Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ынтымактуу жашоо” долбоору көптөгөн ЖӨБ органдарын чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана чечүү боюнча иштерди улантууга шыктандырды

2022-09-19 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
“Ынтымактуу жашоо” долбоору көптөгөн ЖӨБ органдарын чыр-чатактуу кырдаалдардын алдын алуу жана чечүү боюнча иштерди улантууга шыктандырды

2022-жылдын 6-июнунан 23-июнуна чейин 25 муниципалитетте “Ынтымактуу жашоо” долбоорун ишке ашыруу процессине мониторинг жүргүзүлдү. Аталган долбоорду Европа Биримдигинин финансылык колдоосу менен, Өнүктүрүү саясат институту жана Улуттук Медиация Борбору (УМБ) менен кызматташтыкта Кыргыз Республикасындагы International Alert уюму ишке ашырып келүүдө.

“2021-жылы Өнүктүрүү саясат институту бардык 25 муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу өткөргөн, анын натыйжасында алар 2021-2022-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алууга, чыр-чатактарды башкарууга жана “Кыргыз жараны” Концепциясын ишке ашырууга багытталган Иш пландарын даярдап чыгышкан. Ошондой эле алар гранттык өтүнмөлөрдү даярдап, көп өтпөй комиссия аларды колдоп, Европа Биримдигинин каржылоосу менен ар бир муниципалитет 1500 еврого техникалык жардам алышкан. Бул каражатка оргтехника, музыкалык жабдуулар, эмеректер, спорттук шаймандар, онлайн-көрсөтүү, видеобайкоо үчүн жабдуулар алынган. Эми муниципалитеттер ошол жабдууларды колдонуп, укук бузуулардын алдын алуу, чыр-чатактарды башкаруу боюнча коомдук иш-чараларды өткөрүп, элди Концепциясы менен тааныштырып жатышат”, - деди Өнүктүрүү саясат институтунун гранттарды башкаруу боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ.

Ар бир муниципалитет гранттык долбоорду ишке ашыруунун алкагында өз аймагында байкалган бир же бир нече чыр-чатактуу кырдаалды чечмей болду. Аларды үч категорияга бириктирсе болот:

  • жаштар жана мектеп окуучулары ортосундагы чыр-чатактар;
  • ресурстарга байланышкан чыр-чатактар;
  • ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы чыр-чатактар.

“Ынтымактуу жашоо” Долбоорунун талаптарына ылайык, грант алуучулар Иш планына киргизилген иш-чаралардын ичинен бери дегенде экөөн аткарышы керек болчу, ал эми кошо каржылоонун суммасы алынган гранттын 10 пайызынан кем болбоого тийиш. Иш жүзүнө келгенде гранттарды алган бардык 25 муниципалитет үмүттү ашыгы менен акташты. Ишке ашырылган 25 гранттык долбоордун жалпы суммасы 6 594 856 сомду түздү, анын ичинен гранттын суммасы 3 599 656 сом болуп, бул жалпы сумманын 55% түздү. Кошо каржылоонун суммасы 2 995 200 сом болуп, бул 45% түздү, алардын ичинен 1 616 400 сом же 25% - жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Эки иш-чаранын ордуна муниципалитеттер 3-4-6 иш-чараны уюштурушкан.

25 гранттык долбоордун 13ү жаштар үчүн маалыматтык борборлорду, өспүрүмдөрдү колдоо борборлорун, чыр-чатактарды алдын алуу борборлорун, коомдук алдын алуу борборлорун түзүүгө, ачууга, ишин жандандырууга багытталган. ЖӨБ органдары имаратты берип, кабинеттер менен камсыздап, ремонт жасап, гранттык каражатка оргтехника жана эмерек сатып алышкан. Бул борборлордун ишмердүүлүгү жөнүндө Жобонун долбоорун ӨСИнин юристтери даярдашкан. Борборлордун базасында чыр-чатак маселелери жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу үчүн аянтчалар түзүлгөн.

“Бул борборлор нейтралдуу аймакта – айыл өкмөтүнүн, мэриянын имаратында же китепканада жайгашкандыгы анын артыкчылыгы болуп калды. Бул жердеги жолугушуулар жана талкуулар милиция бөлүмдөрүнө караганда тынч маанайда өтөт. Антпесе, милициядагы маанай өспүрүмдөргө жана жаштарга терс таасирин тийгизиши мүмкүн”, - деп белгилешти өспүрүмдөр иши боюнча инспекторлор.

Белгилей кетүүчү нерсе, көптөгөн муниципалитеттер планга кирбеген иш-чараларды өткөрүштү, мисалы Бирлик айыл аймагында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда жайгашкан булак бар. Жай мезгилинде суунун тартыштыгынан улам Сох (Өзбекстан) жана Чечме (Кыргызстан) айылдарынын тургундарынын ортосунда талаш-тартыштар жана чыр-чатактар чыгып турат. Бул жылы бул маселени чечүү үчүн эки тараптын жетекчилери айыл аймагынын деңгээлинде жолугушуп, бул маселени талкуулап, эки айылдын тургундарынын күчү менен булактын аймагын биргелешип тазалоону чечишти. Ар бир айыл өзүнүн аймагын тазалап чыккан, андан кийин булактагы суунун көлөмү эки айылга тең бөлүнгөн. Натыйжада, чыр-чатак да чыккан жок.

ӨСИнин башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА “Ынтымактуу жашоо” Долбоорунун жыйынтыктарын мындан ары да көбөйтө берүү мүмкүнчүлүктөрүн көрүп турат: “Ынтымактуу жашоо” Долбооруна катышкан муниципалитеттер чыр-чатактарды башкаруу чөйрөсүндө таасирдүү жыйынтыктарга жете алышты, себеби бул маселенин табияты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жакын жана түшүнүктүү. Ар бир айыл өкмөтү, ар бир мэрия жана ар бир жергиликтүү кеңеш күн сайын бир эле маалда ар кандай топтордун маселелерин жана көйгөйлөрүн чечүүгө аракет кылып, чыр чыгышы ыктымал болгон шарттарда иштейт. Муниципалитеттер дайыма жамааттагы окуялардан кабардар болуп, чыр чыгышы ыктымал жагдайларды талдап, көзөмөлдөп турушу керек, себеби бир дагы муниципалдык жетекчи, кызматчы өзүнө караштуу аймакта чыр-чатак чыгышын каалабайт. Ар кандай долбоорду ишке ашыргандан кийин ЖӨБ органдарынын карамагында кала турган долбоор келечекте туруктуу болуп, ишин улантып кеткени Өнүктүрүү саясат институту үчүн абдан маанилүү. “Ынтымактуу жашоо” Долбоорун алсак, ӨСИ туруктуулук фактыларын, тартылган ЖӨБ органдары чыр-чатактарды башкаруунун туруктуу жана ийгиликтүү аспаптар топтомун алганын көрүүдө. Алардын катарына укук бузуулардын алдын алуу, чыр-чатактарды башкаруу жана “Кыргыз жараны” Концепциясын ишке ашыруу боюнча муниципалдык пландарды; жергиликтүү бюджеттен каржыланган жергиликтүү демилгенин механизмин; биздин Институт ишти уюштуруу боюнча типтүү жобо менен камсыз кылган чыр-чатактарды башкаруу боюнча маалыматтык борборлорду ишенимдүү түрдө киргизсе болот. Пландардын, борборлордун, жергиликтүү демилгелердин жана окутуунун жардамы менен биз ЖӨБ органдарына чыр-чатактарды башкаруу үчүн адамдык, институционалдык жана физикалык ресурстар түрүндө “инфраструктураны” түзүүгө жардам бердик. Ошондой эле муниципалитеттер чыр-чатактын факторлору жана катышуучулары менен иштөөнү уюштуруунун жаңы формаларын киргизе баштаганы же бул ишти улантып кеткени маанилүү. Токмоктун шаардык жаштар форумун өткөрүү боюнча тажрыйбасы, Түптө “Интернетсиз бир күн” демилгеси, Гүлдөр фестивалы, жергиликтүү кеңештердин сессияларын онлайн көрсөтүү өңдүү башка көптөгөн тажрыйбалар өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Ошону менен бирге ӨСИ бул багытта ишти улантуу зарыл деп эсептейт. Мисалы, маалымат борборлорунда акынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруп, бул борборлордун туруктуу бизнес моделин иштеп чыкса болот. Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун бардык программаларына чыр-чатактарды башкаруу принцибин жана чатакты талдоо көндүмдөрүн киргизүү зарыл. Бул үчүн ӨСИ Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) жана башка өнөктөштөр менен кызматташат”.

Окшош материалы: