Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтлөрдү жакшыртуу боюнча долбоор мамлекеттик өнөктөштөр менен байланыш түздү

2015-07-09 / ЖӨБ кадрлары

2015-жылдын 29-июлунда Швейцария Өкмөтү каржылаган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору Кыргызстанда муниципалдык деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу жолдорун талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү.

Тегерек стол талкуусу «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоору (ЖДККЖ Долбоору) менен Кыргызстанда жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга кызыкдар тараптар ортосунда туруктуу өнөктөштүктү өнүктүрүү максатын көздөдү. ЖДККЖ Долбоорунун дизайнын, күтүлүп жаткан өнөктөштүктү жана коммуникация форматын талкуулоо боюнча иш-чарага мамлекеттик органдар, бейөкмөт уюмдар, эксперттик жамаат катышты.
 
Тегерек столдун ишине Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рене ХОЛЕНШТАЙН мырза, КР Өкмөт Аппаратынын мамлекеттик башкаруубөлүмүнүн башчысы К. ШАДЫБЕКОВ, КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин (ЖӨБЭММА) директору, ЖӨБ Союзунун аткаруучу директору Д.БАЛТАГУЛОВ жана башкалар катышты. Тегерек столдун ишинин жыйынтыгы боюнча ЖДККЖ Долбоору менен ЖӨБ Союзу, ЖӨБЭММА,КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык боюнча мамлекеттик агенттик ортосунда Кызматташтык тууралуу меморандумдарга кол коюлду. Швейцария Өкмөтү 2015-жылдын июнь айында Жалал-Абад жана Ысык- Көл облустарындагы жергиликтүү бийлик органдарына жардам көрсөтүү үчүн ЖДККЖ Долбоору башталганын расмий жарыялады. Долбоор ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн жана Өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциуму менен ишке ашырылууда.
 
Биринчи фазанын төрт жылдыгында долбоор Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы тандалып алынган айылдык аймактар менен жарандардын талаптарына жооп берчү сапаттуу кызматтарды көрсөтүүгө жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана камсыздоо жаатында тыгыз кызматташтыкта иштешет. Долбоор таштанды чыгаруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк ж.б. өңдүү жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга багытталган. Долбоор жарандарды жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоого, ишке ашырууга жана аларга мониторинг жүргүзүүгө тартат. Ал элет жергесинде жашоо шартты жалпысынан жакшыртуу көмөктөшмөкчү.