Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук статистика комитети аймактарды өнүктүрүү үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жаатында биргелешип иштешет

2022-09-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук статистика комитети аймактарды өнүктүрүү үчүн маалыматтардын жеткиликтүүлүгү жаатында биргелешип иштешет

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек КУДАЙБЕРГЕНОВ жана “Өнүктүрүү саясат институту” Коомдук бирикмесинин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА жарандык коом уюмдарынын статистикалык маалыматтар жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелеринде кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бул Меморандум зарылдыгына жараша иштелип чыгып, ар бир конкреттүү учурда тараптар тарабынан бекитиле турган конкреттүү долбоорлордун алкагында биргелешкен иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Улуттук статком менен “Өнүктүрүү саясат институту” КБнын ортосундагы өнөктөштүк мамилелер үчүн негиз болот. Биргелешкен иштин багыттары статистикалык маалыматтын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда тараптардын күч-аракеттерин топтоштурууну, потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүүнү, ошондой эле статистикалык маалыматтарды издөөдө, салыштырууда жана талдоодо жарандык коом уюмдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууну камтыйт.

Бул Меморандум Улуттук статкомго Өнүктүрүү саясат институту менен бирдикте окутуу жана маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү жолу менен статистикалык маалыматтар менен иштөөдө жарандык коом уюмдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди жана иш-чараларды ишке ашырууга, ошондой эле статистикалык маалыматка жетүү маселелери боюнча жарандык коом менен кайтарым байланышты камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Меморандумга кол коюп жатканда Бактыбек КУДАЙБЕРГЕНОВ ӨСИ жана УСК буга чейин эле өнөктөш болуп келгенин, муниципалитеттердин статистикасын кошо алганда, аймактардын статистикасын жакшыртуунун үстүнөн биргелешип иш алып барышканын, мындан улам бул мааниде меморандумга кол коюу – эки уюмдун өнөктөштүгүн өнүктүрүүнүн логикалык кийинки кадамы экендигин баса белгиледи. Өз кезегинде, Надежда ДОБРЕЦОВА Улуттук статистика комитети көптөгөн мамлекеттик түзүмдөрдүн арасында өнөктөштөргө карата өзгөрүлгүс конструктивдүү мамилеси менен айырмаланып, сунуштар, кызматташтык үчүн ачык болуп келгенин баса белгиледи. ДОБРЕЦОВА Статком Өнүктүрүү саясат институту үчүн стратегиялык өнөктөш, өзүнүн максаттуу аудиториясынын кызыкчылыктарын коргоо максатында мамлекеттик бийлик органдары менен адекваттуу жана натыйжалуу өнөктөштүк үчүн бардык жарандык коом уюмдары үчүн зарыл болгон маалыматтардын маанилүү булагы бойдон кала берерин кошумчалады.

Окшош материалы: