Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖДККЖ Долбоорунун 14 максаттуу муниципалитети тандалып алынды

2015-07-07 / ЖӨБ кадрлары

2015-жылдын июль айында Швейцария Өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору (ЖДККЖ Долбоору) 14 максаттуу муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бир катар Кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол койду.

 Алар: Ысык-Көл облусунун Липенка, Жети-Өгүз, Бостери, Кумбел, Улахол, Б.Мамбетов жана Ак-Чий айылдык аймактары; Жалал-Абад облусунун Көк-Таш, Ала-Бука, Сакалды, Масы, Ленин, Багыш жана Сумсар айылдык аймактары. Меморандумдун шарттарына ылайык, тараптар ЖДККЖ Долбоору ЖДККЖ Долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча пландарды иштеп чыгуу үчүн грант берет нун жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөр системасын жакшыртууга багытталган бардык талаптарын аткарууга милдеттенет.
 
Мындан тышкары ЖДККЖ Долбоорун ишке ашыруунун баштапкы баскычында максаттуу муниципалитеттер менен ишаракеттердин деталдуу пландары иштелип чыкты жана макулдашылды. ЖӨБ органдарынын жетекчилери кызмат көрсөтүүнүн туруктуу системасын түзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде шарт түзүү үчүн ЖДККЖ Долбоорунун маанисин, өз маалында башталганын жана актуалдуулугун баса белгилешти.