Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДККЖ Долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн грант берет

2015-07-06 / ЖӨБ кадрлары

2015-жылдын июль айында ЖДККЖ Долбоорунун максаттуу муниципалитеттеринин финансы-экономикалык бөлүмдөрүнүн жетекчилери үчүн гранттарды башкаруу боюнча билимди жана практикалык көндүмдөрдү жогорулатуу боюнча окуулар уюштурулду.

Окуу жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптарын канааттандыруу боюнча ЖӨБ органдарынын иш аракеттерин жүзөгө ашыруу жөндөмүн арттыруу максатын көздөдү. ЖДККЖ Долбоорун жергиликтүү деңгээлде аткаруу боюнча менеджери Асылбек ЧЕКИРОВ белгилегендей, пилоттук муниципалитеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн ишти пландаштыруу маселелери, артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде калктын аярлуу катмарларында да аныктап алуу процессин фасилитациялоонун өзгөчөлүктөрү боюнча окуудан өтүштү: «ЖДККЖ Долбоорунун дизайны кызмат көрсөтүүлөр системасын өз алдынча уюштурууда ЖӨБ органдарынын жоопкерчилигин жогорулатууну караштырат.
 
Ал кызмат көрсөтүүлөр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүн, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү, жарандык коомдун өкүлдөрүн окутуу, ошондой эле ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр менен өз ара аракети. Муниципалитеттер жергиликтүү деңгээлде системалык өзгөрүүлөрдү жайылтуу жолу менен өз калкына көрсөткөн кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда ЖДККЖ Долбоору көмөк көрсөтөт». Ысык-Көл жана Жалал- Абад облустарынын 14 муниципалитети кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн гранттарды алышты. «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору (ЖДККЖ Долбоору) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 14 пилоттук муниципалитетинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гранттык макулдашууга кол койду. Макулдашуунун шарттарына ылайык, 263 645 сом өлчөмүндө гранттар ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын дараметин көтөрүү максат коюлган бирдиктүү иш-чараларды колдоого жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Пландарды иштеп чыгууга багытталат.
 
Ал Пландар ар бир пилоттук айылдык аймакта иштелип чыгат. Келечекте кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча Пландарга негизделген табыштамалар катышкан сынактын жыйынтыгы боюнча ЖӨБ органдары ошол Пландарды ишке ашырууга грант алышат.Өз кезегинде ЖӨБ органдары жарандарды артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү талкуулоо жана түзүү процессине тартуу, анын ичинде калктын аярлуу катмарынын пикирин эске алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү үчүн жооптуу болушат.