Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

КР Каржы министрлигинин өкүлү журналисттерди бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясы менен тааныштырды

2015-07-07 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Темир САРИЕВ 2015-жылдын 21-июлунда Финансы министрлигинин коллегиясында өлкөдөгү бюджеттер аралык мамилелер системасын өзгөртүү зарыл экенин белгилеген.

Ведомство 2016-2019-жылдарга Бюджеттер аралык мамилелерди өнүктүрүү концепциясынын долбоорун иштеп чыгып, аны 2015-жылдын 6-августунда журналисттерге Финансы министрлигинин Жергиликтүү бюджеттерди пландоо жана аларга мониторинг жүргүзүү башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нурлан РАХАНОВ тартуулады. Концепциянын долбоору ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында уюштурулган пресс-сессия түрүндө тааныштырылды.
 
Географиялык жайгашкан жерине жана аймактын өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө карабастан ЖӨБ органдарынын финансы ресурстарынын өсүшү үчүн шарт түзүү максатын көздөгөн документ жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун өнүгүүсүнө дем бермекчи. Орто мөөнөттүү мезгилде төмөнкүдөй тапшырмаларды аткаруу сунушталат: 1) бюджеттер аралык мамилелерде мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын вертикалдык жана горизонталдык өз ара аракетин күчөтүү; 2) ЖӨБ органдарынын киреше дараметин жогорулатуу; 3) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин жардамы менен жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды каржылоонун натыйжалуу механизмин түзүү; 4) ЖӨБ органдары үчүн стимулдарды түзүүгө негизделип, жергиликтүү бийликтерге финансы жардамын берүү шарттарын өркүндөтүү, бир жагынан өз кирешелерин жогорулатуу, экинчи жагынан болсо чыгашаларды оптималдаштыруу; 5) жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу боюнча жаңыланган эрежелерди түзүү.
 
Бул болсо ЖӨБ органдарына өз финансы каражаттарын өз алдынча башкарууга жол бермекчи. Вертикаль боюнча өз ара аракетти күчөтүү мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдары ортосундагы чыгаша милдеттенмелерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүү боюнча ишти жыйынтыктоону караштырат; жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүштүрүүдө жана трансферттик саясатты түзүүдө алардын кызыкчылыктарындагы теңдиктин сакталышын карайт; ЖӨБ органдары, анын ичинде дотациядагылары өнүгүү бюджеттерин түзүүгө кызыкдар боло тургандай шарттарды түзөт. Горизонталдык өз ара аракет муниципалдар аралык кызматташтыкка ЖӨБ органдарын жана мамлекеттик органдарды тартуу дегенди билдирет.
 
Кирешелерди бөлүштүрүүдө «бир салык – бир бюджет» принцибин колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда (киреше салыгынын жана жер казынасы үчүн салыктын (роялти) үлүшүн жергиликтүү бюджеттердин пайдасына 100% чейин көбөйтүү). Жергиликтүү экономиканын өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнө таянган жергиликтүү бюджеттердин киреше дараметин эсептөө бюджеттик жетишсиздикти теңдештирүү үчүн негиз болуп бермекчи. Жергиликтүү бюджеттердин экономикалык жана статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча бирдиктүү маалымат базасын түзүү жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүн түзүүдө ишенимди жана негизделгендигин арттырат. Жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды, ошондой эле патенттердин негизинде салыктарды өз алдынча башкаруу дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүүгө жана аймактык деңгээлде мамлекеттик программаларды, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердеги каражаттын эсебинен жергиликтүү өнүгүү программаларын каржылоону координациялоого карата жаңыча мамилелер жергиликтүү бюджеттин ресурстарын дагы да натыйжалуу колдонууга жол берет.
 
Концепцияда ушул тапта ишке ашырылып жаткан программалардын бюджеттер аралык мамилелер чөйрөсүндөгү сунушталып жаткан реформалар менен байланышы да көрсөтүлгөн. Концепциянын толук тексти «Муниципалитет» журналынын жакынкы сандарынын биринде жарыяланат. Ал эми азыр эле КР Финансы министрлигинин сайтында төм. шилтеме боюнча таба аласыз: http://www.minfin.kg/ ru/novosti/proekty-normativnykh-pravovykh-aktov/minfinkrrazrabotal proekt-kontseptsii-razvitiya-.html

Окшош материалы: