликтүү өз алдынча башкаруу – аймактын өнүгүүсү – мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү – ар бир жарандын татыктуу жашоо деңгээли”.  “В. И. Ленин мындай деп айткан: “Коомдун ичинде жашап, коомдон четтеп жашоого болбойт”, ошондуктан эч ким жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тышында кала албайт”.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мен жашаган чөйрөгө, шаардык маданиятка, жарандардын укуктук аң-сезимине, шаардын тышкы көрүнүшүнө, шаардын микроклиматына, шаардын экологиясына, шаардын чөйрөсүнө жана инфраструктурасына, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга, Бишкекте жашаган ар бир адамдын жашоосунун сапатына, ар бир жаран “Бишкек – бул менин шаарым” деп сезе алганына таасир этет. Мен ишенимдүү түрдө айта алам: Бишкек шаары – бул менин шаарым, ал менин жашоомдун жана тагдырымдын бир бөлүгү!”.

“Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге стратегиялык өнүгүү программаларын иштеп чыгууга катышып жүрөм, калктын практикалык жана стратегиялык гендердик муктаждыктарын изилдейм жана аларды чечүүнүн пландарын жана жолдорун сунуштайм. Артыкчылыктуу маселелерди иргеп жатканда жергиликтүү активисттер менен кызматташам, коомдук угууларга катышам жана аларды ЖӨБ органдарына жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн аспабы катары сунуштайм. Башкача айтканда, мен ЖӨБ органдарынын өз элинин жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын алдындагы отчеттуулугуна көз салып турам”.

“ЖӨБ органдары конкреттүү аймактын чегинде калктын өзүн өзү уюштуруусунун чыныгы формасына айланышы керек. ЖӨБ органдары мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү эмес, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү болгонун жашоочулар да, муниципалдык кызматчылар да баамдашы керек. Ошондой эле диалогду түзүп, эл менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өз ара жоопкерчиликти күчөтүү жолу менен элеттиктерди маселеге кызыгууга жана демилге көтөрүп чыгууга шыктандыруу зарыл”.

“Айылдык аймактарды өнүктүрүүнүн маңызы – бул жергиликтүү жамааттын жашоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, буга болсо калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу жетүүгө болот. ЖӨБ органдарынын ишмердигинде бул багыттарды өнүктүрүү администрациялоодон жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүн башкарууга өтүшүн аныктайт”.

“Башкаруу процессин чындап натыйжалуу кылуу үчүн төмөнкүлөрдү эске алуу керек:

  • чечимдер айылдык аймактардын өзгөчөлүктөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, мүмкүн болушунча рационалдуу жана тең салмактуу боло турган деңгээлде кабыл алынышы керек;
  • жергиликтүү, аймактык жана мамлекеттик кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоо зарыл, бул болсо жериндеги элдин активдүүлүгүнө дем берип, ар кандай деңгээлдеги башкаруу процессинин биримдигин камсыз кылат;
  • башкаруучу чечимдерди кабыл алуу процессине адамдарды тартууга шыктандырып, жергиликтүү жамааттын өзүн өзү жөнгө салуу жөндөмүн күчөтүү, демократиялык институттарды өнүктүрүү жана жергиликтүү ресурстарга таянуу зарыл;
  • айылдык аймактарды башкаруу иштелип чыккан өнүгүү стратегиясынын жана келечекке болгон көз караштын негизинде адамдарды отурукташуу структурасына (башкы планга) багытталууга тийиш;
  • ыктыярдуу түрдө башкарууга катышып жаткан адамдардын билимин жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу керек, бул үчүн атайын окуу семинарларын уюштуруу, ар кандай фонддордун программаларына катышуу ж.б. зарыл”.

ЖӨБ ОРГАНЫНДА ИШТЕГЕН УЧУРДАГЫ ЖЕ ЖӨБ ОРГАНЫ МЕНЕН БАЙЛАНЫШТА БОЛГОН ИШИҢИЗДЕГИ ЭСИҢИЗДЕ КАЛГАН ОКУЯ (ИЙГИЛИГИҢИЗ ЖЕ ЖЕТЕ АЛБАЙ КАЛГАН МҮДӨӨҢҮЗ) ЖЕ УНУТПАЙ ТУРГАН ТААСИР МЕНЕН БӨЛҮШҮҮҢҮЗДҮ ӨТҮНӨБҮЗ

“Райондо биринчилерден болуп чоң жолго жарык өткөргөндө, ошондой эле көп жылдар бою иштебеген бала бакчаны калыбына келтиргенибизде элдин абдан кубанганы эсимде калды”.

“Жергиликтүү кеңешке өткөн шайлоодогу интригалар эсимден кетпейт. Баары бири-бирин тааныган чакан айылда да ушунчалык айыгышкан кармаш болот деп күткөн эмесмин. Айрыкча аял талапкерлердин арасында атаандаштык күчтүү болду. Шайлоонун эртеси да болоорун көптөр унутуп калышат. Аялдардын бири-бирине болгон мамилеси капа кылат. Аялдардын тилектештиги жетишпейт. Өз ара мамилелердин өзөгүн өзгөртүп, “атаандаш аялдар” деген принциптен “санаалаш аялдар” деген принципке өтүш керек”.

“2007-жыл эсимде калды, бул жылы бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндө реформа жүргүзүлүп, төрт баскычтуу бюджет эки баскычтуу болуп калган, бул ЖӨБ органдары үчүн чоң стимул берген, ЖӨБ органдарында жергиликтүү маанидеги көптөгөн актуалдуу маселелерди чечүү үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болгон”.

“Депутаттардын мектеби эсимден чыкпайт, бул мектепте биз мыйзамдарды туура колдонгонду, лидерликти, бири-бирибизди кантип колдош керектигин үйрөндүк. Мектептин алкагында алган билимдин, тажрыйбанын жана мотивациянын аркасында менин депутаттык карьерам да ийгиликтүү  болду. Биз, элеттик аялдар, мындай курстарга катышуу үчүн акча таба алмак эмеспиз деп ойлойм”.

“Жылдын аягында бюджеттин аткарылышы менен таанышып чыгуу эч качан эстен кетпейт. Ошондой эле жаңы объекттердин ачылышын жашоонун бир бөлүгү деп эсептейм. Ал эми эл сенин ишиңе ыраазы болуп, жаңы объекттерге кубанып турса, бул эстен чыккыс учур болуп калат экен. Айыл өкмөт башчысы болуп иштеген жылдардагы эскерүүлөр мына ушундай көз ирмемдерден турат. Мен буларды өзүмдүн ийгилигим, жетишкендигим катары кабыл алам. Ал эми маанайды чөктүргөн окуялар тууралуу айта турган болсом... жылдын соңунда жасаган ишиңе сынчыл маанайда баа берилсе оор тиет”.

“Мен мамлекеттик мүлктү (бала бакчаны, суу алгычты, айыл өкмөттүн административдик имаратын) муниципалдык менчикке кайтарууну ийгилик катары эсептейм”.

“Мен Латвияга болгон окуу сапарына катышканымды көп эстейм, ал жерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз алдынчалуулук деңгээли мен күткөндөн ашып түштү, ошондо кылт эткен бир ой келди: “Эгер азыр болбосо, анда качан?”. Ошол сапардан алган таасирлер бизди жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ыкмаларыбызды кайра карап чыгууга түрттү. Андан кийин “пандемия” деген балээ жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө карата мамилемди өзгөрттү”.

“2022-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча коомдук бюджеттик угуулар эсимден чыкпайт. Калк абдан жигердүү катышып берди. Угуулардын жыйынтыгында каражатты көңүл ачууга жана майрамдарга эмес, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө гана багыттоо тууралуу чечим кабыл алынды. Атап айтканда, назарды жарыктандырууга бурмай болдук. Мындан тышкары, калк жер салыгынын өлчөмүн эки эсе көбөйтүүгө макул болду – адамдарга туура түшүндүрүп, жеткире алсаң, алар сөзсүз түрдө түшүнүшөт”.

“Жаштар өз маселелерин өзүнүн күчү менен чечүүгө аракет кылышканда, көбүнчө көйгөйлөргө туш болушат. Тактап айтканда, биз дайыма бийликте турган улуулардан түшүнүү жана колдоо таба алчу эмеспиз. Ошентип көңүлүбүз чөккөн күндөр да болгон. Ал эми азыр баары өз колубузда. Эмнени эксең ошону аласың. Тилекке каршы, биз бийликтин өкүлдөрүнөн колдоо таба албагандыктан, шайлоого барууну чечтик. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин курамынын 70 пайызын жаштар түздү. Биздин кеңештин 21 депутаты мага ишеним көрсөтүп, муниципалитеттин башчылыгына менин талапкерлигимди бир добуштан колдоп беришти. Бул биздин алгачкы ийгилигибиз болду. Бирок, ошол эле учурда, бул кызмат жоопкерчиликтүү жана маанилүү экенин түшүнөм, өзүмө болгон талап күчтүү жана адамдар менен тынымсыз иштеп келатам. Биздин жаштар алакан жайып отура бербейт, алар дайыма изденүүдө жана аракетте. Аймагыбызды, мамлекетибизди өнүктүрүү үчүн алдыга койгон максаттарыбызга жетүү үчүн талыкпай эмгектенүүгө даярбыз”.

“Эсимде калган окуя: мен адам укуктарын, анын ичинде аялдардын жана кыздардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн депутат болдум. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине аялдарды жана кыз-келиндерди катыштыруу платформамдын негизги багыты болуп калды. Алдыма койгон максатымды укканда депутаттар күлүп, аялдар менен кыздардын орду үйдө экенин айтышты. Көтөрүп чыккан маселе абдан олуттуу болгонун көпкө чейин депутаттарга жана айыл өкмөттүн кызматкерлерине түшүндүрүүгө аракет кылып келдим. Депутаттар шайлоодон өтүп, чечим кабыл алган адамдарга айлангандан кийин эле шайлоочуларын унутуп калаарын түшүнгөндө абдан капа болдум. Көрсө, алар үчүн жолду тегиздөө, трансформаторду орнотуу, футбол аянтчасын куруу өңдүү такыр башка маселелер маанилүү экен. Коопсуздук, жөнөкөй кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүк, жумушсуздукту кыскартуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеңилдиктерди берүү жана жалгыз бой улгайган адамдарды колдоо маселелери депутаттарды тынчсыздандырбайт экен. Бул теманын айланасында талкуулар көпкө созулду, анткени бардык депутаттар алар үчүн негизги артыкчылык инфраструктура эмес, адам, анын көйгөйлөрү жана муктаждыктары экенин түшүнүшү керек”.

“Элеттик аялдардын экономикалык укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жергиликтүү өнүгүүгө алардын катышуусун күчөтүү үчүн күрөш мени бактылуу кылган көз ирмемдердин бири. Биз Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууларды, коомдук угууларды өткөрүп, Кыргыз Республикасындагы элеттик аялдарды мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыздоо маселелерин талкууладык. Бир кыйла адам жашаган, бирок чакан жер участокторуна ээлик кылган дыйкан (фермердик) чарбаларынын кызыкчылыктарын коргой алдык. Чакан участоктордо дыйканчылыктын тапкан кирешеси жана рентабелдүүлүгү иш жүзүндө нөлгө барабар экенин жана аялдар негизинен майда жер ээлери категориясына кирээрин эске алып, биз байлар менен кедейлердин ортосунда камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө түйшүгүн адилеттүү бөлүштүрүүгө жетише алдык”.

ЖӨБ ОРГАНДАРЫ МЕНЕН ЖАРАНДАРДЫН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИНДЕ ЭМНЕЛЕР ЭҢ МААНИЛҮҮ ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗ?

“ЖӨБ органдары жергиликтүү жамааттар менен тыгыз иштеши керек. Анткени дал ушул жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн үстүнөн иш алып барат. Мындай эки тараптуу кызматташтыктын жоктугу көп учурда түшүнбөстүктөргө, кээ бир учурларда чыр- чатактарга себепчи болот. Биз бардык чечимдерибизди жарандарыбыз менен талкуулап, алардын пикирлерине кулак төшөп, түшүнгөн соң кабыл алышыбыз керек”.

“Биз коомдук угууларды уюштуруп, ар бир жыл үчүн бир артыкчылыктуу маселени аныктоо менен адамдардын көйгөйлөрүн чечишибиз керек. Улуттук байлыкты туура сактоо жана коргоо, муниципалдык менчикти коргоо да адамдар үчүн маанилүү. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө башкарууну уюштуруу аркылуу элдин бийликке болгон ишенимин жогорулатып, чыр-чатактардын алдын алып, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу зарыл”.

“Бир аймакта жашаган элдин биримдиги үчүн, алардын жалпы кызыкчылыктары үчүн жана алардын муктаждыктары менен керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн абдан катуу иш алып барыш керек”.

“ЖӨБ органдары менен жарандардын өз ара мамилесиндеги эң маанилүү нерсе – ЖӨБ органдары жасаган иштердин ачык-айкындуулугу. Себеби, жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөткөн ЖӨБ органдары калктын маанилүү маселелерин чечүү үчүн жооптуу. Элдин терең ишенимине жетүү үчүн жарандарга туура маалыматты өз убагында берүү керек. Муну кээде жасоо абдан оңой. Мисалы, учурда менин айылымда мобилдик “WhatsApp” тайпалары бар, ал жерден жергиликтүү калк айылда болуп жаткан нерселердин бардыгын биле алышат”.

“Эң негизгиси – жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн, алардын бирикмелеринин, башка жеке жана юридикалык жактардын демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо аркылуу жергиликтүү маселелерди чечүүгө жигердүү катышуусун камсыз кылуу”.

“Муниципалитеттин көйгөйлөрүн биргелешип чечүү, аларды жолугушууларда жана чогулуштарда жарандар менен чогуу талкуулоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жарандар менен болгон мамилесинде эң негизгиси болуп саналат”.

“ЖӨБ органдары жарандар менен дайыма байланышта болушу керек, анткени кандай гана иштер аткарылбасын, кандай гана долбоорлор ишке ашпасын, бардыгы жарандарга, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталат эмеспи. “Кеңешип кескен бармак оорубайт” деп коюшат. Биз жакшыны да, жаманды да чогуу көтөрүп, эл менен кеңешип, бирге чечишибиз керек. Эл менен кеңешпей кылган ишиңдин келечеги да, туруктуулугу да болбойт”.

ЖӨБ ОРГАНДАРЫ МЕНЕН МАМЛЕКЕТТИН ӨЗ АРА МАМИЛЕСИНДЕ ЭМНЕЛЕР ЭҢ МААНИЛҮҮ ДЕП ЭСЕПТЕЙСИЗ?

“Эң негизгиси – ЖӨБдүн юридикалык табиятын жана ролун түшүнүү, ЖӨБдүн кызыкчылыктарын эске алуу, саясий өнөктөштүк, саясий диалог, саясий сабаттуулук жана саясий маданият керек”.

“ЖӨБ органдарына көбүрөөк эркиндик берип, мыйзам долбоорлорун талкуулоого ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн тартуу керек”.

“Мамлекеттик бийлик системасындагы мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкарууга чийки кошумча катары мамиле жасап, өз чечимдерин таңуулап тураары өкүндүрөт. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бийликтин алдыңкы сабында, алар күн сайын калк менен тыгыз байланышта турат”.

“Эгерде элет жери өнүксө, бул жалпы өлкөбүздүн өнүгүүсүнө тикелей таасирин тийгизет. Билим берүү менен байланышкан чыгымдарды (мисалы, көмүр менен камсыздоого, электр энергиясына, жылытууга кеткен чыгымдарды) мамлекет каржыласа абдан жакшы болмок. Ошондо бул акчаны каражаттын тартыштыгынан улам жылдан жылга калтырып келе жаткан жергиликтүү маселелерди чечүүгө жумшамакпыз”.

“ЖӨБ чөйрөсү азыркы учурда жетишерлик деңгээлде системага салынган, эл да ЖӨБ эмне экенин жакшыраак түшүнүп калды. “Москва бир күндө курулган эмес”. Ар бир иштин өз маалы болот. Биздин өлкөдө ЖӨБ системасын мындан ары да өнүктүрүп, өркүндөтө бериш керек”.

“Мен мамлекеттик чечимдер сапаттуу болушун каалайт элем. Адам укуктары жана кызыкчылыктары биринчи орунда турушу керек; конкреттүү социалдык топтор менен иштөөнү киргизүү керек, инклюзивдүүлүк жана гендердик тең салмактуулук зарыл”.

“Мамлекет баарын эле ЖӨБ органдарына оодара бергенди токтотушу керек, тескерисинче функцияларды жана ыйгарым укуктарды так ажыратып берүүгө тийиш”.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен мамлекеттин ортосундагы мамиледе эң негизгиси – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн дем берүүчү гранттардын жетишсиз көлөмү. Ал эми ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү менен каржы маселеси чечилбейт. Республикалык бюджетти бекитип жатканда ушул маселелер эске алынса жакшы болмок”.

“Мамлекеттик органдарга өз балдарындай мамиле жасап, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өгөйлөгөн көрүнүш уланууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөө мурдагыдай абройлуу болбой калды, ошондуктан ал жакта азыр 8000ге жакын орун бош турат”.

ЖӨБ ОРГАНДАРЫНАН ЖАНА ЖӨБ СОЮЗУНАН КЕЛЕЧЕКТЕ ЭМНЕЛЕРДИ КҮТӨСҮЗ?

“Келечекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары заман талабына жараша “Санарип аймак” программасын өздөштүргөн кадрлар менен камсыз болуп, айыл чарбасы жана мал чарбасы өнүгүп, чакан бизнес өсүп, жергиликтүү бюджеттер көбөйүп, дотациядан чыга алышат деп күтөм”.

“Келечекте көптөгөн муниципалитеттер дотациядан чыгып, өз алдынча болуп калышат деп үмүттөнөм. Бул үчүн эмне керек? Айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексин өзгөртүү зарыл. Ошондо айыл өкмөттөр өз алдынча болуп, дотациядан чыга алышат, бул болсо өз кезегинде бардык муниципалитеттердин жана жалпысынан өлкөнүн өнүгүшүнө алып келет”.

“Толук өз алдынчалуулук жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өз жоопкерчилиги менен чечүү жөндөмдүүлүгү болот деп күтөм. Жергиликтүү жамааттарга жана алар шайланган ЖӨБ органдарына бул укук Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен кепилденген. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы милдеттенмелерин демейки шартта аткаргыдай болушу керек”.

“Келечекте ЖӨБ органдарын өз ишин кылдат аткара алгандай эркин көргүм келет. Мен ЖӨБ органдары соңку жыйынтыкка умтулуп, элге күчүнүн болушунча кызмат кылат деп күтөм. Ырас, көп учурда биз квалификациялуу кадрлардын тартыштыгынан аксап жатабыз; ЖӨБ органдарынын потенциалы төмөндөп жатат. Дал ушул учурда биз муниципалдык кызматты, жергиликтүү өз алдынча башкарууну кеңири таанытып, жаштарды тартуу үчүн күчтүү кадрдык программаны иштеп чыгышыбыз керек. Келечекте жаш кадрлар биздин өлкөбүздү көтөрө ала турган деңгээлде квалификацияга ээ болуп, бардык мыйзамдар сакталып, коррупция баш-оту менен жок болот деп ишенем”.

“Мен билимдүү жана тажрыйбалуу депутаттардын келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Ар кандай спорттук “кыймылдардан” келген депутаттарды толук даярдыктан өткөрүш керек. Мен айыл өкмөтүнүн башчысына коюлган талаптар заман талабына жооп бере баштайт деп күтөм. Коррупциялык схемалардын жок болушун чыдамсыздык менен күтөм”.

“Бизде ЖӨБ Союзу сыяктуу орган бар экени абдан жакшы. Акыркы жылдары Союз ЖӨБ органдары менен абдан тыгыз иштешүүдө: методикалык жана консультациялык жардам көрсөтүшөт, ченемдик укуктук актылардын чоо-жайын чечмелеп беришет ж.б. Бир сөз менен айтканда, алар ЖӨБ органдары менен бийликтин ортосундагы “көпүрөгө” айланышты”.

“Жергиликтүү бийликтин, ЖӨБ органдарынын аймакты өнүктүрүүгө комплекстүү мамиле жасоого негизделген пландарды (айылдык аймактын, региондун социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын) түзүү жөндөмдүүлүгү, потенциалдарды аныктоо, калк менен өз ара аракеттенүү жана өнүгүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарын аныктоо, аларды ишке ашыруу адамдардын жашоо деңгээлинин жогорулашын камсыздайт”.

“Мен өнүгүүнү күтүп жатам. Биринчи кезекте башчынын кызматына тапталган кадрлар келип, дотацияда турганына карабастан ар бир ЖӨБ органында өзүнүн өнүгүү планы бар болушу керек. Анын үстүнө өлкөдө бул жаатта жакшы мисалдар да аз эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатына таасир эте турган эки негизги фактор бар – айыл өкмөт башчылары жана мэрлер, ошондой эле жаңы мыйзамдар”.

“ЖӨБ органдары жыл сайын айыл тургундарына улам жакшы кызмат көрсөтүп турат деп ойлойм. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жакшырат, аймактын экономикалык бакубаттуулук деңгээли жогорулайт, эл аралык донор уюмдар менен өнөктөштүк күчөйт. Биздин айылдардын тургундары жакшы жана бакубат жашасын деп тилейм”.

“Бүгүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу аянычтуу абалда турат. Эгерде ЖӨБдүн аткаруучу органынын башчысын райондун акими дайындап, кызматынан бошото турган болсо, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жок болот. Бирок бул маселенин бир чети гана.  Экинчиси – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кесипкөйлүк деңгээли төмөн, азыркы талаптарга жооп бербейт. Айрыкча, депутаттар жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн кыймылдаткыч күчү болбостон, бут тосуп турган тоскоолдукка айланып калганы өкүндүрөт. Жалпысынан алганда, мамлекеттик органдар ЖӨБдү шайлоо маалында гана эстебестен, ар дайым туруктуу мамлекеттик саясатты жүргүзөт деп ишенгим келет”.

“КР ЖӨБ Союзунун өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң, себеби бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары өз көйгөйлөрүн өкмөттө, аткаминерлердин бөлмөлөрүндө бетме-бет жеткире алышпайт, түз байланыш жок. Ошондуктан ЖӨБ Союзу ЖӨБдүн жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрүн мамлекетке жеткирүүдө маанилүү ролду ойноп жатат”.

“Мен ЖӨБ, ар бир мекендеш адамдын кадырына жетип, аны сыйлап, баалай баштайт деп күтөм! Эгерде мунун баары бар болсо, анда кесипкөй кадрлар да көбөйөт, ЖӨБ да, мамлекет да өнүгөт”.