Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кландык жана уруучулдук өзүмчүлдүк – жаңы типтеги мамлекетти түзүү жолунда бут тосуулар

2015-07-07 / ЖӨБ кадрлары
Кландык жана уруучулдук  өзүмчүлдүк – жаңы типтеги мамлекетти түзүү  жолунда бут тосуулар

Тынчболот ЖУМАНАЛИЕВ, тарых илимдеринин доктору,профессор, Ж.Баласагын ат. КУУ ИИМОП чыгыш таануу факультетинин деканы

Белгилүү америкалык футуролог Э. ТОФФЛЕР «Бийликтин метаморфозалары» деп аталган китебинде заманбап коомдогу тең салмактуу бийликтин маңызын бир топ терең баяндап берген жана анын ашыкча болушу, же жетишсиздиги эмнеге алып келиши мүмкүн экенин так мүнөздөй алган: «... «ашыкча бийлик» же бийликтин ашкере топтолуусу деген түшүнүк бар – ал коркунучтуу. Тарыхта мунун мисалдары өтө эле көп. Бирок бийликтин топтолуусунун жетишсиздиги да андан кем калбастан коркунучтуу болот. Айталы, дымактуу талаптары менен ондогон топтор коомдо анархияны жана башаламандыкты жаратып, Конституцияга каршы келген усулдар менен бийликке умтулат. Мындай кырдаалда бийликтин ашкере болушу же анын жетишсиздиги өтө оор кесепеттерге алып келет. Өкмөткө тапшырылган бийлик реалдуу (ойдон чыгарылбаган) тышкы коркунучтан коргоону камсыздоо үчүн, ошондой эле минимум ички тартип жана жакшы мамилелер үчүн да жетиштүү болуш керек»Мамлекеттүүлүк улуттук жактан акталган, элдин кызыкчылыгындагы максаттарга кызмат өтө керек. Болбосо, мамлекет улуттун кызыкчылыктарын көздөбөй, коррупцияга жана чыккынчылыкка баш-оту менен малынып калат. Мамлекет коомдун руханий өнүгүүсүнө, өсүп келаткан муундун рухийи адеп-ахлактык тарбиясына көңүл буруш керек. Анткени рухий маданият, рухий баалуулуктар – бул өнүгүүнүн, прогресстин бир бөлүгү.
 
Өз миссиясын ийгиликтүү ишке ашыруу жана мамлекеттин максаттарына жетүү үчүн биздин салттарыбызга, баалуулуктарыбызга, ой жүгүртүүбүзгө жана аң-сезимибизге каршы бир катар популярдуу эмес чараларды жүзөгө ашыруу зарыл. Мисалы, маморгандарда, бийликтин бардык түзүмдөрүндө, мекемелерде ж.б. ротация системасын киргизүү керек; мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө алган, моралдык жана интеллектуалдык аброю бар мамкызматчылар-
ды кесипкөйлүк, компетенттүүлүк принциби боюнча тандап алууну иштеп чыгып, жайылтуу зарыл. Бир топ өлкөлөрдө көп мезгилден бери ротация системасы ийгиликтүү иштеп, жемишин берүүдө. Ал жакта аткаминер анын кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү жана натыйжалуу башкаруусу ага кызматынан жогорулоого мүмкүнчүлүк берип, мындан улам эмгек акысы да көтөрүлөрүн билет. Мындай субъективдүү факторлорсуз мамлекеттүүлүктү бекемдөө, мамлекетти андан ары өнүктүрүү максатында натыйжалуу, сапаттуу башкарууну түзүү мүмкүн эмес.
 
Заманбап кыргыз коомчулугу аягы көрүнбөгөн кайым айтышууларга, жердешчиликке, жаат-жаатка бөлүнүүчүлүккө ууланып турган маал. Муну көчмөндөр узак убакыт бою социалдык ажырым абалында болгону, ички коммуникациянын жоктугу менен түшүндүрсө болот. Тышкы обочолонуу жана тууганчылыкка негизделген ички өзүн өзү уюштуруучулук башка типтеги социалдык топтор менен продуктивдүү байланыш түзүүгө жол берген эмес. Көчмөндөр башка системалар менен өз аракеттеринде мунаса таба алган эмес, макулдаша албай келген, аларга мамлекеттин кызыкчылыгы өңдүү түшүнүктөр беймаалым болчу; адилеттүүлүккө жана социалдык гармонияга жетүү үчүн биригүү,ынтымак, максатка умтулуу жана саясий эрк керектигин дайыма эле баамдай алышкан эмес. Ал эми булар болбосо жаңы цивилизциялык типтеги коомду курууну элестетүү да кыйын.Салттуу коомдун өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен, мамлекет жана анын институттары коомду реформалоо боюнча милдеттемелерди жана жоопкерчиликти өзүнө алганы маанилүү. Эгерде зарыл болсо, элдин биримдигин жана мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу максатында реформаны катаал формада жүргүзүү үчүн тайманбастык зарыл.
 
Өз жарандарына татыктуу жашоого кепилдикти кийин эмес, азыр берүү; алардын коопсуздугун камсыздоо, коомдо, өзгөчө жаштар арасында рухий-адеп-ахлактык мамилелерди ар тараптан бекемдөө керек.Мамлекеттик бийлик баарынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгында өлкөнүн өнүгүүсүндөгү негизги багыттарды аныкташ керек. Бардык жарандардын уюму катары чыгып, коомдун бардык мүчөлөрүнүн атынан гана коомдун бардык мүчөлөрүнө тиешелүү болгон жана ар бири аткарууга милдеттүү чечимдерди кабыл алыш керек. Рыноктун, рынок мамилелеринин цивилизациялуу иштеши, коомдун пауперизацияланышын болтурбоо максатында инновациялык ишмердүүлүктө мамлекеттин катышуусу зарыл жана маанилүү.Башка бир терс жагдайларда капитализм улутка каршы системага айланып кетиши ыктымал. Мына ушул көрүнүшкө Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин Франция, Италия, Жапония, Түштүк Корея өңдүү өлкөлөр жол берген эмес. Алар кабыл алган модернизациялоо боюнча мамлекеттик программа бул өлкөлөрдүн капиталисттик экономикасын кыйроо абалынан алып чыгып, атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга жардам берген.
 
Бүгүнкү күндө эгемен Кыргызстанда инсандан жана башкаруучудан бөлүп каралган мамлекет түшүнүгү коомдо азырынча калыптана элек.Мамлекет жана мамлекеттүүлүк адамдардын аңсезиминде орун ала элек. Мурдагы советтик-партиялык номенклатурада да, учурдагы аппараттык-чиновниктик бюрократияда да мамлекеттик аң-сезим,ой жүгүртүү калыптанган эмес. Аткаминерлерде башкаруучу үчүн эмес, мамлекеттин жана элдик өсүп-өнүгүүсү үчүн Мекенге кызмат өтөп, коргош
керек деген түшүнүк жокко эсе.Советтик типтеги жарым-жартылай ураган саясий жана административдик органдарга демократиялык принциптерди киргизүү аракетине карабастан кыргыздар баары бир мамлекеттик духту өздөштүрө алышкан жок. Мурдагы президенттер өз өлкөсүнө фазенда же байлык топтолгон жай,өз менчиги катары караган. Алар бөлүк-бөлүккө жеңил-желпи ажырата алышкан. Көчмөндөрдүн салтына ылайык, мурдагы президенттер «ээрде отуруп» деле өлкөнү башкарууну уланта беришкен.
 
Кыргызстанда башкаруучу кызмат орундарына аткаминерлерди иштин көзүн таба билген сапаттарына карап эмес, кимдир бирөөнүн колдоосуна, тааныш-билишчиликке, тууганчылык байланыштарына карап, жеке берилгендик принциби боюнча кадрларды тандап алуу жана кызматтарга орноштуруу ишке ашып келди. Трайбализмдин кыртышында протекционизм, уруучулдук, жердешчилик,карьеризм гүлдөп өсүп, маанилүү мамлекеттик деңгээлдеги көйгөйлөр тар үй-бүлөлүк-тууганчыл жана достордун чөйрөсүндө чечилип турган.Эч ким өзүнүн кесипкөй эместиги, коррупция жана уурулук үчүн эч кандай жоопкерчилик албаган саясий система түптөлдү. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик башкарууда аткаминерлердин илээндилиги, демилге көтөрө албастыгы жана кесипкөй эместиги көйгөйлүү маселе бойдон кала берүүдө.Мамлекеттик менчикти өзүнө менчиктеп алган мите курт аткаминерлердин классы пайда болду,жатып ичерлердин жоон тобу өсүп чыкты. Алар коомду ичинен бузуп, адамдарды өндүрүшкө эмес, бөтөндүн эмгегин системалуу түрдө өзүнө ыйгарып алууга багытташкан.
 
Мамлекеттик органдар өзүнүн башкаруучулук функцияларын жетиштүү деңгээлде жакшы аткара албайт, тигил же бул окуялар тууралуу жетиштүү маалыматка ээ эмес, ар бир мамлекеттик структуранын алдына так жана конкреттүү тапшырмалар жана милдеттер коюлбай келет. Башкаруу органдары адатта кырдаалды колго алалбай келишет, кырдаал башкача өңүттө өнүгүп кетсе, алар көзөмөлдү колдон чыгарып жиберишет. Мамлекеттик органдар өзүнүн иш-аракеттеринде көп учурда импровизацияны жетекчиликке алып, иш чачтан көп болуп калган режимде иштешет, жагдайдан көз каранды.Кээде маморгандар аларга өз кызыкчылыктарын таңуулаган, улуттук кызыкчылыктарга доо кетирүү менен мамлекеттик деңгээлде өз кызыкчылыктарын сүрөгөн топтордун жетелендисинде калууда. Өлкөдө өзүнүн ички көйгөйлөрүн өз алдынча чечүүгө жөндөмдүү, атаандаштыкка туруштук бере ала турган кубаттуу мамлекетти каалабаган күчтөр бар.Муну менен бирге мамлекеттүүлүктү күчтөндүрүүгө каршы жүйөлөр «демократияны күчтөндүрүү» жана «авторитаризм менен күрөш» өңдүү демогогиялык ураандарда катылып жатышы ыктымал.
 
Мындай кызыкчылыктар тобунун иш-аракеттерине катаал түрдө бөгөт коюп, мамлекеттин ички иштерине кийлигишүүсүнө жол бербөө зарыл. Мамлекеттин чабалдыгы, аткаминерлердин коррупцияга аралашуусу, бийликтин институционалдык атрофиясы башаламандыкты жана анархияны жаратат, коомдо эртеңки күнгө болгон ишенимди жоготот жана мунун баары мамлекеттин эгемендигин каалабагандардын чырагына май тамызат. Мамлекеттик институттар өзүнүн аткаминерлерине, мамлекеттик ишмерлерге, башкаруу органдарына, бийлик институттарына, алардын өзүнүн иш-милдеттерин, кызматтык ишин ж.б. аткаруусуна карата катаал талаптарды койбой келет. Мамлекеттик бийлик органдар өз милдеттерин жеткиликтүү деңгээлде, же ак ниет аткарбаган учурда мамлекеттик аткаминерлердин өзүм билемдиги жана ээнбаштыгы турган иш. Мамлекеттик мекемелердин жана жеке түзүмдөрдүн иши мамлекет тарабынан катуу жана эч мунасасыз көзөмөлдөнүүгө тийиш. Болбосо аткаминерлерден жана башкаруу органдарынан натыйжалуу жана жемиштүү ишти күтүүгө болбойт.
 
Акыркы он жылдыкта социалдык-саясий жана экономикалык система өзүнчө индивиддин да, жалпы мамлекеттин да жашап кетүү инстинктине негизделген. Иштеп кеткен саясатчылар республиканын өнүгүүсүнүн келечеги тууралуу өзгөчө деле кам көргөн жок. Көп муундар бою топтолуп келген материалдык баалуулуктар таланып-тонолуп, рухий-адеп-ахлактык баалуулуктар тебелендиде калды. Көпчүлүк мамлекеттик аткаминерлер моралдык жактан бузулуп, казынаны уурдоо, мамлекеттин мүлкүн тоноо жолуна түшүп калган. Бара-бара бул нормага айланды. Мамлекетте түзүлүп калган мындай башаламандык жана мыйзамсыздыктан улам алар сот адилеттигинен качып кутулуп, бул болсо мыйзамдуулуктун негиздерин тебелеп, укуктун үстөмдүүлүгүнө шек тийгизди.Кландык жана уруучулдук анахронизмге айланып, жаңы типтеги мамлекетти түзүү жолунда бут тосууда.
 
Эгерде коом жаңыланууга умтулса, анда ал ой-жүгүртүүсүн жана жүрүм турумунун өзгөртүүгө тийиш. Бул өзгөрүүлөр жемиштүү жана натыйжалуу болуш үчүн саясий системанын тиби, коомду жана мамлекеттик башкаруу уюмдарынын мамилеси жана формасы да өзгөрүүгө тийиш. Бизде болсо тескерисинче болуп калды: сяасий системанын жана мамилелердин тиби прогресс жакка өзгөргөнсүдү. Бирок бул жерде саясий реформалар, жумшак айтканда, өтө деле ийгиликтүү болбогонун кыстара кетүү керек. Ал эми коом тескери багытта – эскичил ой жүгүртүү, кландык-уруучулдук аң-сезим, төмөнкү деңгээлдеги саясий маданият жана жоопкерчиликсиз мамиле тарапка багыт алды. Мындан бийлик башына кокустан келип калган, өздөрүнө окшош аткаминерлерди тандап алган ар кандай кара өзгөй саясатчылар колдонуп кетти. Өлкөнү башкарууда өзүнө карата сынчыл баа берүү болбой, көптөгөн бюрократтардын «мурду асманды карап», өздөрүн айыпсыз, алмаштырылгыс сезип алышты.
 
Бүгүнкү мамлекеттик аткаминер дегенде коррупция, паракорчулук, маммүлктү тоноо ойго келет. Бийликке жана коомго коррупция, жакынына тартуу жана кландык-уруучулдук өзүмчүлдүк сиңип калган чакта жаңы типтеги мамлекетти куруу өтө оор...Жарандардын жана коомдун жетилбегендиги саясий маданияттын жана саясий аң-сезимдин да жетиле албастыгын пайда кылат. Бул болсо өз кезегинде жаңы саясий системанын маңызын бузуп, саясий реформанын максатын бурмалайт. Бийлик болсо ага өз керектөөлөрүн канааттандыруу ыкмасы катары мамиле жасагандарды гана бузат. Эгерде адам ага берилген бийликке милдет, жоопкерчилик катары мамиле жасаса, анда бийлик аны буза албайт, аны дайыма инсан, лидер жана башкаруучу катары жетилтип турат. Мамлекеттик аткаминерлерди тарбиялоонун максаты биринчи кезекте өз эмгегине, коом алдындагы кызматтык милдетине жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоодо; коомду кайра түзүү зарылчылыгын, экономиканы реформалоо жана бүткүл саясий системаны кайра куруу зарылчылыгын баамдай алууда камтылган.
 
Мындай тарбия болмоюнча реформалардын жана кайра түзүүлөрдүн натыйжалуулугу жана жемиштүүлүгү тууралуу сөз да болбойт. Ошону менен бирге мамлекеттик аткаминерди жана элди тарбиялоо же өзгөртүү бирдей ишке ашыш керек. Болбосо коомду жана мамлекеттик башкаруу институттарын реформалоодон майнап чыкпайт. Элде жана аткаминерлерде алдыга коюлган максатка жетүү үчүн жамааттык эрк, чечкиндүүлүк керек, алар тандалып алынган өнүгүү жолу туура болгонун, бардык кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга карабастан реформадан четтөө же баш тартуу мүмкүн эместигин баамдай алышы шарт. Коомду жана мамлекетти кайра түзүү үчүн жаңы типтеги инсан керек. Ал практикалык ички туюму, жаратмандык инстинкти бар чыгармачыл адам болуп, өзүнө жоопкерчилик алууга даяр болуш керек.Бул адам салттуу институттарга жана социалдык жалган көз караштарга байланбашы шарт.
 
Дал ушундай чыгармачыл адамдар, лидер-новаторлор коомдун табият берген дараметин натыйжалуу колдонуп, өндүрүштүк жаңы тармактарын, жаңы рынокторду, инфраструктуранын жаңы системасын түзүп, жаңы технологияларды өздөштүрүп, аларды өндүрүштө жайылтат. Муну менен бирге алар өндүрүштөгү, соодадагы, финансыдагы чарбалык формаларды кайра түзүп, жалпы коомду түптамырынан жаңылашат. Чыгармачыл адамдардын, новатор лидерлердин кайра түзүүчү ишмердиги эки жагымдуу шарт түзүлгөн учурда натыйжалуу жана жемиштүү боло алат: биринчиси – эгерде алардын иши тарыхый жагымдуу улуттук кыртышта ишке ашса; экинчиси – ал мамлекеттик колдоого таянса жана тынчтык маанайдагы чарбалык масштабга ээ болсо. Рынок мамилелери калыптанган рынок жаратман-новатордун иши үчүн институционалдык өбөлгөлөр түзүлгөн, ишкерлердин дал ушул тиби басымдуулук кылган жерде гана нормалдуу иштеп кетет.
 
Мындай адамдар жана шарттар болбосо, анда капитализм өзүн «стационардык айлануунун» алкагында гана камсыздай алат, ал эми прогресс болбойт.Жеке бизнестин ишин коомчулуктун кызыкчылыгында конструктивдүү нукка багыттаган катаал институционалдык алкактар болбогон өлкөлөрдө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча мыйзамсыз иштер менен алектенген, ийгиликтүү атаандаштарды жасалма түрдө банкротко учураткан, бюджеттик каражатка кол салып, адалдаштырган,кирешелүү тармактарды рейдерлик жол менен басып алган ж.б. ири бүлүндүргүч новаторлор пайда болушу мүмкүн. Кийин мындай новаторлор бийлик менен коюн-колтук алышып, ири «олигархтарга» айланат. Глобалдык жана регионалдык кризис курчуп баратканы айкын болуп калды.
 
Ал бардык чакан жана ири мамлекеттерге чакырк таштап, буга чейин жашап келген нормаларга жана эрежелерге шек келтирип, эски идеялар бул кризисти жеңүүгө жардам бере албайт. Баш багып калган кризис башка мүнөзгө ээ болот жана кесепеттери биз күткөндөн башкача болуп, стандарттык эмес чечимдер гана аны жеңүүдө жардамчы боло алат. Кризисти басып өтүүдө биздин мамлекеттин даярдык деңгээли төмөн. Себеби мамлекеттик аткаминерлердин, жогорку тепкичтеги жетекчилердин интеллектуалдык деңгээли да төмөн. Мындан улам алар масштабдуу түрдө ой жүгүртүүгө, түзүлгөн кырдаалга анализ жүргүзүүгө, адекваттуу чечкиндүү чараларды көрүүгө, алдыга коюлган максатка жетүүдө жетиштүү саясий эрк көрсөтүүгө жөндөмсүз.Азыркы система эскирип бүттү. Жаңылануу зарыл, болбосо биз обочодо калган мамлекетке айланабыз.